Орто Азия

Жапаров соодагерлер менен жолугушту

Жапаров соодагерлер менен жолугушту

Кыргызстанда көзөмөл-кассалык машинелерге (ККМ) каршы эки аптадан бери уланып келаткан нааразылык акцияга чыккан соодагерлер менен президент Жапаров жолугушту. Ушул эле күнү Максим Горький атындагы гүлбагында, “Берекет Гранд” соода борборунда жана Нарында ККМге каршы акция өттү.

Мамлекет башчы Бишкектин четиндеги “Дордой” базарынын сатуучулары менен жолугуп, салыктагы реформаларды июль айына чейин токтото туруу тапшырмасын бергенин айтты. Ал чогулган элдин алдында ККМге каршы нааразылык акцияларын уюштурууга кызыкдар топтор барын, алар “революция кылуу ниетин көздөп”, соодагерлерди курал кылып жатканын билдирди.

А бирок, чогулган калк президенттин бул сөзү жалган экенин, алар өкмөттүн салык саясатына каршы өздөрү чыгышканын айтышты. Мындан тышкары, жаңы салык эрежесинде кагазга байланган түйшүктөр да көп. Мисалы, “Мадина” базарынан алган 10 рулон кездемеден кийим тигип, анын ар бирин базага киргизип, сатыкка чыгарганда ар бири үчүн эсеп-фактура жазуу талабы коюлууда. О.э алган товарга дароо салык төлөнөт. А бирок, дүң соодада товардын баары сатылбайт. Арасында “жараксыз” деп кайтарылгандар да болот.

Кыргызстандын бийлиги соңку бир-эки жылдан бери өлкөдө товар саткан ишкерлердин баарын көзөмөл-кассалык машиналарды (ККМ) колдонууга милдеттендирип жатат. Ага кошумча товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук түрү (ЭТТН) жана электрондук эсеп-фактура (ЭЭФ) да киргизилди. Ал эми, 2024-жылдын 1-январынан тарта соода жаатындагы ишкердиктин 12 түрү боюнча патент жоюлганы турат. Жылдык кирешеси 8 млн сомдон ашкан ишкер салыгын төлөшү шарт. Эгерде 30 млн сомго чейин болсо – 0,5%, 50 млн сомго чейин – 1% төлөйт. Негизгиси, ККМди колдонушу, камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөгө жана дагы бир катар милдеттерди аткарууга тийиш. Эгерде жаңы жылга чейин соодагерлер өздөрү кайрылып салык төлөбөсө, 75 миң сомдон айыппул салынат. Башкача айтканда, Кытайдан товар алып келип жаткан соодагер бир доллардан бажы алымдарына кошумча дүң соодагер катары 10% салык төлөмөкчү. Бул болсо табигый түрдө товардын баасы кымбатташына алып келет. Натыйжада, калктын сатып алуу мүмкүнчүлүгү оорлоп барууда.

         Бийлик салыктын жаңы түрү киргизиле элек экендигин айтып актанса да, бир катар жаңы салыктын түрлөрүн киргизүү боюнча мыйзамдар киргизилип, алардын катарында күйүүчү майдын ар бир литринен жол оңдоого акча алып туруу, малга салык салуу, блогерлерге, интернет дүкөндөрүнө, такси кызматтарына салык салуу сунуштары бар. Буга кошумча, мамлекет 8-марттан тарта жол эрежесин бузган айдоочуларга карата айып-пулдардын көлөмүн эселеп көбөйттү. Мындан тышкары, өкмөт “Салыктык эмес кирешелер” тууралуу мыйзамдын негизинде да бир катар төлөмдөрдү жыйнап алып турат.

         Булардан тышкары, көмүскө экономиканын айынан бюджет толбой кемирилип турат. Расмий маалыматтарга таянсак, Кыргызстанда көмүскө экономиканын деңгээли 130 млрд. сомго жетет.  Алардын ишмердүүлүгүн жашыруудан максат, салыктардан кыйгап өтүү. Максатын ишке ашырууда алар бийлик өкүлдөрү менен чөнтөктөш болушат. Натыйжада, коррупционерлер атайын схемалардын негизинде иш алып барышат. Ал эми ири мамлекеттерде көмүскө экономиканын ордун монополисттер ээлешет. Алар ири салык төлөөчү катары бийлик менен келишкен абалда майда компанияларды банкротко учуратышат же майда ишканалар банкрот болууга мажбур болот. Монополисттер болсо, бийлик адамдарынын шайлоо чыгымдарын, эс алууларын камсыздап турушат. Мамлекетке кол астындагы кызматкелердин эсебинен салык төгүп турат. Мына ушундайча, капитализмдеги бюджет элдин эсебинен толтурулат. Бийлик өкүлдөрү болсо болушунча казынадан уурдап калууга, өзүнүн ишкерлик тармагына көбүрөөк бөлүп алууга жандалбас урат. Ал эми бюджетке жеткирбей, көмүскө экономика шылтоосу менен сол чөнтөктөрүн толтурушат.

Мамлекеттин мындай салыккор саясаты эл аралык каржы уюмдарынын көз жаздымында калган жок. Маселен, Дүйнөлүк банк Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга 500 миллион доллар кредит бөлүү чечимин кабыл алды. Жапаровдун айтымында, аталган банк Эл аралык валюта фондунун маалыматына таянып ушундай чечим кабыл алган. Буга чейин Дүйнөлүк банк Камбар-Ат-1 ГЭСинин техникалык-экономикалык негиздемесин актуалдаштырууга 5 миллион доллар бөлүп берүүгө макул болгон. Мындай чечимдин бирден-бир себеби электр энергиясынын кымбатташы жана жыл сайын инфляцияга карап көбөйтүү токтому болуп эсептелет. Демек, өлкөдөгү калктын жонунан кайыш тилген салык системасындагы саясат үстүбүздөгү капитализмдин жана анын колу-бутуна айланган каржы уюмдардын мөмөсү болуп саналат.

         Мунун каршысында Ислам түзүмүндө, мамлекет өз иштерин жүргүзүү үчүн салык салууга муктаж болбойт. Анткени, өз иштерин жүргүзүү үчүн жер жана кыймылсыз мүлк сыяктуу мамлекеттик мүлктөрдөн пайдаланат. Ал эми, калктын жалпы кызыкчылыктарына тиешелүү муктаждыктарга адамдардын бардыгы шерик болгон умумий мүлктөрдөн сарптайт. Маселен, мектептер, университеттер, ооруканалар, жолдор, аэропорттордун курулушу жалпы адамдардын кызыкчылыгы болуп, ага умумий мүлктөн сарпталат. Мисалы, алтын, мунай, газ, темир, уран сыяктуу табигый байлыктарды иштеп чыгаруудан алынган пайдалар ушул тармактарга жумшалат. Мамлекетке качан жумушчуларга маяна берүү, өкмөт мекемелерин куруу сыяктуу өзүнүн иштерине сарптай турган каражат жетишсиз болуп калса, умумий мүлктөн иштетүүсү мүмкүн.

         Мындан тышкары, Ислам байлыктын бир ууч адамдардын колунда чогулуп калышына жол бербейт. Ошол эле учурда жакыр жана муктаж кишилерди салык төлөтүү менен айласын кетирбейт. Балким, кирешеси белгилүү өлчөмгө жеткен гана адамдардан зекет жыйып алат. Зекетти адамдар ибадат катары кубануу менен беришет. Ал эми, зекеттен жыйналган мүлктөр бюджеттеги башка мүлктөргө кошулбастан өзүнчө топтолуп, Алла Таала “Тообо” сүрөсүндө белгилеген сегиз түрдүү адамдарга бөлүп берет. Алла Таала айтат:

“Албетте, садагалар (зекеттер) жалаң мискиндерге, факырларга, садага жыйуучуларга, көңүлдөрү (Исламга) дос кылынуучу кишилерге, моюндарды (кулдарды) азат кылууга, карыздар кишилерге жана Алла жолундагыларга, мусаафырларга берилет” (Тообо: 60).

         Исламда мамлекет сейрек учурда, тагыраагы, Алла Таала мамлекетке жана Үммөткө парз кылган ишти аткаруу үчүн муктаж болгон учурда гана мусулмандар арасындагы бай адамдарга кайрылып, карыз алышы мүмкүн. Кээде мамлекет мусулмандардын байларынан кайсы бир муктаждыкты чечүү үчүн ушул керектүү каражаттын өлчөмүндө гана салык салышы мүмкүн. Мисалы, Расулуллах (с.а.в) Табук казатына керектүү каражат үчүн мусулмандарга кайрылган. Ошондо, Усман (р.а) бул катаал жылдагы кыйынчылыкты жоюу үчүн миң динар берген. Бирок, салык салуу жайиз болушу үчүн, албетте төмөндөгү шарттар табылышы керек:

-Ушундай абалга сарптоо үчүн жетиштүү каражат Байтулмалда жок болушу керек;

-Мына ушундай абалга сарптоо Байтулмалга жана мусулмандарга важиб экендигине бирер шаръий нусус келиши керек;

-Салынган салык ушул абалга жетчүдөй өлчөмдөн ашпастыгы керек;

-Бул салык өздөрүнүн негизги жана камалий муктаждыктарынан ашыкча мүлкү бар болгон жалаң бай кишилерге салынышы керек.

         Демек, Исламдагы мындай салык кошумча нарк салыгы, киреше салыгы, пайда салыгы, акциз салыгы, жер казынасын пайдалануу салыгы, сатуу салыгы сыяктуу туруктуу алынбайт. Дайыма салык топтоо жайиз эмес. Ошондуктан, капиталисттик түзүмдөгү салыкка негизделген экономикалык түзүмдү Исламдагы экономикалык түзүмгө окшотуу чоң ката. Президент, өкмөт башчы жана муфтийибиз баш болуп чакырып жаткан салыктарга Исламда тыюу салынган! Андыктан, мусулмандар мындай салыккорлордун зулумунан кутулуу үчүн бул дүйнө жана акырет ийгилигине жеткире турган Алланын өкүмдөрү менен жашоого шашылуу керек!

Мумтаз Маверанахрий

turkistonkg

Recent Posts

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…

2 days ago

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

4 days ago

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…

4 days ago

Амирлик (экинчи бөлүк)

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…

4 days ago

Асыл хадис менен

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…

4 days ago

Таң караңгылыкты жарып Суданда Англия-Америка колонизаторлук күрөшү болуп жатканын ачыктады

Басма сөз баянаты Таң караңгылыкты жарып Суданда Англия-Америка колонизаторлук күрөшү болуп жатканын ачыктады Британия тарабынан…

5 days ago