Жаңылыктар

Садыр Жапаров БУУнун климат боюнча дүйнөлүк саммитине катышты

Садыр Жапаров БУУнун климат боюнча дүйнөлүк саммитине катышты

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Бириккен Араб Эмираттарынын Дубай шаарында өткөрүлгөн БУУнун климаттын өзгөрүшү боюнча эл аралык саммитине катышты. Саммитте соода-экономикалык, инвестициялык жана энергетикалык тармактардагы кызматташтыкты активдештирүү маселелери талкууланды.

Андан соң Жапаровдун катышуусунда Кыргызстандын Энергетика министрлиги менен “Abu Dhabi Future energy company PJSC- Masdar” жана “Électricité de France” компанияларынын ортосунда үч тараптуу өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюлду. Садыр Жапаров кол коюлган документти канааттануу менен белгилеп, аны ишке ашыруу жакын арада башталаарына ишеним билдирди.

О.э. Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги менен Абу-Даби өнүктүрүү фондунун ортосунда “Абу-Даби Кыргыз Инвестмент” Кыргыз-Эмират биргелешкен холдинг компаниясынын уставына жана уюштуруу документтерине кол коюлду..

Комментарий: Адистердин айтымында, климаттын өзгөрүшү – таза суунун азайышы, биологиялык ар түрдүүлүктүн жоголушу, айыл чарбасында түшүмдүүлүктүн кескин төмөндөшү, ири суу ташкындары жана токойлор өрттөнүп күлгө  айланышы сыяктуу терс акыбеттерге алып барышы мүмкүн. Алардын айтымында, климаттын өзгөрүшү мунай, жаратылыш газы жана көмүр сыяктуу отундун түрлөрүн пайдалануучу химиялык ишканалардан чыгып жаткан уулуу газдар себептүү атмосферанын булганышынан улам пайда болот. Ошондуктан “климат өзгөрүшүнүн” алдын алуу үчүн өткөрүлгөн  саммиттерде мунай, жаратылыш газы жана көмүр сыяктуу отундун түрлөрүн колдонууну кыскартуу маселеси каралат. Себеби, бул түрдөгү отундан пайдалануучу мамлекеттер атмосферага углерод бөлүп газдарын чыгарышат. Эгер бул газдар белгиленген нормадан ашып кетсе, олуттуу коркунуч жүз берет жана дүйнөнүн экологиялык тең салмактуулугу бузулат.

А бирок кызык жери, ушул саммит БУУ тарабынан уюштурулган болсо да, БУУнун өзөгүн түзгөн беш мамлекет анда түзүлгөн келишимдерге кол коюудан качып турушат. Бул мыйзамдарга башка мамлекеттер кол коюшун жана аны аткарышын каалашат. Мисалы, Дубайда уюштурулган жогорудагы саммитке АКШ менен Кытай катышпады. О.э. былтыркы “Париж климат келишимине” Америка, Россия жана Кытай мамлекеттери кол коюудан баш тартышкан. Негизи, Америка, Кытай, Россия жана Европа сыяктуу колонизатор мамлекеттер ири заводдору аркылуу атмосферага эң көп уулуу газдарды чыгарышып, климатка эбегейсиз зыян жеткирип жатышат.

Демек, маселенин маңызына көңүл бурган болсоңуз, БУУ башчылыгында уюштурулган бул саммит – тим эле дүйнөнү жогорудагы айтылган апаат-кырсыктардан сактоо үчүн уюштургандай болуп көрүнгөнү менен – негизи дүйнө калктарын манипуляция кылуу т.а. дүйнө калктарын башкаруу аркылуу аларга таасир өткөрүү жана өз кызыкчылыгы жолунда алардан пайдалануу экендиги белгилүү болот. Себеби, капитализмге негизделген мамлекеттерди жана уюмдарды – ал тургай дүйнө күйүп күл болуп кеткен күндө да – өз пайдасынан башка нерсе кызыктырбайт. Бул маселеге башчылык кылып жаткан БУУнун негизги милдети болсо, өнөржай үчүн зарыл болгон отундун түрлөрүн чектөө аркылуу жергиликтүү бийликтерди ири мамлекеттерге көз каранды кылуу.

Өкүнүчтүүсү, башыбыздагы малай жана көз каранды акимдер дагы деле кулдук психологиядан кутула албай жатышат. Арзыбаган материалдык пайдага ээ болуу, же өз бийлигин сактап калуу үмүтүндө күч ким тарапта болсо ошолордун артынан ээрчип кетишүүдө. Аларды элдин кызыкчылыгы жана келечеги таптакыр кызыктырбайт.

Абдурахман Адилов

turkistonkg

Recent Posts

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…

1 day ago

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…

4 days ago

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

6 days ago

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…

6 days ago

Амирлик (экинчи бөлүк)

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…

6 days ago

Асыл хадис менен

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…

6 days ago