Орто Азия

Кыргызстан ЕАЭБде эң аз айлык алган өлкө

Кыргызстан ЕАЭБде эң аз айлык алган өлкө

Кыргызстандыктар Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө өлкөлөрдүн ичинде эң аз айлык акы алат. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссиянын маалыматында жарыяланды. Ага ылайык, ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн баарында орточо айлык былтыркыга караганда көбөйгөн. Арменияда 113,4%, Кыргызстанда 110,7% жана Беларуста 110,1% өскөн. Буга карабай Кыргызстандагы орточо айлык акы биримдиктеги өлкөлөрдүн ичинен эң аз болуп, 367 АКШ долларын түзөт. Беларуста 638 доллар, Арменияда 676 доллар, Казакстанда 774 доллар, Орусияда 857 доллар.

Буга чейин Министрлер кабинети тогуз айда Кыргызстанда айлык акы былтыркыга салыштырмалуу 25,7% өсүп, орточо маяна 32 миң 78 сомду түзгөнүн билдирген. Ал эми, өлкөдөгү жашоо минимуму 7756 сомду түзгөн. А бирок, калктын айлык акынын жогорулашына болгон кубанычы курсагында калып кетти. Анткени, өлкөдөгү инфляция жана кымбатчылык жогорулаган айлык акыдан ашып барууда. Айрыкча, жашылча жана мөмө жемиштердин баасы эселеп өскөн. Муну менен катар ижара акылары да күн санап өсүп барууда. Бул өз кезегинде айлык менен иштеген жарандардын сатып алуу мүмкүнчүлүгүн чектеп жатат. Булар аздык кылгандай, учурдагы бийлик ар кандай салыктардын түрүн ойлоп таап, калктын жонунан кайыш тилүүдө. Мындан улам, өлкөдөгү ири базарларда соодагерлер өкмөттүн салык саясатына каршы нааразылык акцияларына чыгып жатышат.

        Түпкүлүгүндө, Кыргызстандын мындай абалга кептелишине негизинен колонизатор мамлекеттер тарабынан түзүлгөн эл аралык башкаруу түзүмү себепкер. Алар Кыргызстандын салык сазына батышына жана чет элдик карызга батып калышына кызыктар. Ал эми, өлкө башындагы коррупционер жана элди тоногон саясатчылар алардын кызыкчылыгына толугу менен туура келет. Демек, Кыргызстандын проблемасы айлыктын аздыгы менен эле чектелбейт. Балким, негизги проблема үстүбүздө эл аралык капиталисттик система өкүмдарлык кылып жатканында жана аны ишке ашырып жаткан ачкөз саясатчылардын башкаруусунда!

Мумтаз Маверанахрий

turkistonkg

Recent Posts

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…

2 days ago

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…

6 days ago

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

1 week ago

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…

1 week ago

Амирлик (экинчи бөлүк)

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…

1 week ago

Асыл хадис менен

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…

1 week ago