Ислам мамлекетиндеги саламаттыкты сактоонун тарыхы

1466
0

Халифалык мамлекетинде саламаттыкты сактоо саясаты

Бисмиллахир рохманир рохиим

Ислам мамлекетиндеги саламаттыкты сактоонун тарыхы

  Халифалык мамлекети саламаттыкты сактоо тармагы жетиши мүмкүн болгон эң жогорку деңгээлге жеткен. Бул нерсе Халифалык мамлекети саламаттыкты сактоо тармагын жогорку деңгээлдеги билим, өнүгүү жана өсүү менен камсыздашына жарандардын көңүлүн кадыржам кылды. Бул жерде биз саламаттыкты сактоонун тарыхта мусулман перзенттеринен мурда душмандар тарабынан даңазаланган, өрнөк болгон ажайып көрүнүштөрүнө токтолуп өтөбүз. Тарых китептеринде эң көп айтылганы сабактары, тажрыйбалык илимдери, илимий талкуу жана ачылыштары менен дүйнө жүзүнө белгилүү болгон табиб аалымдар жөнүндөгү сөздөр. Т.а. Ислам мамлекети курган саламаттыкты сактоо борборлору, ооруканалар, “Бейтаптар үйү” да тарых китептеринде көп айтылат. Мындай ооруканалардын айрымдары бүгүнкүгө чейин турат.

   Бирок, Халифалык мамлекетиндеги саламаттыкты сактоонун тарыхындагы эң маанилүү тарабы – ушул саламаттыкты сактоо курулган негиз жана мусулмандар Расулуллах с.а.в.ды ээрчиген багыт. Чындыгында бул нерсе саламаттыкты сактоого мамлекет жоопкер экендигин, саламаттыкты сактоо бүтүндөй калк үчүн акысыз болушун, дары-дармек чыгарууга жана аны менен камсыздоого чакырууну, жисманий жана жамаий саламаттыкты сактоону, ооруларды дабалоону,  калктын саламаттыгын камсыздоо, карантин абалына даяр туруу, саламаттыкты сактоо мекемелери менен камсыздоо, медицина менен алектенүү үчүн нормаларды белгилөө жана кесиптик иштерди көзөмөлдөөнү камтыйт. Булардын бардыгы, Расулуллах с.а.в.дын сөздөрү жана иштери далалат кылган шаръий өкүмдөр негизинде болот. Бул негиз Халифалык мамлекетинде медицинаны, саламаттыкты сактоону өнүктүрүүдө о.э. башкалардан айырмаланып туруучу кылууда аалымдар жана халифалар жүргөн негиз болуп эсептелет.

 Чындыгында, шарият саламаттыкты сактоону мамлекеттин жана түздөн-түз халифанын жоопкерчилиги деп белгиледи. Расулуллах с.а.в. айтат:

الإمام راعٍ ومسئول عن رعيته

“Имам башчы жана ал өз калкынан жоопкер”.

  Саламаттык калктын негизги муктаждыктарынан. Расулуллах с.а.в. айтат:

 مَنْ أَصْبَحَ مِنْكُمْ آمِنًا فِي سِرْبِهِ مُعَافًى فِي جَسَدِهِ عِنْدَهُ قُوتُ يَوْمِهِ فَكَأَنَّمَا حِيزَتْ لَهُ الدُّنْيَا

“Силерден кимде-ким өз үйүндө тынч болсо, денеси соо болсо, күнүмдүк азыгы болсо, ал бүт дүйнөгө ээ болгондой болуптур”.

  Мына ошондуктан Ислам мамлекети саламаттыкты сактоо тармагына – адамдар үстүндөгү имамдын жоопкерчилигиндеги иштердин бири катары – өзгөчө маани берген. Ошондуктан, Расулуллах с.а.в. Хандак казатында жараат алган аскерлерди дарылоо үчүн алачык курууга жана аларга медициналык жардам көрсөтүүгө буйруган. Кийинчерээк болсо, расасы, дини жана жынысына карабастан бардык адамдарга кызмат кылуу үчүн жана алар ден соолугун калыбына келтириши үчүн ооруканалар курулган.  Мисалы,  миладий 1283-жылы Каирде курулган “Мансурий” ооруканасы бир эле убакта миңдеген бейтаптарды кабыл алган. Ар бир бейтапка дем алуу жакшы болушу үчүн экиден дарыгер, өзүнчө керебет, төшөнчү, идиш берилген жана дарылоо акысыз болгон. Муктаж адамдардын жана алыскы аймактарда жашаган кишилердин саламаттыгын сактоо үчун атайын көчмө ооруканалар уюштурулган. Булардын бардыгы, мамлекет ошол кездерде калктын иштерине жана алардын медициналык муктаждыктарына көңүл бургандыгына бир нече мисалдар болуп эсептелет.

Халифалык мамлекети көлөкөсүндө билимге жана медициналык илимдерге ээ болуу эч кандай чектөөсүз  жана  патенттик каттоосуз бардыгынын мүмкүнчүлүгүндө болгон. Бул мүмкүнчүлүк табибдерге жаңылыктарды жаратууга, өнүгүүгө жана саламаттыкты сактоо тармагында жаңы-жаңы ийгиликтерди багындырууга жол ачкан. Медицина факультеттери университеттердеги эң күчтүү сектор болгон. Буга кошумча, медицина факультеттери  ооруканаларда клиникалык изилдөөлөр  жана бейтаптар үчүн даярдык көрүү бөлүмдөрүн да камтыган. Чындыгында, мусулман табибдер медициналык изилдөөлөрдө, мисалы, көз хиррургиясы, кардиологиялык жардам сыяктуу түрдүү тармактарда бүт дүйнөдөн жүздөгөн болбосо да, ондогон жылдар алдыга кеткен. Исламий саламаттыкты сактоо борборлору, медициналык кызмат көрсөтүү комплекстери жана дары-дармек өнөржайы  бүт дүйнөдө эң алдыңкы орунда турган. Чет өлкөлөрдүн акимдери дарылануу үчүн Халифалык мамлекетине келишкен. Арийне, дарылануу үчүн саякат түшүнүгү да алгачкы жолу Халифалык мамлекетинде пайда болгон.

  Чындыгында, мусулмандар мурдагы калктардын байыркы илим-билимдеринен да пайдаланышкан. Өнүгүү жолунда тынымсыз аракет кылышып, аларга пикирий негиздерди кошумчалашты. Мисалы, “Бейтаптар үйү”   заманбап оорукананын негизи болгондон тышкары, түрдүү кызматтарга ээ болгон саламаттыкты сактоонун жана заманбап медициналык таалим борборлорунун амалий үлгүсү да болду. Ал дарылоо борбору о.э. түрдүү оору жана кырсыктардансакайып чыгуучу башбаанек болгон. Карыялардын жана кароочусу жок калган алсыздардын саламаттыгын сактоону камсыздай турган камкордук үйү жана рухий башбаанек эле. “Бейтаптар үйү “ Исламий Халифалык мамлекети өткөн кылымдарда медицина фандарына катуу көңүл бурганын көрсөтүп турат. Себеби, анда ири ооруканалар медициналык мектеп жана медреселерди өз ичине алып, тажрыйбалуу табибдер окуучуларга тажрыйбаларын түздөн-түз бейтаптар үстүндө үйрөтүшкөн. Оорукана студенттерди сынактан өткөрүп, аларга күбөлүктөрдү берген. “Бейтаптар үйү “ өзүнүн мекеме деген сыпаты менен медицинанын жайылышына о.э. ооруларды дарылоого, медициналык билим чөйрөсү кеңейишине жана жайылышына негиз салган.

     Орто кылымдарда Европада “оорунун негизи табигый эмес, ал адамдын дабалоосуна моюн сунбайт” деген фалсафий ишеним өкүмдарлык кылып турган бир кезде, алардын ооруканаларында ооруган денени дарылоого аракет кылуунун ордуна рухту куткарууга аракет кылган рохибдер бийликте турган бир учурда мусулман табибдер Расулуллах с.а.в.дын төмөнкү хадисине ылайык, алардыкынан бүтүндөй башкача жолду карманышты:

يا عباد الله تداووا فإن الله لم يضع داء إلا وضع له شفاء أو دواء إلا داء واحدا

  “Эй Аллахтын пенделери, дабаа издегиле! Себеби, Аллах бирер дартты жараткан болсо, албетте анын шыпаасын да жаратты.” Башка риваятта: “…дабаасын да болгону бир дарттын (дабаасын жаратпады)”,дейт. Я Расулуллах, ал кайсы дарт, – деп сурашты. Расулуллах с.а.в.: Ал карылык, – деп жооп берди ”. Термизий риваяты. Себеби, алар илимий-тажрыйбалык ыкмалар менен бейтаптарды дарылоону максат кылып белгилешкен.

  Ислам саламаттыкты сактоого олуттуу көңүл бурду жана аны ынкылаптык түрдө сыйкырчылыктан илим жана тажрыйба деңгээлине алып чыкты. Бул нерсе медицина илими тездик менен өнүгүшүнө салым кошту. Себеби, саламаттыкты сактоо үчүн эң маанилүү, соо-саламат жана туура негиздерди коюуда Исламий пикир жана өкүмдөрдүн таасири аябай зор. Чындыгында, Расулуллах с.а.в. сөздөрү, иштери аркылуу саламаттыкты сактоо жана медицинанын мыйзам-эрежелерин бекемдеди. Расулуллах с.а.в.дын ден соолукка жана саламаттыкты сактоого үндөгөн ондогон хадистери жана кылган иштери бар.  Бейтап жана жарадарларды дарылоо үчүн эң биринчи борбор жана алгачкы оорукана Ислам мамлекетинде – Набий с.а.в.дын тушунда мечиттин ичинде Руфайда ал-Асламий жетекчилиги алдында ачылды. Белгилүү болгондой, ал “Хандак” казаты учурунда жарадар болгондорду атайын алачык ичинде дарылады. Кийинки халифалар менен валийлер ушул алгачкы үлгүнү “көчмө хиррургиялык ооруканадан” дары-дармек, азык-түлүк, зарыл болгон ичимдиктер, кийим-кече, медайымдар жана дарыканачылар менен камсыздалган көчмө дарыканаларга чейин өнүктүрүштү. Булардын милдеттери чоң шаарлардан жана туруктуу медициналык мекемелерден алыстагы кишилердин муктаждыгын өтөө болду. О.э. алар валийлер жана халифалар үчүн да көчмө медициналык жардамды камсыздашты. 12-кылымдын башында Султан Мухаммад Селжуки өкүмдарлыгы доорунда көчмө оорукана ушунчалык деңгээлге жетти дейсиң, ал оорукананы көчүрүү үчүн кырк төө керек болгон.

  Чындыгында, Ислам адамзат үчүн негизги тажрыйбалык манхажга негиз салган көркөм, медициналык тажрыйбалар топтомун сунуштады. Анын баалуу эмгектери медицинанын  саламаттыкты сактоо жана дабалоо технологияларында көрүндү. Инсаний жана ахлакий чокуларды багындырды. Себеби, Расулуллах с.а.в. айткан:

يا عباد الله تداووا فإن الله لم يضع داء إلا وضع له شفاء أو دواء إلا داء واحدا

  “Эй Аллахтын пенделери, дабаа издегиле! Себеби, Аллах бирер дартты жараткан болсо, албетте анын шыпаасын да жаратты.” Башка риваятта: “…дабаасын да болгону бир дарттын (дабаасын жаратпады)”,дейт. Я Расулуллах, ал кайсы дарт, – деп сурашты. Расулуллах с.а.в.: Ал карылык, – деп жооп берди”. Мусулмандар Расулуллах с.а.в.дын бул сөздөрүн иш жүзүндө колдонушкан. Ошондуктан да алар дүйнөдө биринчи болуп ооруканаларга негиз салышкан жана башкалардан 9 кылымга алдыга кетишкен. Миладий 705-жылдан 715-жылга чейин өкүмдарлык кылган уммавий халифа Валид ибн Абдулмалик доорунда алгачкы исламий ооруканага негиз салынган. Ал оорукана ала оорусуна адистешкен эле. Андан кийин Ислам дүйнөсүндө бир нече ооруканалар курулду. Алардын айрымдарынын атагы дүйнөгө тарады. Ал тургай ал ооруканалар илим жана табабаттын тараза ташына айланып, дүйнөдөгү эң биринчи университет жана окуу жай деп таанылды.  Европадагы биринчи оорукана болсо, андан 9 кылымдан кийин Парижде курулган. Кийинки жылдары Ислам дүйнөсүндө дагы кошумча 24 оорукана курулду жана бул сан жылдан-жылга өсүп барды. Тунистин Кирвон шаарында миладий 9-кылымда алгачкы оорукана курулду. Мекке жана Мединада да ооруканаларга негиз салынды. Перс өлкөлөрүндө да бир нече ооруканалар болуп, алардын бири Рийя шаарында эле. Аны Багдадда окуп келген, ошол шаардын тургуну Мухаммад ибн Закария ар-Розий башкарчу эле. Ооруканалар “Бейтаптар үйү” деп аталчу. Алардын арасында көчмө жана туруктуу ооруканалар бар эле. Туруктуу ооркуналар шаарларда курулган. Ооруканасыз Исламий шаар дээрлик жок болчу. Көчмө оорукана болсо, алыскы айылдарды, чөлдөрдү жана тоо этегиндеги калктуу пункттарды айланып жүрөт эле. Көчмө ооруканалар көптөгөн төөлөр кербени аркылуу көчүп жүрүшөт эле. Ал кербендер дарылоочу жабдыктар жана дары-дармектер менен камсыздалган эле. Ал кербендерде бир нече табибдер жүрүшкөн. Андай кербендер Ислам Үммөтүнүн ар кандай бурчуна жетип барууга кудуреттүү эле.

 Ири шаарлардагы көчпөс ооруканалар өтө жогорку деңгээлге жеткен. Алардын белгилүүлөрү Багдаддагы, хижрий 371, миладий 981-жылы курулган “Уздий” ооруканасы, Дамашктагы хижрий 549, миладий 1154-жылы курулган “Нурий” ооруканасы, Каирдеги хижрий 683, миладий 1284-жылы курулган “Мансурий” ооруканасы болчу. Куртуба шаарынын өзүндө эле 50дөн ашык оорукана болгон. Ушул үлкөн ооруканалар адистиктерге карай бир нече бөлүмдөргө бөлүнгөн. Аларда ички оорулар бөлүмдөрү, хиррургиялык бөлүмдөр, тери оорулары бөлүмдөрү, көз оорулары, дем алуу органдарынын оорулары, сөөк жана сынык о.э. мындан башка бөлүмдөр болгон. Ушул ооруканалар дарылоочу жай болгондон тышкары, эң жогорку деңгээлдеги чыныгы медициналык университеттер болушкан. Адис табиб – устаз – эртелеп бейтаптардын абалын текшерип чыгат эле жана аны менен бирге биринчи медициналык баскычтагы табибдер, биринчи курстун студенттери да болот эле. Устаз аларга таалим берип, өзүнүн пикирлерин түшүндүрөт эле жана дарылоонун түрүн сыпаттайт эле. Студенттер болсо, ага байкоо салып, андан таалим алышат эле. Ошондон кийин устаз чоң бөлмөгө өтөт эле жана анын айланасына студенттер олтурушат эле. Устаз аларга медициналык китептерди окуп берет эле, аларды шархтап, түшүндүрмө берет эле жана алардын суроолоруна жооп берет эле. Ар бир таалим программасынын соңунда устаз студенттерди сынактан өткөрөт эле. Андан соң аларга адистиги боюнча уруксат кагазын берет эле. Адамдардын кызыкчылыгын ойлоп табабатты тартиптештирген жана аны хос түзүмдө пайда кылган биринчи адам халифалыкты хижрий 295-жылы башкарган аббасий халифа Муктадир Биллах Жаъфар ибн ал-Муътазид болуп эсептелет. Ал табабат менен алектенмекчи болгондорду уруксат алуу үчүн сынактан өтүүгө буйруган. Бул ишке ошол кездеги табибдердин башчысы, халифанын табиби Саннан ибн Собитти дайындаган. О.э. халифа аны Багдаддагы “Бейтаптар үйүнө” да мушриф кылган. Исламий ооруканаларда чоң-чоң китепканалар да болгон. Ал китепканаларда медицинага тиешелүү фикх илимдери, табабат илимдери менен бир катарда медицина, фармацевтика, анатомия жана мүчөлөрдүн милдеттери жөнүндөгү китептер да бар эле. Мисалы, Каирдеги Ибн Тулун ооруканасынын китепканасында жүз миңден ашык китеп болгон. Оорукананын айланасында чоң-чоң талаалар болгон. Аларда медицинага пайдалуу өсүмдүктөр, чөптөр жана бак-дарактар өстүрүлгөн. Булардын бардыгы оорукананы зарыл болгон дары-дармектер менен камсыздоо максатында болгон.

  Ал эми жугуштуу оорулардан сактануу үчүн ооруканаларда аткарылган иш-чараларга келсек, алар да өзүнө хос, көркөм көрүнүштө болгон.  Мисалы, бейтап ооруканага келгенде, ал кийип келген кийимдерин тапшырган. Ооруганда кийип жүргөн кийимдери аркылуу жугуштуу оору жайылышынын алдын алуу үчүн ага жаңы кийим акысыз берилген. Кийин ар бир бейтап оорусуна карай атайын бөлмөгө жаткырылган. Жугуштуу оору жайылып кетпесин үчүн башка бөлмөлөргө кирүүгө уруксат берилбеген. Ар бир бейтап жаңы шейшептүү өзүнчө керебетте уктаган жана ар биринин өзүнө таандык жабдыктары болгон.

  Ислам тарыхындагы алдыңкы ооруканалардын айрымдарын атап өтөбүз. Алардын эң чоңдорунун бири “Уздий ооруканасы” болуп, аны Уздуд-давла ибн Бувайха хижрий 371, миладий 981-жылы Багдадда курдурган. Ачылган маалда анда 24 табиб иштеген. Кийинчерээк табибдердин саны көбөйгөн. Анын ири илимий китепканасы, дарыканасы, ашканасы болгон. Ал ооруканада көптөгөн жумушчу жана санитарлар кызмат кылышкан. Табибдер бейтаптар кызматында нөөмөт менен иштешкен. Ал ооруканада 24 саат бою табибдер болушу камсыздалган.

 Ислам доорундагы ири ооруканалардын дагы бири Дамашктагы “Нури” ооруканасы болуп, аны адилеттүү султан Нуриддин Махмуд хижрий 549, миладий 1154-жылы курдурган. Ал ооруканалардын эң чоңу болгон. Ал көптөгөн кылымдар иштеп турган. Ал тургай, хижрий1317, миладий 1899-жылга чейин т.а. дээрлик 800 жыл бейтаптарды кабыл алган.

 Ислам тарыхындагы ири ооруканалардын дагы бири “Мансури ооруканасы” болуп, аны хижрий 683, миладий 1284-жылы Малик ал-Мансур Сайфуддин Калавун Каирде курдурган. Ал тартип жана тазалыкта дүйнө муъжизаларынан болгон.  Ал ушунчалык чоң болгон дейсиң, бир күндө төрт миңден ашуун бейтапды дарылай алган.

  Бул жаатта Марокко ооруканасын да эстен чыгарууга болбойт. Аны хижрий 580, миладий 1184-жылдан – хижрий 595, миладий 1199-жылга чейин өкүмдарлык кылган Мансур Абу Юсуф салдырган. Ал оорукананын имараты тыкандык жана көркөмдүктүн муъжизасы болгон. Ал ооруканада бардык түрдөгү бак-дарактар, өсүмдүктөр болгон. Анын ичинде төрт даана жасалма көлмө болгон. Анын медициналык мүмкүнчүлүктөрү жогору болуп, заманбап дары-дармектерге жана тажрыйбалуу табибдерге бай болгон. Ал чындап эле Ислам хазаратынын башындагы таажы болгон.

  Албетте, Ислам доорундагы ооруканалар булар менен эле чектелип калган эмес. Ислам мамлекетинде көз ооруканасы, ала ооруканасы, рухий оорулар ооруканасы жана башка белгилүү бир түрдөгү ооруларды дарылай турган атайын ооруканалар да болгон.

  Мындан да таң калычтуусу, айрым ири Исламий шаарларда бүтүндөй медициналык кварталдар болгон. Ибн Жабир болжол менен хижрий 580, миладий 1184-жылдагы сапарында Аббасийлер халифалыгынын борбору Багдадда кичинекей шаарчага окшогон бүтүндөй бир кварталды көргөн. Анын ортосунда бир чоң көркөм сарай болгон. Сарайдын айланасын бак-дарактар жана түрдүү үйлөр курчап турган. Булардын бардыгы бейтаптар үчүн вакф кылынган. Ал сарайга фармацевт жана студенттерден тышкары түрдүү адистиктер боюнча табибдер келген. Аларга – мамлекет тарабынан жана үммөттөгү байлар тарабынан жакырларды жана башкаларды дарылоо үчүн вакф кылынган малдардан – айлык акы төлөнгөн.

  “Бейтаптар үйүлөрүнүн” эшиги 24 саат бою ачык болгон. Эркек бейтаптарга эркек табибдер, аял бейтаптарга аял табибдер кызмат көрсөтүшкөн. Көп деле кооптуу болбогон ооруларды дарылоодо тышкы кабыл алуу бөлүмдөрү болуп, алар бейтаптар үчүн үйлөрүндө кабыл ала турган дарыларды жазып бере турган табибдер менен камсыздалган.

  Чындыгында, Батыштын окумуштуулары да буга күбө болушкан. Анын ичинде, Наполеон чабуулунун окумуштууларынын бири Гомер (Gomar) Наполеон Мисирге чабуул кылышынан 6 кылым мурда курулган “Бейтаптар үйлөрүнүн” бирин сүрөттөп, мындай деп жазган:

  “Бейтаптар үйүнө адамдарды ажыратпастан бардыгы – бай да, кедей да кире берет. Ага Чыгыштын бардык тарабынан табибдер чакырылат жана аларга хадялар берилет. “Бейтаптар үйүнүн” суу сактоочу жайы жана түрдүү дары-дармек жана жабдыктар менен жабдылган дарыканалары бар. Ар бир оорулуунун нафакалары динарда берилери айтылат. Ар бир бейтапка эки кызматкер кызмат кылат. Рухий оорулуулар өзүнчө бөлмөлөргө бөлүп коюлат. Жумшак муузыка уктуруу менен алардын кулактары дем алдырылат,  икаяларды окуу менен алардын дили тынчтандырылат. Ден соолугун тикелеп жаткан жана айыгып келе жаткан бейтаптар башка бейтаптардан ажыратып коюлат. Ар бир бейтап “Бейтаптар үйүнөн” чыгып бара жатканда аларга беш алтын динардан берилет. Бул ага дароо оор ишке киришип кетпесин үчүн берилет”.

  Француз чыгыш таануучусу Присс Давенс “Бейтаптар үйүн” сүрөттөп мындай дейт: “ Бейтаптардын бөлмөлөрү буу менен жылыйт, жай мезгилинде болсо, бир бөлмөдөн экинчи бөлмөгө өткөн чоң желпигичтерде муздатылат. Бөлмөлөрдүн алдына хна же анар дарагынын жалбырактары, же болбосо жагымдуу жыт берүүчү дарактардын бутактары төшөп коюлат.”

  Зигрид Хунке айтат: “Негизи, ар бир оорукана бүгүнкү күндөгү жабдыктар, лаборатория, фармацевтика жана дары-дармек кампалары менен арабдардын жөндөмүн эске салуучу эстелик болуп эсептелет. Тазаланган же майдаланган дары уруктарынын ар бири көрүнүп турган бир эстелик болуп эсептелет. Бул бизге араб табибдеринин улуулугун жана алар Батыш өлкөлөрүнө мугалим болгондугун эскертет.”

  Америкалык медициналык тарыхчы жана өзү да ваба боюнча окумуштуу Девид Тшанз “Европа табабатынын арабий тамырлары” макаласында мындай дейт: “Мына бул ооруканалар – “Бейтаптар үйүлөрү” европалыктардыкына окшобойт. Оорулуулар “Бейтаптар үйүн” дарылануу мүмкүн болгон жай деп билишет жана көпчүлүк абалда алар табибдердин колдорунан шыпаа табышат. Табибдер болсо, “Бейтаптар үйүн” ден соолукту калыбына келтирүүгө, ооруларды дарылоого о.э. медициналык билимди жаюуга жана таратууга негизделген мекеме деп билишет. Медициналык медресе жана китепканалар ири ооруканаларга байланган. Анда тажрыйбалуу табибдер студенттерге таалим беришет. Ушул студенттерден лекцияларда алган билимдерин эркектер жана аялдар канатында иш жүзүндө колдонуу күтүлөт. Ооруканалар студенттер үчүн сынак өткөрүшөт жана табибдик менен алектенүүгө уруксат кагазын беришет. Он биринчи кылым келери менен менен көчмө медициналык кабылдамалар пайда болгон. Ал кабылдамалар ооруканалар тарабынан бир топ табибдер менен камсыздалган. Алар өтө алыстагы адамдарга же катуу ооруп, өздөрү ооруканаларга келе албай калган кишилерге медициналык кызмат көрсөтүшкөн. Кыскасы, “Бейтаптар үйү” араб медицинасынын бешиги жана заманбап оорукананын алгачкы үлгүсү болгон. Ооруканалар менен бир катарда дары-дармек мекемелери да исламий өнүгүү көрүнүштөрүнөн болгон. Ислам “Аллах Таала ар кандай дартка дабаа берет,  ушундай болгон соң мусулмандар дарттардын дабаалары жөнүндө издениши о.э. аларды жөндөм жана мээрим менен колдонушу зарыл” деп таалим берет. Биринчилерден болуп Жабир ибн Хиян дары-дармек изилдөөсүнө негиз салган жана ал араб химиясынын атасы деп эсептелет. Араб дары-дармек программасы ошол кезде кеңири камтуучу болгон. Жабир ибн Хиян географиялык жайгашуу жана физикалык касиеттер сыпаттарын да сунуштаган. Ал ооруну дарылоодо пайдалуу деп табылган бардык чараны колдонуп көрүүгө жол ачкан.” Цитататынын аягы.

   “Заманбап оорукананын Исламий тамырлары” макаласынын аягында Девид Тшанз айтат: “Бейтаптар үйү  бүгүнкү заманбап ооруканалардын бешиги жана алардын алгачкы үлгүлөрү. Ал орто кылымдарда Ислам дүйнөсүндө өтө чоң илимий ийгиликтерди багындырды.  Ооруга чалдыккан маалда мына ошол ийгиликтерден да чоңураак мааниге ээ болгон эч кандай илимий мурас жок.”

 Ислам көлөкөсүндөгү саламаттыкты сактоо мына ушундай болгон. Ал адамзатты ден соолукка көңүл буруунун, жисманий жана рухий саламаттыкты сактоонун эң жогорку чокусуна алып чыкты. Учурда капиталисттик түзүмдө адамзаттын башына түшкөн ден соолук көйгөйлөрү канчалык көлөмдүү экендигин көрүп турабыз. Мисалы, бүгүн дүйнөдө депрессияга кабылгандардын саны – Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун отчётуна ылайык – 350 миллиондон ашат. Жыл сайын алардын бир миллиону өз өмүрүнө кол салат. Т.а. күн сайын 3000 киши өзүнүн жанын кыят. Көйгөй мында эле эмес, ооруга чалдыккан жана ден соолугун сактай албай жаткан, же дары-дармек таба албай жаткан адамдардын эсебине сан жетпейт. Ошондуктан, адамзат Исламдын турмушка кайтышына аябай муктаж. Ислам адамзатты бактысыз капитализмден жана анын зулумдарынан куткарат. Ислам адамга иштер Аллахтан таква кылуу жана Анын ыраазылыгын үмүт кылуу менен башкарыла турган түзүм алдында жисманий жана рухий ырахатты кайра кайтарып берет.

Китеп Аллахтын тавфики менен хижрий 1443-жылы, зул-хижжанинг 27-күнү, миладий 2022-жылы, 26-август күнү бүттү.

 سُبْحَانك اللَّهُمَّ وَبِحَمْدِك أَسْتَغْفِرك وَأَتُوب إِلَيْك

Аллахым, Сени алар сыпаттаган сыпаттардан аруулаймын, Сага хамду-сана менен Сенден магфират сураймын жана Сага тообо кыламын. Ахмад жана башкалар риваяты.

سُبۡحَـٰنَ رَبِّكَ رَبِّ ٱلۡعِزَّةِ عَمَّا یَصِفُونَ () وَسَلَـٰمٌ عَلَى ٱلۡمُرۡسَلِینَ () وَٱلۡحَمۡدُ لِلَّهِ رَبِّ ٱلۡعَـٰلَمِینَ ()

Кудурет ээси болгон Роббиң алардын сыпаттоолорунан аруу-таза. (Бардык) пайгамбарларга (Аллах тарабынан) салам болсун! Мактоо-алкыш бардык ааламдардын Раббиси-Аллах үчүн!”. [37:180-182].

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here