Кыргызстандагы сүткор банктардын кирешеси көбөйдү
Кыргызстандагы сүткор банктар ушул жылдын тогуз ай аралыгында 18 миллиард 571,3 миллион сом таза киреше табышты. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.
Маалыматка ылайык, өткөн жылдын бул мезгилинде көрсөткүч 17 миллиард 175 миллион сомду түзгөн. Сентябрдын аягына карата өлкөдө коммерциялык 23 банк ишмердүүлүгүн жүргүзүп жатканы белгилүү болгон. Алардын 320 филиалы бар.
Буга чейин Банктар биримдиги өткөн жылы таза кирешенин көлөмү рекорддук көрсөткүчкө – 23,7 миллиард сомго, тагыраагы, 2021-жылдагыдан беш эсе көбөйгөнүн билдирген. Банктардагы акча которуу акыларынын көбөйүшү жана чет элдик валютаны алмаштырууну каалагандай чектөөлөрү калкта нааразылыкты күчөтүп келет. Банк сектору дал ушул жол менен да пайдасын өстүрүп жатканы айтылууда.
Учурда калктын калың катмары жакырчылык жана жумушсуздуктан жабыр тартып жаткан чакта капиталисттик система жогорудагдай банк секторунун үлкөн пайдага ээ болушуна мүмкүнчүлүк түзүп берүүдө. Анткени, банк ээлери бийликтегилер менен да, ири капиталисттер менен да табакташ болушат. Бул болсо аларга кризистик абалда да кирешелерин көбөйтүүгө шарт жаратат. Кудум пандемия учурунда фарм компания ээлери жаңыдан миллиардерлердин катарына кошулганы сыяктуу. Демек, бүгүнкү күндө көйгөй жакырчылык же азык-түлүктүн жетишсиздигине байланыштуу эмес. Тескерисинче, дүйнө капиталы бир ууч адамдын колунда топтолуп калгандыгында. Анткени, статистика азык-түлүк керектөөдөн эки эсе көп өндүрүлүп жатканын жана дүйнөлүк киреше жыл сайын өсүп жатканын көрсөтүүдө. Ошондуктан, дүйнөгө капиталисттик империализм өкүм жүргүзүп турган чакта биздин өлкөлөр бул көйгөйлөрдөн арыла албайт.
Мунун каршысында, Исламдагы экономикалык саясат бардык жарандардын негизги муктаждыктарын кандыруу жана жогорку керектөөлөрүнө шарт жаратып берүү үстүнө курулат. Ошондой эле, капиталисттик коомдогудай көпчүлүк адамдарды пайдадан куру калтырып, бир ууч адамдар байлыкты топтоп алышына жана сүткордук, монополия, байлыкты казына (канз) кылып басып жатуу сыяктуу иштерге Ислам толугу менен тыюу салат.
Демек, жакырчылыктан жана бүгүнкү зулматтан кутулуунун жападан жалгыз жолу Исламды жашоого алып келүүдө. Мындай түзүмгө мусулмандар эле эмес, адамзат муктаж болууда!
Мумтаз Маверанахрий
Жапаров дин боюнча мыйзамга кол койду Кыргызстан президенти Садыр Жапаров коомдо катуу каршылыкка учураган Дин…
Миллиардерлердин жалпы байлыгы үч эсе тез өстү Дүйнөдө миллиардерлердин жалпы байлыгы 2023-жылкыга салыштырмалуу үч эсе…
Басма сөз баянаты Бербок колониалдык миссиянын кызматында 2025-жылдын 3-январында Германиянын тышкы иштер министри Анналена Бербок…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Дин - жеңилчилик Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…
Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук 32 % өстү Кыргызстанда 2024-жылы 17 316 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталды. Бул…
Газа боюнча келишим: Ким жеңди? Баскынчы жөөт өкмөтү Газадагы согушту токтотуп, туткундарды бошотуу тууралуу ХАМАС…