Орто Азия

Кытай Кыргызстандын көмүрүнө көз артууда

Кытай Кыргызстандын көмүрүнө көз артууда

Кытай менен Кыргызстандын ортосунда көмүр тармагында бир катар кеишимдерди ишке ашыруу боюнча документтерге кол коюлууда. Алардын арасында, “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы менен кытайлык “Жиксиу Ксинке Диншен Коал Вошинг Эквипмент” компаниясынын ортосунда Кара-Кече көмүр кенинин аймагында көмүрдү байытуу заводун биргелешип куруу, кытай компаниялары менен Кыргызстанда үч көмүр кенин бирге иштетүү жана кыргыз-кытай чек арасына чукул жерде логистикалык көмүр борборун түзүү тууралуу макулдашуулар бар. “Кыргыз көмүр” ишканасы казылган көмүрдүн 70% кытайлык инвестор, калганын мамлекет аларын билдирүүдө.

         Кытайлык компаниялар иштеткиси келген көмүр кендери Баткен, Жалал-Абад жана Нарын облусунда жайгашкан. Энергетика министрлигинин маалыматында, “Кыргызкөмүр” ишканасы Тегене, Сүлүктү талаа – 11 көмүр кенин казууга, ал эми “Торугарт” деп аталган кенди биргелешип чалгындоого келишим түзүлгөнү айтылат. Мындан тышкары, Кытайдын дагы бир компаниясы менен “Эркечтам” өткөрмө бекетине ленталык конвейер менен көмүр логистикалык борборун куруу пландалууда.

“Кыргызкөмүр” ишканасынын директорунун орун басары Сүйүнбек Мамашовдун айтымында, “Сүлүктү талаа – 11” кенине 50 млн доллар инвестиция салынып атат. “Торугартты” чалгындоо, ошондой эле көмүр өндүрүү иштерине 26 млн доллар, “Эркечтамдагы” ленталык конвейерине 50 доллардан ашык акча салынат. Ал эми Тегененин биринчи этабына 7 млн доллардан ашуун инвестиция салынат. Алгач Сүлүктү талаа – 11 менен Тегене иштей баштайт. Тегене көмүр кенинде 47 млн тонна таш көмүр бар. Ал эми Сүлүктү талаа – 11 кенинде 114 миллион тонна көмүр бар экени айтылат.

Белгилей кетсек, 2022-жылы Кыргызстан Кытайга 117 миң 290 тонна көмүр экспорттогон. Эгер ленталык конвейер курулса, анда Кытайга көмүр экспорту 100 эсе көбөйүшү күтүлөт. Маалым болгондой, Кытай өндүрүштүк өлкө болгондуктан, чийки сырьего талап күчтүү. Кытай көмүр импортунун дээрлик жарымын Монголиядан ташыйт. А түгүл, бул өлкөдөн уурулук жол менен миллиондогон тонна көмүр ташылып жүргөнү да ачыкка чыккан. Маселен, өткөн жылы монголиялыктар коррупциялык схемадан улам, өлкө бюджетине 17,6 млрд долларга чейин каражат түшпөй калганына нааразы болуп акцияга чыгышкан. Натыйжада, Кытай бийлиги бул ишке аралашкан аткаминерлерди жазалоого мажбур болгон. Ал эми, монгол аткаминерлеринин тизмеси өкмөткө берилген.

Мындан улам, Кыргызстандагы көмүрлөр да коррупциялык жол менен ташылбайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Айрыкча, кыргыз аткаминерлеринин мындай схемаларды түзүүдө “тажрыйбасы” чоң экени талашсыз.

Ал арада Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети Кыргызстандын Кытайдагы элчилигинин 2023-жылдагы иши тууралуу маалыматты жабык угуп жатат. Бул болсо өлкөдөгү маанилүү тармактар Кытайдын колуна тапшырылып жаткандыгы тууралуу шек саноону күчөтөт.

Түпкүлүгүндө, Кытайдын аймактагы таасири артышы мусулмандардын кызыкчылыгына каршы келерин унутпашыбыз керек. Муну эки өлкөнүн ортосундагы соода байланыштардын өсүп жатканы да айгинелеп турат. Маселен, 2021-жылы эки өлкөнүн соода жүгүртүүсү 1,5 млрд доллар болсо, 2022-жылы 4,1 млрд долларга жеткен. 2023-жылдын январь-августунда эки өлкөнүн соодасы 3 млрд 176 млн долларды түзүп, өткөн жылдын сегиз айына салыштырмалуу 33% көбөйгөн.

Андыктан, айрым инфраструктураны жакшырткан долбоорлорго алданбашыбыз зарыл. Анткени, бул долбоорлор Кытайга көз карандылыгыбызды дагы да күчөтөт. Буга кошумча, Кытайдан алынган кредиттер кайра эле өз компанияларына жумшалат. Бишкек ЖЭБин оңдогон, жол курган компаниялар буга ачык мисал. Ал эми, кыргыз өкмөтүнүн Орусия чеңгелинен кутулуу жолунда Кытай тарапка жүздөнүшү бул “жамгырдан качып, добулга тутулуу” сыяктуу иш болуп эсептелет. Бул нерсе мамлекеттин келечеги жана мусулман калктын  ыйман-ишеними үчүн олуттуу коркунуч. Бирок, расмий өкмөт Кытай бере турган грант жана карыздардын акысына кытайларга мамлекеттин эшиктерин кеңири ачып берүүдө. Азыр Чыгыш Түркстандагы мусулман боордошторубуздун башына түшүп жаткан зулумдар көпчүлүк үчүн жомок сыяктуу сезилүүдө. Турмуш чындыгында Кытайдын баскынчылыгы активдүү түрдө кирип келе жатат. Анын Кыргызстандагы “Коопсуз шаар” долбоору же атайын келишим аркылуу орнотуп жаткан камералары эч кандай жол коопсуздугу же жарандар коопсуздугу үчүн киргизилген эмес. Эгер чындап коопсуздугубуз көздөлсө, аны мамлекет өзү да ишке ашыра алмак. Демек, бийлик ээлери бул долбоорлор аркылуу кытайлыктардын биздеги маалыматтарды алып чыгып кетишине жол ачып берүүдө. Бул болсо, учурунда Кытайдын баскынчылык саясатына кызмат кылат. Эгер Кыргызстан Кытайдын атеисттик сакофий колониясына айланса, мусулман уйгурларды арак ичүүгө мажбурлап, аларга рамазанда чочко этин жедирип, Куран окушуна тыюу салган, миллиондогон бейкүнөө мусулманды атайын лагерлерге мыйзамсыз камап, көпчүлүгүн жок кылган жылма саясаты бул аймакта да колдонулбашына эч ким кепилдик бере албайт. Анткени, Кытай Чыгыш Түркстандагы репрессиясын баштоонун алдында ондогон жылдар бою аймакта сакофий таасирин жаюу менен убара болгон. Себеби, калктын пикири өтө күчтүү курал болуп эсептелет. Эгерде ал бийликтин пикири менен бириксе, улуу жана кудуреттүү курал жана калканга айланат. Андыктан, биз мусулмандар буга окшогон үммөттүн кызыкчылыгына каршы келген келишимдерге жана динсиз Кытайдын аймактагы баскынчылык саясатына каршы турушубуз шарт!

Мумтаз Маверанахрий

turkistonkg

Recent Posts

Жапаров дин боюнча мыйзамга кол койду

Жапаров дин боюнча мыйзамга кол койду Кыргызстан президенти Садыр Жапаров коомдо катуу каршылыкка учураган Дин…

12 hours ago

Миллиардерлердин жалпы байлыгы үч эсе тез өстү

Миллиардерлердин жалпы байлыгы үч эсе тез өстү Дүйнөдө миллиардерлердин жалпы байлыгы 2023-жылкыга салыштырмалуу үч эсе…

1 day ago

Бербок колониалдык миссиянын кызматында

Басма сөз баянаты Бербок колониалдык миссиянын кызматында 2025-жылдын 3-январында Германиянын тышкы иштер министри Анналена Бербок…

2 days ago

Дин – жеңилчилик

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Дин - жеңилчилик Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…

3 days ago

Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук 32 % өстү

Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук 32 % өстү Кыргызстанда 2024-жылы 17 316 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталды. Бул…

4 days ago

Газа боюнча келишим: Ким жеңди?

Газа боюнча келишим: Ким жеңди? Баскынчы жөөт өкмөтү Газадагы согушту токтотуп, туткундарды бошотуу тууралуу ХАМАС…

4 days ago