Халифалык мамлекетинде саламаттыкты сактоо саясаты
Бисмиллахир рохманир рохиим
Табигый кырсыктар жана өзгөчө кырдаалдар
Табигый кырсыктар жана өзгөчө кырдаалдарды идара кылуу
Өзгөчө кырдаалдар качан жүз бериши белгисиз болгондуктан алар ар дайым даярдыкта болууну талап кылат. Өзгөчө окуялар жүз берген учурда жана алардан кийин ыкчам чараларды көрүү адамдын өмүрүн сактап калууда өтө маанилүү. Буга албетте кеңири масштабдуу пландар негизинде жетишилет. Табигый кырсыктар айрым аймактарда жер титирөө, жер көчкү, кар көчкү, суу ташкындары түрүндө болсо, буларга өрт, ядролук жарылуулар, согуштар, глобалдык жылуулук сыяктуу адамзат себеп болгон кырсыктар да кошулат. Кабыл алынышы зарыл болгон иш-чаралар аймактык жактан ар түрдүү болот жана бул чараларды тынымсыз жаңылап туруу зарыл болот.
Кырсык түшүнүгү
Табигый кырсыктарга “зыян жеткирүү аркылуу коомго таасирин тийгизе турган, адамдын табигый турмушун изден чыгарууга, материалдык, экономикалык жана ижтимаий жоготууларга себеп боло турган, келип чыгышы табигый, техникалык же адамдар себеп болгон окуялар” деген аныктама берилет. Ошондуктан, бул нерсе мамлекеттик органдардан бир катар иштерди талап кылат. Ушул окуялар арасынан “табигый коркунучтар” деп аталуучу жер титирөө, суу ташкыны, вулкан атылышы сыяктуу табигый түрдө жүз бере турган, адамдардын өмүрүнө жана мал-муүлкүнө зыян жеткире тургандары “кырсык” деп аталат. Кырсыктын чоңдугу, адатта, кырсыктын натыйжасында адамдардын жоголушу, жараат алышы, материалдык зыяндар о.э. ушул окуядан келип чыккан ижтимаий-экономикалык зыяндар менен өлчөнөт. А бирок, адамдын өмүрү маанилүү экендигин эсепке алып, кырсыктын көлөмүн анын натыйжасында каза болгондор жана жараат алгандардын көлөмү менен баалоо адаты да бар.
Табигый кырсык аймактары – бул кырсыктын терс натыйжаларынан олуттуу зыян тарткан жана табигый түрдө мамлекеттин шашылыш жардамына муктаж болгон аймактар. Кырсык аймагы деп жарыялоо зарыл эмес.
Алгачкы жардам – бул оору жана эпидемияларды азайтуу жана жабырлануучуларды куткаруу, алгачкы медициналык жардамды крстдн, табигый кырсык зоналарында жабыр тарткан үй-бүлөлөр үчүн убактылуу баш калкалоочу борборлорду, азык-түлүк, кийим-кече, жылытуу жана жарык берүү сыяктуу материалдык жардамдарды жеткирүү.
Бухарий Абдуллах ибн Умардан риваят кылат. Расулуллах саллоллоху алайхи ва саллам айтат:
الإمام راع ومسئول عن رعيته
“Имам башчы жана ал өз калкынан жоопкер”.
Хаким “ал-Мустадрак”та риваят кылган хадисте Расулуллах саллоллоху алайхи ва саллам айтат:
لا ضرر ولا ضرار
“Зыян жеткирүү да, зыян көрүү да жок”.
Мына ушул хадиске ылайык, мындай табигый жана аскерий кырсыктардан келип чыга турган зыянды жоюу халифанын милдеттеринен.
Бухарий өз “Сахих”инде Расулуллах саллоллоху алайхи ва салламдан риваят кылат:
الْمُسْلِمُ أَخُو الْمُسْلِمِ لَا يَظْلِمُهُ وَلَا يُسْلِمُهُ وَمَنْ كَانَ فِي حَاجَةِ أَخِيهِ كَانَ اللَّهُ فِي حَاجَتِهِ وَمَنْ فَرَّجَ عَنْ مُسْلِمٍ كُرْبَةً فَرَّجَ اللَّهُ عَنْهُ كُرْبَةً مِنْ كُرُبَاتِ يَوْمِ الْقِيَامَةِ وَمَنْ سَتَرَ مُسْلِمًا سَتَرَهُ اللَّهُ يَوْمَ الْقِيَامَةِ
“Мусулман мусулмандын боордошу. Ага зулум кылбайт, аны жардамсыз таштап койбойт. Ким боордошунун кажетин чыгаруу жолунда болсо, Аллах анын кажетин чыгаруу жолунда болот. Ким бир мусулмандын оорун жеңил кылса, Аллах анын кыяматтагы кыйынчылыктарынын бирин жеңил кылат. Ким бир мусулмандын айыбын жашырса, кыямат күнүндө анын айыбын Аллахтын Өзү жашырат.”
Жогорудагы хадистерге ылайык, Ислам мамлекети мындай кырсыктарга каршы этият чараларын көрүүгө жоопкер. Ал мындай кырсыктар жүз берген учурда аларга каршы күрөшүү үчүн алдын ала даярдык көрүүдөн о.э. кырсыктардан кийин зыян тарткан аймактарды калыбына келтирүү жана турак жай имараттарын куруудан жоопкер.
Каршы күрөшүү зарыл болгон эң ири кырсыктар төмөнкүлөр:
Ири кырсыктарга жер титирөөлөр, цунамилер, суу ташкындары, бороондор, жер жана тоо көчулөрү кирет. Мындай кырсыктардын көлөмү чоң болуп, алар кургактыктан, суудан жана абадан келиши мүмкүн. Булардан башка климаттык кырсыктар, кооптуу ваба оорулары, абанын температурасы көтөрүлүп кетиши, ядролук жана химиялык авариялар жана согуштар мына ушул кырсыктардын катарына кирет.
Заманбап илим-фан жетишкен жогорку интеллектуалдык жана техникалык деңгээлге карабастан, илим-фан дагы деле табигый кырсыктарды келтирип чыгара турган жер титирөө, кургакчылык, вулкан жана бороондор сыяктуу табигый кырсыктарга таасир көрсөтүү үчүн зарыл болгон илимге, аларды алдын ала билүүгө жете албай келет. Адамзат кылышы мүмкүн болгон нерсе ушунчалык чектүү.
Кырсыктар Ислам мамлекетинин ар башка аймактарында ар түрдүү болот. Мисалы, айрым аймактар суу ташкындары жана бороондордон зыян таркан бир учурда, дагы башка аймактарда жер титирөөлөр болушу мүмкүн. Мына ушул абалдарды эсепке алган абалда Ислам мамлекети ар бир вилаятта атайын адистер тобун дайындайт. Алар табигый кырсыктар жана өзгөчө кырдаалдарды башкаруу боюнча борбордук идарага моюн сунушат. Идара болсо, түздөн-түз халифага байланат. Алардын милдети вилаяттагы табигый жана аскерий кырсыктарга каршы күрөшүүгө даяр туруу болот жана алардын кыла турган иши төмөнкү баскычтарда болот:
Биринчи: Кырсыктарга чейинки башкаруу:
1- Өзгөчө кырдаалдар жана алардын акыбеттерин азайтууга каратылган иш чараларды сунуштоо: Ушул лажналар коркунуч күчөшүнүн жана алардын кырсыкка айланып кетишинин алдын алдын алууга, алар жүз берген учурда кырсыктардын таасирин жумшартууга аракет кылат. Ал үчүн суу ташкындарынын алдын алуу максатында тосмолорду куруу, турак жайларды суу ташкыны келиши мүмкүн болгон жайлардан жогору жактарга куруу, бороондорго жана бомбалоого дуушар болгон жерлерде жер төлөлөрдү куруу иштери менен алектенишет. О.э. халифа кабыл ала турган жана калкты ага моюн сунууга мажбурлай турган айрым мыйзамдарды аткарышат. Мисалы, жер титирөөлөр жүз бергенде жабуу үчүн газ жана мунай түтүктөрүнө коопсуздук клапандарын орнотуу, айрым жерлерди суу ташкындарына жана вулкандын агымына каршы күрөшүү үчүн тосмолор катары пайдалануу, калк үчүн кырсык жүз берген абалда коопсуздук чараларынан туура пайдалануу программаларын иштеп чыгуу ушулар түркүмүнөн. Ушул (курамдык жана курамдык эмес) иш чаралар кырсыктардан сактануу деп эсептелет жана алар кырсыктарды алдын алуу же алардын таасирин азайтуу үчүн эң натыйжалуу каражаттар болуп эсептелет. Сакафий таалим программаларын аткаруу зарыл болгондой эле, аймакка жана ага байланыштуу кырсык түрүнө карай коомдун ар бир катмарын аны жоюу жана андан мүмкүн болушунча азыраак зыян менен кутулуу үчүн зарыл маалыматтар менен камсыздоо о.э. коомдо зыяндан сактануу сакафатын жаратуу керек.
2 – Табигый кырсыктар боюнча иш пландарын иштеп чыгуу: Табигый кырсыктарга каршы күрөшүү комитеттери кырсыктарга каршы туруу үчүн алдын ала пландарды иштеп чыгат. Жардамчы күчтөрдү, анын ичинде, атайын күчтөр, полиция күчтөрү жана армияны кырсыктын таасирлерине каршы күрөшүү үчүн окутуу жана даярдоо ушул пландар катарына кирет. Башаламандыктардын алдын алуу үчүн жеңил жана жөнөкөй байланыш каражаттарын, жардамчы топтор үчүн жалпы сүйлөшүү каражаттарын иштеп чыгуу о.э. алдын ала эскертүү усулдарын, алдын ала эвакуация пландарын жана альтернативдик баш баанектерди куруу да жогорудагы пландар катарына кирет. Дагы бул пландар түркүмүнө жадыр тарткандарды азык-түлүк, башбаанек жана керектүү буюмдар менен камсыздоо о.э. адатта кырсык учурунда жетишпей кала турган куткаруучу күчтөргө жардам берүү үчүн элди окутуу программаларын түзүү да кирет. Ушул пландар табигый же аскерий кырсыктар жүз берген абалда аларды жоюу үчүн даярдалат.
Экинчи: Кырсыктар менен күрөшүү:
Табигый кырсыктар жүз бергенде аларга каршы күрөшүү үчүн ушул лажналар биринчи жардам күчтөрүн жана жихаздарын жабыр тарткан аймактарга багыттоо жана ташуу иштерин аткарат. Андан соң негизги жардамчы күчтөрдү колдоп-кубаттоодо, аларды экинчи даражалуу жардамчы күчтөр жана ыктыярчы куткаруучулар менен камсыздоону улантат. Кырсык табигый же аскерий болуп, бирок, согуш бүткөн болсо, мамлекетке чет өлкөдөн чабуул коркунучу болбосо, милиция жана аскер күчтөрү мына ушул лажналардын ыктыярында болот. Ал эми кырсык аскерий болсо жана согуш уланып жаткан болсо, армия күчтөрүнүн биринчи милдети табигый кырсыкты жоюуга жардам берүү эмес, душмандын мизин кайтарууга каратылат. Жардам иштери менен болсо, башка органдар алектенет.
Ушул лажналар издөө жана куткаруу боюнча алгачкы иш аракеттер учурунда, мисалы, бороон өткөндөн кийин же вулкан атылгандан кийин калкты коопсуз жайларга көчүрүү, жабыр тарткан аймактарды азык-түлүк, кийим-кече, башбаанек жана күйүүчү май сыяктуу негизги гуманитардык муктаждыктар менен камсыздоого көңүл бурушу маанилүү. Ошондуктан жардам менен камсыздоо жана калкты эвакуциялоо планы, кырсыктын табиятына жана калктын зыян тарткан аймактарда калышынын коркунучу канчалык экендигине карай белгиленет. Шашылыш жардам операциялары – транпорт, байланыш жана маалымат каналдарын калыбына келтирүүнү, бардык түрдөгү коопсуздук чараларын көрүүнү, айлана-чөйрө саламаттыгына тиешелүү чараларды көрүүнү, зыянды баалоо боюнча изилдөөлөрдү баштоону, өрт, жарылуу, жугуштуу оорулар жайылышы жана ушул сыяктуу экинчи даражадагы жана кошумча кырсыктардын алдын алуу иштерин да камтыйт. (Уландысы бар).
Жапаров дин боюнча мыйзамга кол койду Кыргызстан президенти Садыр Жапаров коомдо катуу каршылыкка учураган Дин…
Миллиардерлердин жалпы байлыгы үч эсе тез өстү Дүйнөдө миллиардерлердин жалпы байлыгы 2023-жылкыга салыштырмалуу үч эсе…
Басма сөз баянаты Бербок колониалдык миссиянын кызматында 2025-жылдын 3-январында Германиянын тышкы иштер министри Анналена Бербок…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Дин - жеңилчилик Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…
Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук 32 % өстү Кыргызстанда 2024-жылы 17 316 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталды. Бул…
Газа боюнча келишим: Ким жеңди? Баскынчы жөөт өкмөтү Газадагы согушту токтотуп, туткундарды бошотуу тууралуу ХАМАС…