Макала

Ислам мамлекетинде саламаттыкты сактоонун бардык тармактарына тиешелүү болгон норма жана шаръий өкүмдөрдү белгилөө үчүн адистик комитеттери

Халифалык мамлекетинде саламаттыкты сактоо саясаты

Бисмиллахир рохманир рохиим

Ислам мамлекетинде саламаттыкты сактоонун бардык тармактарына тиешелүү болгон норма жана шаръий өкүмдөрдү белгилөө үчүн адистик комитеттери

   Биология, адам эмбриологиясы жана гендери, ситология, медициналык биология, генетикалык инженерия жана клондоштуруу тармагындагы көлөмдүү илимий иштер акылдарды таң калтыра турган деңгээлде өнүктү. Окумуштуулар жетишкен бул утуштар, болгону Аллах Таала өз махлуктарына койгон айрым мыйзамдар, түзүмдөр жана касиеттердин кадимки ачылышы гана. Илим өнүккөн сайын Холиктин улуулугуна, Анын кудуретине жана жетик хикматына болгон ишара айкындашып бара берет. Аллах Таала айтат:

  • سَنُرِیهِمۡ ءَایَـٰتِنَا فِی ٱلۡـَٔافَاقِ وَفِیۤ أَنفُسِهِمۡ حَتَّىٰ یَتَبَیَّنَ لَهُمۡ أَنَّهُ ٱلۡحَقُّۗ

  “Биз аларга тегеректин төрт бурчундагы жана өз тулку-бойлорундагы аян-белгилерди көрсөтө беребиз... ”.[41:53]

  Илим дүйнөлүк болуп, ал белгилүү бир дүйнөкарашка хостолбойт. Бүгүнкү күндөгү окумуштуулар жетишкен утуш жана ачылыштар илимий тажрыйбалардын натыйжалары болсо да, бирок, бул илимий тажрыйбалардан пайдалануу жана аларды колдонуу жашоодогу дүйнөкарашка негизделет. Ушул негизде профилактика, дарылоо,медициналык таалим жана ушуга тиешелүү жаңы пайда болуп жаткан иштерде мына ушул илимий утуштар, нормалар жана көрсөтмөлөр менен иш кылыш керек. Ошондуктан, болгон күч-кубат менен шаръий насстарды үйрөнүп чыгуу, андан соң, кайсыны алуу жаиз да, кайсыны алуу арам экендигин билүү үчүн ушул темага тиешелүү шаръий өкүмдү истинбат кылыш керек. Буга жетүү үчүн Халифалык мамлекетиндеги Саламаттыкты Сактоо башкармалыгы факихтер, медициналык адистер, фармацевттер, саламаттыкты сактоо боюнча адистер, медайымдар жана башка жардамчы медициналык кесиптер о.э. ушуга тиешелүү кишилерден турган бир нече комитеттерди түзөт. Ал комитеттер төмөнкү негиздерди, нормаларды, саламаттыкты сактоо жана медициналык көрсөтмөлөрдү о.э. саламаттыкты сактоого тиешелүү шаръий өкүмдөрдү коюу иши менен алектенишет:

1-Айлана-чөйрө саламаттыгы, суу, азык-түлүк, аба үчүн ден соолук нормалары, эмгек саламаттыгы, санитария жана таштандыларды кайрадан иштетүү, бактарды жана токойлорду сактоо, айбандардын саламаттыгы, айыл-чарба зыянкечтерине каршы күрөшүү.

2-Мамлекеттин башка органдары менен кызматташкан абалда өзгөчө кырдаалдар жана кризистерди башкарууга тиешелүү нормаларды жана көрсөтмөлөрдү белгилөө. Ваба жана жугуштуу ооруларды башкарууга тиешелүү көрсөтмөлөрдү берүү.

3-Эне жана баланы коргоо борборлору, тиштердин саламаттыгы, мектеп медайымы, эмдөө жана сканердик текшерүү борборлору сыяктуу индивидуалдык профилактикалык саламаттыкка тиешелүү көрсөтмөлөр.

4- Коркунуч факторлору, дарылоо усулдары о.э. таасирлерди азайтуу жана дарылоодон кийинки реабилитация көз карашынан, жугуштуу болбогон, өнөкөт жана сейрек кездеше турган ооруларды дарылоо стандарттарын жана көрсөтмөлөрдү белгилөө. Бул нерсе жаңы пайда болгон илимий далилдерге жана медициналык тажрыйбалардын күчтүү далилдерине ылайык белгиленет. Бул көрсөтмөлөр рак, жүрөк-кан тамыр оорулары, кант диабети, инсульт жана ушул сыяктуу себеби белгисиз болгон, жисманий жана рухий саламаттыкты буза турган өнөкөт оорулар үчүн берилет.

5- Саламаттыкты сактоо таалиминдеги негиздерди о.э. эң акыркы, ишенимдүү медициналык маалыматтарга ылайык, коомдун бардык топторун саламаттыкты сактоо боюнча кабардар кылууда жалпыга маалымдоо каражаттарынын ролун белгилөө. Ишенимдүү медициналык маалыматтар – профилактика, дарылоо жана ден соолукту калыбына келтирүүдө катышуу аркылуу бейтаптын ролун активдештирүүдө өтө зор мааниге ээ. Буга кошумча, Халифалык мамлекетиндеги саламаттыкты сактоо кызматтарына да ушундай жалпы аныктама берилет.

6- Таалим программаларын жана медициналык таалим стандарттарын – дарыгерлер үчүн жана жардамчы медициналык кесип ээлери үчүн эң жаңы медициналык таалим негиздерине о.э. дарыгерлерге уруксат кагаздарын берүү үчүн аларды медициналык сынактардан өткөрүү негизине ылайык келген көрүнүштө орнотуу. Ислам мамлекетинен тышкарыда билим алгандардын макамын белгилөө жана үзгүлтүксүз медициналык таалим программаларын түзүү о.э. эң заманбап услуб жана васиталар аркылуу студенттердин билимин күчөтүү.

7-Халифалык мамлекетинде саламаттыкты сактоо кызматтарын өнүктүрүү жана медициналык илимий жеңилдик үчүн көрсөтмөлөрдү жана нормаларды белгилөө. Бул иш дары-дармектерди жана оорулар үчүн диагноз коюучу каражаттарды пайда кылууда илимий талкууларды өнүктүрүү жана үзгүлтүксүз изденүүлөр натыйжасында ишке ашат. Талкуу жана изденүүлөрдү жүргүзүп жаткан адамдарга сыйлыктарды берүү, аларды шыктандыруу аркылуу ишке ашат.

8-Дүйнөдө күн сайын пайда болуп жаткан илимий, медициналык утуштарга жана жаңылыктарга тиешелүү болгон шаръий өкүмдөрдү жана нормаларды белгилөө. Бул иштер мурда болгону сыяктуу эле, бардык илимий утуштар Халифалык мамлекетиндеги мусулмандардын колуна өтө турган убакыт келгенге чейин уланат.

  Албетте, мына бул норма менен көрсөтмөлөр дарыгерлер жана башка медициналык кызматкерлер тарабынан медициналык кызматтарды сунуштоодогу жеңилдик жана көңүл буруу жагынан Халифалык мамлекетиндеги саламаттыкты сактоонун бардык тармактарын бириктирет. Айрыкча, Ислам мамлекети кеңири кулач жайган кезде медициналык кызмат көрсөтүүчү киши бардык жерде ушул көрсөтмө жана нормаларга амал кыла турган болот. Бул абал бейтаптарга да, мамлекеттин бардык саламаттыкты сактоо бөлүмдөрүндө терапевттик жана башка кызматтарынан пайдаланууну ыңгайлуу кылат.

Жалпыга маалымдоо каражаттары менен биргеликте медициналык таалим жана көрсөтмөлөрдү берүү о.э.  түшүндүрүү иштерин жүргүзүү

  Мамлекет жеке менчик жана акысыз курстарда алгачкы жардам жана кардиопулмонер реанимациясы сыяктуу негизги медициналык чеберчиликтерге үйрөтүүгө көңүл бурат. Мындай курстар миршабдар, аскерлер, мугалимдер жана ушул сыяктууларга мажбурий болот. Ал эми калктын башка катмарына ыктыярдуу болот. Саламаттыкты сактоо башкармалыгы алгачкы жардам, дем алуу органдары жана жүрөк реанимациясы о.э.  чөгүп бара жаткандарды куткаруу иштери үчүн зарыл болгон шарттарды, жабдык жана каражаттарды бардык жерде – коомдук жайларда, алыскы аймактарда жана тышкы жолдордо ар дайым даяр кылып коёт.

  Саламаттыкты сактоо башкармалыгына моюн сунуучу жана жалпыга маалымдоо каражаттары башкармалыгына байланган,  саламаттыкты сактоого тиешелүү көрсөтмөлөрдү берүү менен алектенген өзүнчө жихаз-аппарат түзүлөт. Бул жихаздын милдети жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу калкка саламаттыкты сактоо жөнүндө умумий көрсөтмөлөрдү берип туруу болот. Жеке сектор үчүн болсо, өздөрүнө зарыл болгон хос көрсөтмөлөрдү берет. Мисалы, кенчилер, куралдуу күчтөр, айдоочулар жана башкалар үчүн алардын өзүнө хос көрсөтмөлөрдү берет. О.э. ушул көрсөтмөлөрдү берүү жихазы  умумий саламаттыкты сактоого тиешелүү болгон медициналык эскертүүлөрдү берет. Медицинанын профилактика жана дарылоо тармагында пайда болгон бардык жаңылыктарды элге үзгүлтүксүз түшүндүрүп турат.

 

  Жалпы элдин саламаттыгын сактоо башкармалыгы Халифалык мамлекетинде Саламаттыкты сактоо саясатын башкаруу жана аны иш жүзүндө колдонуу менен алектенет. Бул башкармалык коомго жана жеке адамдарга саламаттыкты сактоо, дарылануу жана реабилитация кызматтарын сунуштоо аркылуу жалпы элдин саламаттыгын сактоо иштери менен алектенет. Ушул башкармалык өзүнө караштуу бардык идара жана бөлүмдөрдү көзөмөлдөйт. Ар бир идара жана бөлүмгө мүдүр дайындайт. Ал мүдүр түздөн-түз ошол идаралардан, алардын тармак жана бөлүмдөрүнөн жоопкер болот. О.э. Саламаттыкты сактоо башкармалыгы Ислам мамлекетиндеги бардык саламаттыкты сактоо мекемелерин көзөмөлдөйт. Саламаттыкты сактоого тиешелүү болгон башка тармактарды координациялоону колуна алат. Саламаттыкты сактоо иштерин тартипке сала турган башка идаралар да ушул бөлүмдүн жоопкерчилиги алдында болот. Мисалы, ушул тармакка тиешелүү мекемелер менен кызматташуучу “Кризистер жана табигый кырсыктар идаралары”, “Маалымат – технологиялары Банкы”, “ Саламаттыкты сактоо башкармалыгынын Эскертүү жана Саламаттыкты сактоо маалымат каражаттары”, “Саламаттыкты сактоо жана дарылоо стандарттары”, “Жоболор боюнча эксперттик компаниялар”, “Медициналык таалим жана Саламаттыкты сактоо кесиптик таалими методологиясы”, “Медициналык лицензиялоо жана сапатты көзөмөлдөө бөлүмү”, “Саламаттыкты сактоо бюджети Департаменти”, “Каржы жана сатып алуулар, Аскерий бөлүм менен координацияланган дары-дармек жана фармацевтика өнөржайы башкармалыгы”, “Хисба аппараты менен кызматташтыктагы калктын саламаттыгы көзөмөлү” ушулар түркүмүнөн. О.э. Саламаттыкты сактоо бөлүмү Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Департаментин көзөмөлдөйт. Илимий маселелердеги, медициналык технологиялардагы жана Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо тенденцияларындагы өзгөрүүлөргө байкоо салып турат.

turkistonkg

Recent Posts

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…

20 hours ago

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…

4 days ago

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

6 days ago

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…

6 days ago

Амирлик (экинчи бөлүк)

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…

6 days ago

Асыл хадис менен

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…

6 days ago