Кыргызстанда энергетика тармагына өзгөчө кырдаал режими киргизилди
Кабар: Кыргызстан бийлиги энергетика тармагына 3,5 жылдык мөөнөт менен өзгөчө кырдаал режимин киргизди. Бул аркылуу энергия таңкыстыгын жеңип өтүп, бул тармакты кризистен чыгармакчы болууда. Президент Садыр Жапаров 24-июлда кол койгон жарлыкка ылайык, энергетика тармагына 2023-жылдын 1-августунан 2026-жылдын 31-декабрына чейин өзгөчө кырдаал режими киргизилди.
Өзгөчө кырдаал режимин киргизүүгө себеп кылып көрсөтүлгөн нерселер, климаттын өзгөрүшү, суунун азайышы жана электр энергиясына талаптын өсүп жатышы болду. Бийликтин айтымында, мында коомчулукту тынчсыздандыра турган эч кандай себеп жок. Башкача айтканда, өзгөчө кырдаал режиминин элге таасири тийбейт, тескерисинче, мында көптөгөн орто жана чакан ГЭСтерди куруу аркылуу мамлекетти электр энергия импортунан куткаруу пландаштырылган.
Энергетика боюнча эксперт Расул Умбеталиев бийлик энергетика тармагында кырдаал өтө оор экенин түшүнүп жеткендигин билдирди. О.э. бул тармакта өзгөчө кырдаал жарыялоо сектордогу 3-3,5 миллиард киловатт/саат таңкыстыкты камсыздоого о.э. чакан ГЭСтерди курууга каратылганын билдирди.
Комментарий: Кыргызстан сыяктуу үчүнчү дүйнө мамлекеттери энергетика таңкыстыгы маселесин өз күчү менен чече алышпайт. Себеби, Кыргызстан өкмөтү моюн сунган эл аралык саясаттын бузук системасы буга жол бербейт. Т.а. үчүнчү дүйнө мамлекеттери энергетика таңкыстыгы жүз берген учурда Батыш мамлекеттери сыяктуу Атомдук электр станцияларын куруп ала алышпайт. Буга эл аралык уюмдар тарабынан тыюу салынган. Бул мамлекеттер үчүн ГЭСтерди куруу же трансформаторлорду чыгаруу тармагын өнүктүрүүгө да тыюу салынган. Мисалы, Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушу создугуп жатышы да мына ушуга барып такалат. Себеби, азыркы экономикалык абалында Россиянын буга күчү жетпей жатат, бирок ошол эле учурда башкалар курушуна да тоскоолдук кылууда. Ал тургай, Кыргызстан кошуна мамлекеттер менен биригип ГЭС курмакчы болсо, буга да уруксат беришпейт. Кыскасы, “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушу Россия же Кытай сыяктуу ири мамлекеттерсиз ишке ашпайт, башкача айтканда, буга жол беришпейт. Ошондуктан да Кыргызстан “эгемендүүлүккө” жеткенден бери эң көп инвестиция энергетика тармагына жаткырылганына карабастан, бүгүнкү күнгө чейин бул тармак эч бир алгылыктуу натыйжага жетише албады. Чет мамлекеттерден алынган кредиттер, ссудалар, гранттар жана жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн каражаттар болуп, жалпысынан 2 миллиард долларга жакын инвестиция энергетика көйгөйүн чечүүгө жардам бербеди. Себеби, эл аралык саясаттын талабы боюнча Кыргызстан бул инвестицияларды Атомдук станцияларды куруу сыяктуу мамлекетти бутка тургузуучу негизги орундарга жумшай албайт. Натыйжада, жаткырылган инвестиция коррупция себептүү таланып-тонолуп кетет.
Демек абал ушундай болгон соң, энергетика таңкыстыгын же болбосо дагы башка ушул сыяктуу көйгөйлөрдү биротоло чечүү мүмкүн эмес. Ал тургай, өкмөттөрдү же президенттерди алмаштыруу менен да чечилбейт. Ал үчүн мусулмандар алгач үстүбүздө өкүмдар болуп турган капталисттик түзүмдү кулатып, анын ордуна элдин кызыкчылыгын коргой турган Исламий түзүм колдонулушун талап кылышы керек. Анткени, элди колонизаторлордун зулумунан куткаруу, анын кызыкчылыктарын толук коргоо жана бакубат жашоого алып баруу Исламий түзүмдүн гана колунан келет.
Абдурахман Адилов