Жаңылыктар

ХТШга каршы болгон аалым жана адвокатты уурдап кетишти

ХТШга каршы болгон аалым жана адвокатты уурдап кетишти

Халабдын түндүгүндө жайгашкан Иъзаз шаарында ислам аалымы Абу Шуайб ал-Масрий жана адвокат Исом Хатиб уурдалды. Аларды Хаят Тахрир Шамдын (ХТШ) күчтөрү уурдап кетишти. Алты күндөн бери алардын тагдыры белгисиз.

Ушул эки мусулман 21-июл, жума күнү Иъзаз шаарындагы эки жерден бир эле убакта уурдалган. Күбөлөрдүн айтымында, ХТШ күчтөрү аалымды да, адвокатты да алгач машина менен сүзүп кулатып, андан соң машинадан түшкөн маскачан адамдар куралдары менен уруп, машинага салып кетишкен. Айрыкча аалым Абу Шуайб баласы менен бара жатканда аларды ак түстөгү “Пикап” машинасы сүзүп кулатканы, андан соң маскачан адамдар куралдын кундагы менен уруп, машинага салып кеткени көчөдөгү камерага түшүп калган. https://twitter.com/i/status/1684000944923758593

Кабарларда келишинче, ХТШ уюмунун мурдагы мүчөлөрүнөн болгон аалым Абу Шуайб ал-Масрий жана адвокат Исом Хатиб уюмда кадыр-баркка ээ болушкан. Бирок, буга чейин алар уюмдан чыгып кетишкен. Алардын экөө тең ХТШ саясатына каршылыгы жана анын жетекчилеринин иш-аракеттерин сындоо менен белгилүү болушкан. Алар социалдык тармактардагы баракчаларында Хаят Тахрир Шамдын жарандарга каршы мыйзам бузуулары жөнүндө ачык жазып келишкен.

Комментарий: Сириянын Идлиб провинциясын көзөмөлдөп турган Хаят Тахрир Шамдын (ХТШ) жетекчилерин мухасаба кылган мусулман калкка карата зомбулук операциялары күчөп барууда. Т.а. ХТШ күчтөрү Сирия режими менен кайрадан мамиле орнотууну каалабаган, тескерисинче режимге каршы ынкылапты жандантууну талап кылган аймактын калкын, айрыкча Хизб ут-Тахрир жигиттери жана алар менен бир катарда өз алдынча топтордун командачыларын, активисттер, аалымдар жана уруу башчыларын да камакка алып, аларга карата ырайымсыз мамиле кылууда. Үнүн өчүрүү жана коркутуу максатындагы операцияларда кармалып, камакка алынган Хизб ут-Тахрирдин мүчөлөрү дагы деле абактарда жатышат.

ХТШнын мусулмандарды камакка алуу операциясы 2019-жылы Идлибдин Атмашаарында Хизб ут-Тахрирдин эки мүчөсүн камакка алуу менен башталган. Буга Хизб ут-Тахрирдин “АКШнын саясий чечимине – Жок! Режимди кулатуу жана Халифалыкты тикелөөгө – Ооба!” деген аталыштагы кампаниясы себеп болгон.

Быйыл март айында да Хизб ут-Тахрир “Эркибизди кайтарып алабыз! – Ынкылапчылардын талабы Ислам өкүмдарлыгы!” деген аталышта кампания баштады жана бул кампания Идлибдеги 30дан ашык аймактагы уруулар, топтор жана активисттердин колдоосуна ээ болду. Бул болсо Жулани башчылыгындагы ХТШ жетекчилеринин тынчын алды. Алар эч бир экиленбестен ондогон мусулмандарды, анын ичинде Хизб мүчөлөрү, уруу башчылары, активисттер жана топтордун жетекчилерин камакка ала баштады. Негизи, бул мусулмандардын айыбы – Американын саясий чечимин четке кагып, Аллах Азза ва Жалла ыраазы боло турган чечим болуп эсептелген Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалыкка чакыргандыгы эле. Ал тургай Сирия режими менен кайрадан мамиле орнотууга каршы болгон ХТШ уюмунун айрым мүчөлөрү да камакка алынды.

Ушул жерде бир суроо пайда болот: Идлибдеги мусулмандар Хизб ут-Тахрир башчылыгында кампания т.а. АКШнын саясий чечимин четке кагып, Асад режимине каршы аттанууга чакырган кампания эмне үчүн өздөрүн Асад режиминин душманы деп билген ХТШ жетекчилерин тынчсыздандырууда?! Алар тынчсыздануу менен эле чектелбестен, буга каршы күрөшүп, мусулмандарды камакка алууда. Камакка алуу жараянында дубалдардан ашып түшүп үйлөргө бастырып кирүү, аялдар менен жаш балдарды коркутуу, ал тургай аялдар менен жаш балдарды ырайымсыздык менен таяктоо сыяктуу Абужахл да кылбай турган кылмыштарды кылышууда.

Көрүнүп тургандай, ХТШ жетекчилери Асад режиминин зулумдарына каршы козголгон мусулман халқ менен бир катарда туруунун ордуна, Түркияга таянып, аны менен жакындан кызматташууда. Эки жүздүү Түркия бийлиги, АКШнын каалоосуна ылайык, аймактагы негизги ролду ойноп жатканы жашыруун сыр эмес. Ошондуктан, ХТШ жетекчилери Америка саясатына каршы каршы чыгып жаткан ар бир адамды камакка алуу менен Түркияны ыраазы кылмакчы болууда.

Аллахтын Шариятын турмушка кайтаруу максатында башталып, андан соң кыянаттарга аралашып кеткен Сирия козголоңун дагы кайрадан мурунку абалына кайтаруунун бирден-бир жолу – бул Түркиянын саясий жетекчилигинен баш тартуу жана жетекчиликти, Исламий түзүм жөнүндө ачык-айкын саясий долбоорго ээ болгон саясий кыймылга тапшыруу. Бул саясий долбоор – үммөт кызыкчылыктарын жүзөгө чыгарып, аны нусрат жана азаттыкты көздөй жетектей турган Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалык мамлекетин тикелөө долбоору.

Зохид Заргар 

turkistonkg

Recent Posts

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу 27-декабрда башталат

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу27-декабрда башталат Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу 27-декабрда башталат. Бул тууралуу 20-декабрда президент…

8 hours ago

Мужтахиддин сообу

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Мужтахиддин сообу Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн…

1 day ago

Даъватты көтөрүп чыккандардын бири дүйнөдөн өттү

Таъзия Даъватты көтөрүп чыккандардын бири дүйнөдөн өттү Бул түндө Ислам жана мусулмандардын эр кишилеринин бири…

2 days ago

Судан коопсуздук кызматкерлери Хизб-ут-Тахрирдин мүчөсү устаз Фатих Абдуллахты камакка алды

Басма сөз баянаты Судан коопсуздук кызматкерлери Хизб-ут-Тахрирдин мүчөсү устаз Фатих Абдуллахты камакка алды Үч күн…

2 days ago

Эки жыл Исламсыз башкаруу: илахий аманатка кыянаттык

Басма сөз баянаты Эки жыл Исламсыз башкаруу: илахий аманатка кыянаттык Малайзия премьер-министри Анвар Ибрахим 2024-жылы…

2 days ago