Европа Союзу “азык-түлүк кризиси” тууралуу эскертти

1633
0

Европа Союзу “азык-түлүк кризиситууралуу эскертти

Евробиримдиктин тышкы алакалар боюнча өкүлү Жозеп Боррел Россия Кара Деңиз дан келишиминен чыккандан кийин Украина портторун бомбалап, ири өлчөмдөгү дан азыктарын өрттөп жибергенин билдирди. Россиянын аракеттерин “варвардык” деп сүрөттөгөн Боррел: “Россиянын бул аракети дүйнөдө көлөмдүү азык-түлүк кризисине себеп болот”, – деди.

Боррелдин айтымында, Москва дан келишиминен чыккандан тышкары, дан азыктары сакталуучу Одесса портун катары менен үч күн бомбалаган. Мунун натыйжасында 60 миң тонна дан азыгы күлгө айланган. Боррел орус аскери акыркы бир нече күн катары менен Украинанын Одесса портундагы инфраструктураны бомбалаганын билдирди.

БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриштин айтымында, бул чабуулдар Украинадан тышкарыда да таасирин тийгизген. “Биз бул чабуулдардын глобалдык буудай жана жүгөрүнүн бааларына таасирин көрүп турабыз”, – деди ал. Европа базарларында буудайдын баасы  бир күндө 8,2 пайызга көтөрүлгөн болсо, жүгөрүнүн баасы да бир күндө 5,4 пайызга көтөрүлгөн.

Комментарий: Буудай жана жүгөрү өндүрүү боюнча дүйнөдөгү жетекчи мамлекеттердин бири болгон Украинанын дан азыктарын экспорт кылуу үчүн былтыр Түркиянын Стамбул шаарында жыйын болуп өткөн. Жыйында түзүлгөн келишимде Украина дан азыктары үчүн коридор түзүлүп, дээрлик 30 миллион тонна азык дүйнөнүн түрдүү өлкөлөрүнө жөнөтүлдү. Келишимде коридор түзүүдөн көздөлгөн максат, ушул дан азыктарынын Африка мамлекеттери сыяктуу жакыр мамлекеттерге жөнөтүлүшү жана бул аркылуу азык-түлүк кризисинин алды алынары айтылган болсо да, бирок буудайдын ири бөлүгү ач көз Европага ташылганы белгилүү болду. Дан азыктарынын 2,5 пайызы Африкага жөнөтүлгөн. Бүгүнкү күнгө келип, Россия өзүнүн айрым талаптары аткарылбай жаткандыгы себептүү келишимди бузуп, коридорду тосуп койгону үчүн Украина дан азыгынын ири бөлүгүн жалмабай жутуп жиберген Европа “ач калабыз” деп чуу көтөрүүдө.

Туура, азык-түлүк адамдын негизги муктаждыктардын бири болуп, андан эч ким бейкажет боло албайт. Өзүнүн азык-түлүгүнө ээ болгон мамлекет өз каалоосуна жана чечимине да ээ болот. Ошондуктан, мамлекет өз калкын азык-түлүк менен толук камсыздашы коопсуздук түрлөрүнүн бири болуп эсептелет. Анткени, мамлекетте азык-түлүк таңкыстыгы жүз бериши ал мамлекеттин бул жаатта башка мамлекетке көз каранды болушуна т.а. колонизатор мамлекеттерге моюн сунушуна себеп болот. Бул болсо, саясий көз карандылык болуп, ошол мамлекетти өз эрки жана күчүнөн ажыратат.

Бүгүнкү күндө дүйнөдөгү дан запастарын ээлеп турган мамлекеттер башка мамлекеттерди өз саясатына моюн сундуруу үчүн азык-түлүк саясатынан айлакердик менен пайдаланууда. Өткөн кылымдын сексенинчи жылдарынан бери “Азык-түлүк кризиси”, “азык-түлүк коопсуздугу”, “азык-түлүк саясаты”, “азык-түлүк миллиардерлери” сыяктуу терминдер көп колдонула турган болуп калды.

Кээде колонизатор мамлекеттер башка мамлекеттерди өздөрүнө моюн сундуруу үчүн атайылап азык-түлүк көйгөйүн келтирип чыгарышат. Ал үчүн тонналаган жарактуу азык-түлүктөр таштандыга төгүлөт. Судан жерлери сыяктуу азык-түлүк өндүрүү үчүн ыңгайлуу болгон түшүмдүү жерлери түрдүү шылтоолор менен азык-түлүк өндүрүүдөн да тосуп коюлат. Бул да капиталисттик түзүмдүн оюндарынан болуп, бул түзүм дүйнөдө өкүмдар болуп турган соң, азык-түлүк проблемасы чечилмек тургай, бул жаатта жаңы-жаңы көйгөйлөр жарала берет.

Ислам көз карашынан алып караганда, эгер капиталисттик мамлекеттердин ач көздүгү болбосо, дүйнөдө азык-түлүк кризиси жүз бериши мүмкүн эмес. Анткени, Аллах Таала өзүнүн азиз китебинде азык-түлүк менен толук камсыздап койгонун баяндаган. Аллах Таала айтат:

الْعَالَمِينَ -9, وَجَعَلَ فِيهَا رَوَاسِيَ مِنْ فَوْقِهَا وَبَارَكَ فِيهَا وَقَدَّرَ فِيهَا أَقْوَاتَهَا فِي أَرْبَعَةِ أَيَّامٍ سَوَاءً لِلسَّائِلِينَ

«Ал Зат (Жердин) үстүндө тоолорду (пайда) кылды жана аны – (Жерди) берекелүү кылды дагы, ошол (Жер)де анын жемиштерин (Жер калкынын ырыскы-насиптерин) толук төрт күндө белгилеп бөлүштүрдү. (Бул тактоо) суроочулар үчүн» [41:10]

Демек, дүйнөдө азык-түлүк жетиштүү деңгээлде бар. Эгер адилеттүү бөлүштүрүү болсо, азык-түлүк кризиси деген нерсенин өзү болбойт. Бирок, капитализмдин лугатында “адилеттүү бөлүштүрүү” дегендин өзү жок. Качан гана Халифалык мамлекети тикеленип, анын көлөкөсүндө Ислам экономикалык түзүмү колдонулса гана мындай көйгөйлөрдүн изи да калбайт. Анткени, Аллахтын Шарияты колдонулган жерде эч бир тармакта кризис жүз беришине мүмкүнчүлүк калбайт.

Зохид Заргар

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here