Борбор Азия – Булуң мамлекеттери саммитинин максаты

1023
0

Борбор Азия – Булуң мамлекеттери саммитинин максаты

         19-июлда Борбор Азия – Булуңдагы араб мамлекеттеринин башчылары катышкан биринчи саммит болуп өттү. Саммит Сауд Арабиясынын Мураскер ханзадасы Мухаммед бин Салмандын төрагалыгы астында өттү. Саммиттин жыйынтыгы боюнча мамлекет башчылары жана делегациялар Биргелешкен билдирүү кабыл алышты.

         Президент Садыр Жапаров жыйын учурунда сүйлөгөн сөзүндө ар кыл тармактарда региондор аралык кызматташтыкты активдүү алдыга жылдырууну сунуштады.

         “Аймактык жана аймактар аралык интеграция биздин келечекке жалпы көз карашыбыздын негизги элементи болуп саналат. Кыргызстан Борбор Азия өлкөлөрүнүн интеграциясын ырааттуу жана ар тараптуу бекемдөөнү жактайт. Кыргызстан ар кандай чыр-чатактар жалпы таанылган эл аралык укук принциптеринин жана нормаларынын негизинде саясий жана дипломатиялык каражаттар менен сүйлөшүүлөр аркылуу гана чечилиши керек деген пикирди жактай турганын баса белгилейм”, – деп билдирди. Ал сөзүн улап жатып, Булуң мамлекеттерин «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун жана Камбар-Ата-1 ири ГЭСин куруу долбооруна катышууга чакырды.

         Белгилүү болгондой, акыркы учурда С5+1 форматындагы саммиттердин саны арбып барууда. Алардын алгачкысы АКШ менен Борбор Азия ортосунда 2015-жылы түзүлгөн. Америка С5+1 саммиттери аркылуу терроризмге каршы күрөшүү, ишкерликтеги атаандаштык, транспорт коридорун түзүү, энергетика жана аймактык кызматташтык долбоорлорун талкуулап келет. Бул долбоорлор аркылуу Америка аймакты Орусия таасиринен узакташтырып, Кытайга каршы турууга аракет кылат. А бирок, Американын аймактагы мүмкүнчүлүктөрү чектелүү болгондуктан, С5+1 форматында Индия жана Япония саммиттери да уюштурулган. Белгилүү болгондой, АКШ Япония менен Индияны Кытайдын таасирине каршы майнаптуу колдонуп келет. Башкача айтканда, Япония менен Индиянын С5+1 саммиттери алардын экономикалык кызыкчылыктарына кызмат кылса да, жалпысынан Американын аймактагы Кытайга каршы саясатына шайкеш алып барылат.

         Мындан тышкары, 2019-жылы Европа биримдик Борбор Азия боюнча жаңы стратегиясын кабыл алган. Мунун алкагында “Европа биримдик – Борбор Азия” саммити уюштурулган. Евро биримдиктин стратегиясында аймакка инвестиция аркылуу экономикалык таасирин күчөтүүдөн баштап студенттерди окутуу, тажрыйба алмашуу шылтоолору менен өз кадрларын даярдоого чейин каралган. Азырынча Борбор Азия өлкөлөрүндө Евробиримдиктин саясий таасири алсыз болгондуктан, жалпы Батыш кызыкчылыгы алкагында аймакты Орусиянын таасиринен алыстатып, Кытайдын таасири кирип келишине каршы аракет кылууда. Буга Европа лидерлеринин расмий жолугушууларда сүйлөгөн сөздөрү да ишара кылып турат. Маселен, Германия президенти Штайнмайер мындай деген: “Чоң чатак жана татаал коңшуңардан коркпой эле койгула. Биз силерди алардын алдында жалгыз калтырбайбыз. Биз жаныңарда болобуз, бизге таянсаңар, ишенсеңер болот”.

         Мунун каршысында, Орусия аймактагы таасирин бекем кармап калуу үчүн өткөн жылы “С5 – Орусия” саммитин уюштурган. Ал формалдуу түрдө Казакстанда өткөрүлүп, ага Орусиянын жана Борбор Азиядагы беш өлкөнүн президенттери катышкан. Бул платформа аркылуу Орусия негизинен Батыштын аймактагы таасири артышына каршы турууга аракет кылмакчы. Ал эми, Кытайдын аймактагы таасири артышына каршы күрөшүүгө кубаты калбагандыктан, аны менен соодалашууга мажбур абалда. Муну Кытай лидеринин Орусияга болгон расмий сапары учурундагы билдирүүлөрү да тастыктап турат. Си менен Путин биргелешкен билдирүүсүндө “Орусия менен Кытай Борбор Азия өлкөлөрүнө сырттан кийлигишүүгө жана “түстүү революцияны” импорттоо аракеттерине жол бербейт” деген. Орусия аймактагы таасирин колдон чыгарып, Кытайга алдырып бара жатканына аймактын Кытай менен болгон алакасы да далалат кылып турат. Айрыкча, май айында өткөн “Борбор Азия – Кытай” саммити бул алаканы жаңы тепкичке көтөрдү. Саммитти утурлай Борбор Азия президенттеринин Кытайга мамлекеттик сапарлары да уюштурулган. Анын натыйжасында, Кытай Борбор Азияга жалпысынан 3,8 миллиард доллар каржылык колдоо жана кайтарымсыз насыя бере турганын белгилеп өттү. Кытайдын аймакка салган инвестициясынын жалпы көлөмү 2022-жылдын аягында 70,2 миллиард долларга жетти. Ал эми, 2023-жылдын алгачкы эки айында аймактын Кытай менен соода алмашуусу 22% өстү. 2022-жылы кытай-казак соодасы 33 пайызга өсүп, 31 млрд миллиард долларды түздү. Ал эми, мамлекеттик сапардын алкагында Казакстан Кытай менен 22 миллиард долларлык келишим түздү. Казакстандан кийинки көлөм Түркмөнстанга туура келет. Түркмөнстан менен Кытайдын соода алмашуусу 2022-жылы 52% өсүп, 11,2 млрд долларга жетти. Мунун негизги бөлүгүн Түркмөн газынын экспорту түзөт. Өзбекстан президентинин Кытайга болгон сапарынын алкагында 25 миллиард долларлык келишим түзүлдү. Эки өлкөнүн соода алмашуусу өткөн жылы 8,9 млрд доллардан ашкан. Кыргызстандын улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, Кытай менен соода алмашуу өткөн жылы 35,8 пайызга өсүп, 4,1 млрд доллардан ашкан. А бирок, Кытайдын Бажы кызматы бул көрсөткүч өткөн жылы 15,5 млрд доллар болгонун жарыялаган. Ал эми, Тажикстан менен Кытайдын соодасы өткөн жылы 2,6 млрд долларды түзгөн. Демек, аймактын Кытай менен жалпы соода алмашуусу дээрлик 60 млрд долларга жетти. Ошол эле маалда Борбор Азиянын баардык мамлекеттери Кытайга миллиарддаган акча карыз. Алардын ичинен Казакстан тогуз миллиард карызы менен биринчи орунда турат. Расмий Ташкенттен Бээжин төрт миллиард доллар аласасы бар. Кыргызстандын Кытайга карызы 1,78 миллард доллар. Тажикстандын карызы бир миллиард долларга жакын. Ал эми, Борбор Азия менен Орусиянын соода алакасы өткөн жылы 40 млрд $га жеткен. Бул Орусияга санкция салган Батыштан Борбор Азия аркылуу товарларды сатуу  300%га чейин өскөндөн кийинки көлөм.

         Борбор Азиянын Кытай менен өсүп бараткан мындай алакасы Батышты да тынчсыздантып жатканы талашсыз. Ошондуктан, аймак Кытайдын таасирине толук өтүп кетпеши үчүн Батыш кыйыр түрдө өз малайларын ишке салууда. Борбор Азия – Булуң мамлекеттери саммити ушул кызыкчылыктан келип чыгып уюштурулууда. Башкача айтканда, Булуң өлкөлөрүнүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн Кытайдын Борбор Азиядагы таасирине каршы колдонуу максат кылынууда. Бул саммитти Американын кызыкчылыгы алкагында түзүлгөн “Түрк мамлекеттер уюмуна” да окшотсок болот. Бул уюмдун негизги максаты түрк элдерин бириктирүү менен Орусиянын Борбор Азиядагы таасирин алсыратуу эле.

         Жыйынтыктап айтканда, бүгүнкү күндө капитализм өкүмдарлык кылган дүйнө империалисттери кайсыл аймакта боштук болсо, ошол жерге тамак издеген иттердей жетип келүүдө. Учурда мындай боштук Борбор Азияда күзөтүлүп жатышы жана бул аймактын стратегиялык маанилүүлүгү империалисттердин аймакта таасирин кеңейтүүсүнө түрткү берип жатат. Демек, Украина кризисинин артынан таасир талашуу аймагы Борбор Азияга көчүп жатканы жашыруун эмес. Буга акыркы кездеги саясий окуялар жана Борбор Азия лидерлери менен ири мамлекеттердин ортосундагы саммиттердин өтүшү да далалат кылып турат. Анткени, капитализм дүйнө карашы «чексиз каалоо – чектүү ресурс» теориясына негизделген. Биз мусулмандар пайдага негизделген, зулумдук үстүнө курулган капиталисттик системадан баш тартып, өз Исламыбызга жүздөнгөнгө чейин колонизаторлордун биздин үстүбүздөгү өкүмзордугу улана бермекчи. Андыктан, Борбор Азияны эле эмес, бүткүл дүйнөдөгү мусулмандарды бул кордуктан куткара турган Халифалык мамлекетин тикелөө аркылуу бул зулумдукту токтотууга аракет кылышыбыз шарт!

Туркистон

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here