Бийликтин блогерлердин үнүн басуу максаты

2214
0

Бийликтин блогерлердин үнүн басуу максаты

   14-июлда блогер Улукбек Карыбек уулу бейбаштыкка шек саналып, 48 саатка камакка алынган. 16-июлда бөгөт чарасын караган Ош шаардык соту Карыбек уулун эч жакка кетпөө тил каты менен бошотту.

         Ош шаардык милициясынын басма сөз кызматкери Абсаттар Тавакаловдун айтымында, Карыбек уулу Ош шаарындагы төрөткананын башкы дарыгери Асылкан Асанованын жазган арызынын негизинде кармалган. Тавакалов блогердин аракетинен улам аталган оорукана 37 миң сомго жакын материалдык зыян тартканын, бул иш боюнча тергөө жүрүп, Карыбек уулунун жанында жүргөн шериктери да сурак берип жатканын кошумчалады.

         15-июлда Ички иштер министрлиги Карыбек уулуна байланыштуу «Ички иштер органдарынын кызматкеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбөө» беренеси менен дагы бир иш козгоп, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотуна жөнөтүлгөнүн жазды. Буга чейин блогер 12-июлда ютуб каналына “Ош облустук оңолбос төрөт үйү” деген материал чыгарган. Анда төрөт үйүндөгү шарттар жана жарандардан акча талап кылуу фактылары тууралуу сөз болгон.

         Ал арада Сокулук районунда жолду мыйзамсыз тороону уюштурган деген шек менен блогер Эртай Искаков жана эки жергиликтүү тургун камакка алынды. Алардын бөгөт чарасы 17-июлда караларын адвокаттар билдиришти. Тургундар үч айдан бери таза сууга жетпей отурганын, маселе тез арада чечилбесе, жолду бууй турганын эскертишкен. Нааразылык акцияга катышкан бир нече киши суракка чакырылып, ишембиде алардын ичинен жогорудагы үч адам камакка алынган. Искаков 14-июлда болгон нааразылык акциясын видеого тартып, Инстаграм аркылуу түз эфирге чыккан. Чогулгандар менен жолугуу үчүн бийлик өкүлдөрүнө суроо берген.

         Белгилүү болгондой, учурдагы бийлик диктаторлук режимди орнотуу жолунда бара жатат. Алгач Садыр Жапаров “Анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндөгү” мыйзам долбооруна кол койгон. Мыйзам күчүнө киргенден кийин, Жапаров жана анын бийлигин сындаган бир нече жаран кармалып, суракка алынды. Мындан кийин блогер жана активисттер менен жолугушуу өткөрүп, маалыматтык монополия орнотууга аракет кылды. Булардын баары бийликтин Кытай менен болгон тыгыз алакасына, коррупциялык аракеттерине эч ким каршы чыга албай турган абалды түзүү үчүн жасалды. Ошондуктан, бийлик эң алгач батышчыл саясатчы жана активисттерге сокку урууну баштады. “Кемпирабад” иши менен камалган активист жана укук коргоочулар ушул саясаттын алкагында кармалышты. Себеби, Батыш Кыргызстан-Кытай мамилелерине сокку урууда ушул кадрларга таянып келген. О.э. Орусия айрым колонизаторлук көрүнүштөрдө Кытайга чегинип жатса да, Кытайдын толук түрдө бийликти тартып алышын каалабайт. Ошондуктан, ички оппозицияны көтөрүү сыяктуу рычагдары менен бийликке басым жасап турат. Ушундан улам, бийлик россиячыл саясатчы жана кадрларды экинчи бута кылып алды. Акыркы мезгилде мамлекеттик төңкөрүш шылтоосу менен кармалгандар жана Мадумаров менен партиялаштарына карата операциялар ушул алкактан. Учурда болсо социалдык тармакта өз колдоочуларын таап, коомдук пикирди пайда кылууга жетишкен, бийликтин коррупциялык аракеттерин ачып жаткан блогерлердин камакка алуу менен диктаторлук режимге кадам жасап жатканын ачык көрсөтүүдө.

         Диктатура – бул башкаруунун бир формасы болуп, колонизатор каапырлар бул аркылуу өздөрүнө малайлык кылган лидерлерди даярдашат. Мындай башкаруу үчүн аң-сезимдүү калк өтө кооптуу. Ошондуктан, калк ичинен табигый түрдө чыккан аң-сезимдүү адамдарга катуу каршылыктар кылынат. Аларды калкка жаман көрсөтүп, эл душманына айлантышат. Эркинен ажыратылат, өз өлкөсүндө куугунтукталышат. Бирок, Кыргызстан өзүн КМШдагы авторитардык мамлекеттер арасында калып кеткен “демократиялык аралча” деп атап алып, Батыш мамлекеттеринен жана эл аралык уюмдардан миллиарддаган доллардык карыздарды алган. Ушул жана башка бир катар себептерден улам, Кыргызстандын диктатуралык мамлекетке өзгөрүшү кыйын болот.

         Муну менен катар диктатура өзгөртүп болбой турган нерсе эмес. Тескерисинче, болбогон саясаттын натыйжасындагы бийликтин калкты коркутуусу гана. Анткени, калк чоң күч, ал бир калыс жетекчи негизинде бириксе, эч ким аны жеңе албайт. Муну тарыхтан билсек болот. Азыр да ага күбө болуп жатабыз. Афган калкы Талибан жамаатынын жетекчилиги астында биригип, бүткүл куфр күчүнө каршы тура алды.

         Демек, мындай кырдаалдан чыгуу үчүн калктын күчүнө, аң-сезимдүү адамдарга таянуу керек. Бул үчүн пикирий талкууну жолго коюу, калктын аң-сезимин өстүрүү керек. Айрыкча, жаштар, студенттер пикирий талкууга үндөшү, окуу жайларда, жыйындарда жашоо таризи жөнүндө, идеология боюнча талкуулар уюштурулушу керек. Бул нерсе Үммөттүн, келечек муундун жетик инсандар болушуна алып барат. Тарыхта көптөгөн, дүйнө элдери тан алган аалымдар, жетекчилер ушундай пикирий талкуулардын майданында өсүп чыгышкан.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here