Эрдоган Швециянын НАТОго кошулуусун колдоду
Эрдоган Куранды өрттөөгө шарт түзүп берген Швециянын НАТОго кошулуусун колдоду. Бул тууралуу альянстын баш катчсы Йенс Столтенберг билдирди.
Столтенберг Литванын борбору Вильнюста өткөн үч тараптуу жолугушуудан кийин басма сөз жыйынында “тарыхый күн” болгонун айтты. Анын айтымында, Эрдоган Швецияны кабыл алуу боюнча протоколду түрк парламентине мүмкүн болушунча тез жөнөтүүгө убада берди. Ал НАТОнун ичинде “Терроризмге каршы күрөшүү боюнча атайын координаторлук” ачыла турганын кошумчалады.
Анкара менен Стокгольмдун макулдашуусун Батыш мамлекеттеринин лидерлери “тарыхый кадам” катары баалады. Алардын катарында АКШ, Англия, Франция жана Евро биримдиктин жетекчилери бар.
Мындан бир күн мурда Эрдоган АКШ президенти Байден менен телефон аркылуу сүйлөшкөн эле. Сүйлөшүү учурунда Байден, Швециянын мүмкүн болушунча кыска аралыкта НАТОго кабыл алынышын талап кылган. Ушул эле күнү АКШнын мамлекеттик катчысы Антони Блинкен Түркия Тышкы иштер министри Хакан Фыдан менен сүйлөшүп, Швеция НАТОго расмий кошула турган жана АКШ менен Түркиянын узак убакыттан берки коопсуздук боюнча кызматташтыгын күчөтүү учуру экенин билдирген. АКШнын мындай басымдарынын артынан Эрдоган буга чейин айткан билдирүүлөрүнүн баарын бир чекеге сүрүп коюп, кожоюнунун айтканын аткарууга аргасыз болду.
Ал буга чейин Швецияны террордук уюмдарды калкалап, колдойт деп айыптап келген. Эрдоган 4 эле күн мурун Швеция тууралуу “Teррорго кучагын ачкандар НАТОго мүчө болушун колдобойбуз. Tүркия көчөлөрүндө террорчулар ээн-эркин жүргөндөргө кантип ишенет? Террордук уюмдар менен мамилесин токтотпогон бир мамлекет НАТОго кантип жардам бере алат?” деген. О.э Курандын өрттөлүшү тууралуу катуу сөздөрдү сүйлөп, “мусулмандардын ыйык баалуулуктарын акаараттоо пикир эркиндиги эместигин батыштык текеберлерге акыр-аягы үйрөтөбүз” деп ачууланган. Ал эми, Вильнюстагы НАТОнун саммитин утурлай Эрдоган Швеция уюмга Түркия Европа Биримдигине мүчө болгондон кийин кабыл алынышы керектигин айткан. Бирок, Евро Биримдиктин жетекчилиги буга байланыштуу дароо “жок” деген жообун берген. Ал эми, Анкара Америкага акчасын төлөп ала албай келген F-16 согуш учактары тууралуу сүйлөшүүлөр саммиттин артынан боло турган Байден менен Эрдогандын жолугушуусунда талкууланары күтүлүп жатат. Ал эми, ар бир мүмкүнчүлүктө Куранды өрттөөгө шарт түзүп берген Швециянын позициясы талкуунун темасы да болбогону ачыкка чыкты.
Тилекке каршы, бүгүнкү күндө мусулмандарды мына ушундай популист же айтып кайра сөзүнөн кайта берген жетекчилер башкарууда. Алардын кожоюндарына каяша айтуусу шайлоо өткөнгө чейин гана жарактуу. Ал эми, соодасы Ислам жана мусулмандардын баалуулуктарын коргоо эмес, учак сыяктуу материалдык гана кызыкчылыктар менен чектелген. Муну менен эле чектелбестен, алар Исламга толугу менен тескери болгон капиталисттик системаны колдонушууда. Ушундай болгон соң, бул малай акимдерди майдандан шыпырып салуунун жана булардын ордуна Аллахтын шариятын үстөм кыла турган бир Халифаны тикелөөнүн убагы келбедиби?! Себеби, Халифа гана дүйнө жүзүндөгү мусулмандарды бириктирет, Ислам армиясын бутка тургузуп, кыянатчылар менен кылмышкерлерден өч алат. Халифа гана Абдулхамид сыяктуу куфрдун жүз жылдык ыплас пландарын четке кагып, Ислам баалуулуктарын коргоону өлүм-өмүр маселеси деп эсептейт! Халифа гана дүйнөнүн кайсы бурчунда болбосун мусулмандардын ар намысын Муаттасим сыяктуу коргой алат! Халифа гана Салахуддин сымал Аль Аксодо ээн-эркин кезип жүргөн жөөттөрдү ыйык жайдан тазалап, мусулмандарга кайтарат!
Мумтаз Маверанахрий
18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…