Жаңылыктар

Жапаров ШКУнун эл аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү борборун түзүүнү сунуштады

Жапаров ШКУнун эл аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү борборун түзүүнү сунуштады

         Президент Садыр Жапаров Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун эл аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү борборун түзүү маселесин көтөрдү. Бул тууралуу  уюмдун 4-июлда онлайн форматта өткөн саммитинде билдирди.

         Анын айтымында, аталган борбор аймактык коопсуздукту камсыз кылуу, терроризмге, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү, транс чек аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө маанилүү ролду аткарат.

         Буга чейин 14-июнда Чолпон-Ата шаарында өткөн ШКУга мүчө мамлекеттердин кеңешмесинде кыргыз тарап сунушталган борбордун жобосунун долбоорун жана түзүмүн көрсөтүп, тааныштырган. Ал эми, 11-майда Жапаров ШКУнун Башкы катчысы Чжан Минди кабыл алган. Жолугушууда аталган борборду түзүү маселеси талкууланып, аны түзүүгө келишилген. Бул жолугушуудан көп өтпөй Чүйдүн Дмитриевка айылында атайын кызматтын “шоусу” менен бир адам терроризмде айыпталып, атайын операциянын негизинде жок кылынган. Буга чейин ал адам уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү экени айтылып келген эле. Буга карабай, расмий маалыматтарда ага “диний тон” кийгизүүгө аракет кылынды.

         Белгилүү болгондой, “терроризм жана экстремизм” терминдери колонизатор каапырлар тарабынан ойлоп табылып, Ислам жана мусулмандарга каршы күрөшүү куралына айланган. Муну алар “диний терроризм” деп атап алышкан. Маселен, Орусия атайын терракттар уюштуруп, алардын шылтоосу менен Чеченстанга кыргын салды, АКШ терроризм шылтоосу менен Афганистанды басып алып байлыгын тоноду. Кытай болсо Чыгыш Түркстандагы мусулмандарды “терроризм” айыбы менен эзип келүүдө. Мушрик Кытай бийлиги намаз окууну, орозо кармоону, эркектердин сакалы менен аялдардын хижабын да терроризм жана экстремизмдин белгиси деп эсептейт. Алардан кем калышпаган мусулман өлкөлөрүндөгү акимдер, кожоюндарына жасакерленип, “диний тероризм жана экстремизм” шылтоосу менен Исламий баалуулуктарга каршы чыгып, өз мусулман калкын абактарга камоо менен коркутуп келет.

       ШКУнун башкы милдеттери катары терроризм, экстремизм, сепаратизм, наркотрафика менен күрөш белгиленген. Уюм “Терроризм жана экстремизмге” каршы күрөшүүнүн алкагында Исламга жана исламий жамаааттарга каршы күрөшөт. Муну менен Халифалыктын кайтып келишине тосук коймокчу. Ал эми, “Сепаратизмге каршы күрөшүү”нүн запкысын да мусулмандар тартып жатышат. Мисалы, Орусияда кавказ мусулмандары, ал эми Кытайда уйгур мусулмандары “сепаратизм” курмандыктары болушууда.

         Демек, Кыргызстан жылдар бою Бишкекте ачууну суранып келген эл аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү борборунун негизги иши “терроризм” шылтоосу астында мусулмандарга каршы күрөшүү болуп калмакчы. Дмитриевкада болгондой, бутага алынган тарап ким болушуна карабастан, ага терроризм айыбы тагыла бермекчи. Мунун артынан болсо Ислам коомго терең кирип келбеши үчүн, калкта динге шек менен карай турган түшүнүктү калыптандыруу максат кылынат. Андыктан, Кыргызстан мусулмандары мындай ыплас иштерди алып бара турган борбордун Бишкекте түзүлүшүнө каршы туруубуз керек!

Мумтаз Маверанахрий

turkistonkg

Recent Posts

Бербок колониалдык миссиянын кызматында

Басма сөз баянаты Бербок колониалдык миссиянын кызматында 2025-жылдын 3-январында Германиянын тышкы иштер министри Анналена Бербок…

13 hours ago

Дин – жеңилчилик

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Дин - жеңилчилик Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…

2 days ago

Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук 32 % өстү

Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук 32 % өстү Кыргызстанда 2024-жылы 17 316 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталды. Бул…

3 days ago

Газа боюнча келишим: Ким жеңди?

Газа боюнча келишим: Ким жеңди? Баскынчы жөөт өкмөтү Газадагы согушту токтотуп, туткундарды бошотуу тууралуу ХАМАС…

3 days ago

Дин – бул насаат

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Дин – бул насаат Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

3 days ago

Кыргызстанда свет 26 тыйынга кымбаттайт

Кыргызстанда свет 26 тыйынга кымбаттайт 2025-жылдын 1-майынан тартып Кыргызстанда электр энергиясынын баасы 26 тыйынга кымбаттап,…

5 days ago