Жаңылыктар

Швецияда Куран кайрадан өрттөлдү

Швецияда Куран кайрадан өрттөлдү

         28-июнда бүткүл мусулмандар Курман айт майрамын белгилеп жаткан чакта ирактык качкын Салван Момика Стокгольм шаарындагы мечиттин алдында Куран баракчаларын тепкилеп өрттөгөн видео социалдык тармактарга таркады. Полиция анын коопсуздугун камсыздап, коомдук тартипти көзөмөлдөп турду. Мындан улам, мусулмандар бул ыплас көрүнүшкө каршы дүйнөнүн төрт тарабында акцияларды уюштурууда. Өзүн атеист эсептеген Момика бул акциясын, “Куран китеби демократияга жана адам укуктарына дал келбей турганы” менен байланыштырган.

         Буга чейин январь айында швециялык каапыр Расмус Палудан дагы Стокгольмдогу түрк элчилигинин алдында Куранды өрттөгөн. Апрель айынын башында болсо Швециянын Админстративдик соту Куранды өрттөгөн демонстрацияларга койгон тыюусун алып салган. Сот муну өлкөдө жыйын куруу жана демонстрацияга чыгуу эркиндиги Конституцияда корголгону менен түшүндүргөн.

         Батыштын “эркиндик” шылтоосу менен Ислам жана мусулмандарга каршы жийиркеничтүү күрөшү токтобой уланууда. Аларда Куранды өрттөө же Расулуллах ды акаараттоо сыяктуу мусулмандардын баалуулуктары кордолгондо дароо “сөз эркиндиги” пайда болот. Ал эми, Макрондун карикатурасы тартылганы сыяктуу окуяларда сөз эркиндиги “ар намыска шек келтирүүгө” алмашып калат. Ал эми, мусулман өлкөлөрүнүн жетекчилери каапырлардын мындай жийиркеничтүү аракеттерине куру сөз айтуудан ары өтө албай турган болуп калышты. Айрымдарынын ачуу сөздөрү шайлоо астындагы гана упай топтоочу аракетке айланып калды. Ал эми, шайлоо бүткөн соң кайрадан Куран өрттөөгө, карикатура тартууга шарт түзүп берген мамлекеттер менен камыр-жумур мамиле түзүшүүдө.

         Демек, биз мусулмандар каапырлардын Куран жана Пайгамбарыбызга каршы күрөштөрүнө кайдыгер карабашыбыз керек. Эгер кайдыгер болсок, бул аларды шыктандырып, башка баалуулуктарыбызга да чабуул кылышы айдан ачык. Буга кошумча, үстүбүздөгү жетекчилерди бүгүнкү кор абалдан кутулуп, Ислам баалуулуктарын коргоого чакырышыбыз зарыл. Алар тарыхтагы жетекчилерден өрнөк алышы шарт. Маселен,  Абдулхамид II Халифалык кулатылышынан жыйырма жыл мурда Франция менен Британияда Вольтердин Расулуллах (с.а.в)ды акаарат кылган «Фанатизм» деген пьесасы көрсөтүлүшүнө каршы турган. Халифа Абдулхамид II пьесанын мазмунунан кабардар болуп, Фаранциядагы өз элчиси аркылуу Франция өкмөтүн эгер пьеса көрсөтүлсө, бул кооптуу саясий акыбетке алып келишинен эскертет. Ошондо Франция пьесаны көрсөтүүнү тезинен токтотот. Кийин ушул пьесаны коймокчу болгон театр Англияга кетет. Халифанын ушул эскертүүсү Англияга да жолдонгондо Англия өкмөтү: «Билеттер сатылып бүттү, эми аны токтотуу жарандарыбыздын эркиндигин тебелөө болуп эсептелет», деп жооп берет. Ошондо султан төмөнкүдөй буйрукту чыгарат: «Мен бүткүл Ислам Үммөтүнө жолдоп жаткан ушул буйругум! Британия Набийибизди акаарат кылууда! Буга каршы жихад жарыя кылам…». Ушул эскертүүнү алышкан соң, британдыктар пикир эркиндигин да унутуп, тезинен пьеса токтотулат.

         Тилекке каршы мусулмандар ушундай кор абалга кептелдик дейсиң, жада калса Кураныбыз өрттөлүп тебеленишин кайдыгер абалда күзөтө турган болуп калдык. Ал эми жеп-тойбос каапырлар биздин баалуулуктарыбызды биринин артынан экинчисин тебелеп-тепсеп жатышат. Алардын сөз эркиндиги урааны жогорудагыдай мусулмандарга каршы каапырлык ураанына айланып калды.

         Эй бийлик ээлери! Аллахтан корккула! Бүгүн болбосо качан кыймылга келесиңер? Куранды коргобосоңор башка нени коргойсуңар?! Бүгүнкү уйкуңар үчүн Аллахтын алдында кантип жооп бересиңер?! Эй үммөттүн аалымдары! Силер Аллахка эң жакынсыңар жана үммөткө өрнөк болушуңар шарт! Бул көрүнүшкө каршы Ислам талаптарын жетекчилерге жана үммөткө эскерткиле! Эй жазуучулар жана блогерлер! Аллах үчүн мунун чыныгы чечимин айтып чыккыла!

         Эй Ислам үммөтүнө жана Ислам баалуулугуна чабуул кылып жаткан дин душмандары! Пайгамбарыбыз (с.а.в) убада кылган адамзатты бул дүйнөдө жана акыретте куткара турган Рошид Халифалык тикелене турган күн алыс эмес. Айрыкча, Швециядагы ыпластыктарга каршы миллиондогон мусулмандар көчөлөрдө такбир айтып турган соң бул күн алыс эмес.

Демек, проблеманын түпкү чечими Исламды жашоого алып келүү болгон соң, биз да ушул мамлекетти тикелөөгө бүткүл күчүбүздү сарпташыбыз шарт! Себеби, Халифа Ислам жана мусулмандарды ар кандай чабуулдардан коргой турган калкан болуп эсептелет. Расулуллах айтат:

«إِنَّمَا الْإِمَامُ جُنَّةٌ يُقَاتَلُ مَنْ وَرَائِهِ وَيُتَّقَى بِهِ»

«Имам – анын артында туруп согуш кылына турган жана аны менен коргонула турган калкан» (Муттафакун алайх).

Бул калкан мусулмандарды дээрлик 1400 жыл коргоду. Муну Халифалыктын тарыхы тастыктап турат. Качан бул калкан тикеленсе, Аллахтын изни менен мусулмандар дагы кайрадан азиздикке жетери анык.

Мумтаз Маверанахрий

turkistonkg

View Comments

Recent Posts

Бербок колониалдык миссиянын кызматында

Басма сөз баянаты Бербок колониалдык миссиянын кызматында 2025-жылдын 3-январында Германиянын тышкы иштер министри Анналена Бербок…

19 hours ago

Дин – жеңилчилик

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Дин - жеңилчилик Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…

2 days ago

Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук 32 % өстү

Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук 32 % өстү Кыргызстанда 2024-жылы 17 316 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталды. Бул…

3 days ago

Газа боюнча келишим: Ким жеңди?

Газа боюнча келишим: Ким жеңди? Баскынчы жөөт өкмөтү Газадагы согушту токтотуп, туткундарды бошотуу тууралуу ХАМАС…

3 days ago

Дин – бул насаат

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Дин – бул насаат Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

3 days ago

Кыргызстанда свет 26 тыйынга кымбаттайт

Кыргызстанда свет 26 тыйынга кымбаттайт 2025-жылдын 1-майынан тартып Кыргызстанда электр энергиясынын баасы 26 тыйынга кымбаттап,…

5 days ago