АКШ менен Кытай эки тараптуу алака турукташканын билдирди
АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен Кытайдын лидери Си Цзиньпин соңку жылдары эки тараптын начарлап кеткен алакаларын турукташтырууну макулдашты. Бул тууралуу Блинкен 19-июнда Си Цзиньпин менен жолуккандан кийин билдирди.
Анын айтымында, Кытай Орусияга Украинага каршы согуш үчүн пайдаланууга курал-жабдык бербестигин дагы бир жолу ырастады. Бирок, жеке компаниялардын аракеттерине байланыштуу тынчсыздануу бар. Ал эми, Вашингтон Тайвандын көз карандысыз болуусун колдобойт.
“АКШ Тайвандын көз карандысыздыгын колдобойт жана Кытай менен чатакташуу ниети жок. Шинжаң, Тибет, Гон-Конгго байланыштуу тынчсыздануубузду билдирдим”, — деди Блинкен. Ал эми, Си Цзиньпин эки мамлекет мамиледеги кыйынчылыктарды жеңет деп үмүт артарын, ири державалардын атаандаштыгы азыркы замандын агымына шайкеш келбей турганын белгиледи.
Блинкен бир күн мурда Кытайдын Тышкы иштер министри Цинь Ганг менен 7,5 саатка созулган сүйлөшүү өткөргөн. Ганг эки өлкө ортосундагы мамиле дипломатиялык алакалар түзүлгөндөн берки эң начар абалда экенин белгиледи. Ал Тайвань маселеси эки өлкө алакасына эң чоң зыян жеткирген маселе экенин кошумчалады.
Эске салсак, Тайвандын тегерегиндеги кырдаал АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелосинин 2-августта аралга сапарынан кийин курчуган. Андан кийин Кытай бийлиги АКШ менен кээ бир тармактарда кызматташууну убактылуу токтотууну чечкен. Aл эми, АКШ Taйвандын көз карандысыздыгын тааныбаса да, Кытайдын аймагы катары эсептебейт.
Буга чейин, Америка Кытайды коопсуздугуна коркунуч келтирген тизменин башында экенин расмий жарыялаган. Мындан улам, Америка Кытайга каршы Тайвань маселесин козутуп, Кытайдын айланасындагы мамлекеттерди колдоо менен ага басым өткөрүү саясатын жүргүздү. Маселен, дүйнөнүн үчүнчү экономикасы болгон Япониянын кайрадан куралдануусуна уруксат берилип, Кытайга каршы шыкак берди. Жакынкы жылдары эң көп калктуу мамлекетке айланышы күтүлүп жаткан Индияны колдоо менен Кытай чек араларында жаңжалдарды тутантууда. О.э Австралия жана Канада менен союз түзүү аркылуу аларды да Кытайга каршы багыттоого аракет кылып жатат. Буга кошумча, Кытайдын технологиялык компанияларына карата санкцияларды киргизген. Натыйжада, Кытай Украина маселесинде бир жыл мурдагы Орусияга жакын позициясын өзгөртүп, тарапсыз позицияны карманууда. А түгүл, БУУда Орусияны Украина жана Грузия маселесинде баскынчы катары тааныган резолюцияны “колдоп” добуш берди. Мына ушулардан кийин АКШнын башкы дипломатынын Кытайга жасаган расмий сапары артынан Орусиянын Украина маселесиндеги позициясы дагы да алсырашы күтүлөт. Буга кошумча, 2-дүйнөлүк согуштан кийин оор куралдануусуна тыюу салынган Германия АКШ колдоосу менен кайрадан курал өндүрүшүн тездик менен өнүктүрүүдө.
Жыйынтыктап айтканда, капиталисттик түзүм аркылуу дүйнөгө лидерлик кылып жаткан Америка өз позициясын сактап калуу үчүн түрдүү кризистерди пайда кылууда. Албетте, пайдага жана өкүмзордукка негизделген бүгүнкү капиталисттик системадан мындан башка абалды күтүү да мүмкүн эмес! Мында эң көп зыян тарткан тарап табигый түрдө карапайым калктар болуп калмакчы. Андыктан, мусулмандар эл аралык саясатта адилеттикти кепилдеп бере турган Халифалык мамлекетин тикелөөгө аракет кылышы керек. Ансыз, дүйнө калкы колонизаторлордун курмандыгына айланып, согуш жана зулумдук астында эзилип кала бермекчи…!
Мумтаз Маверанахрий