Халифалык мамлекетинде саламаттыкты сактоо саясаты
Бисмиллахир рохманир рохиим
Адамдардын саламаттыгын сактоо – адамдарды дарылоо иш-чаралары
Шыпаа издөө – медицина жана дабалоо термини туура келген бардык нерсени камтыйт
Шариятта шыпаа издөө Куръан, Сүннөттө айтылган нерселерге гана чектелбейт. Себеби, исламий насстар дабалоонун белгилүү бир түрлөрүнө гана токтолот. Алардын пайда беришине эч кандай шек-күмөн жок. Бирок, бул нерсе дабалоодо жалаң гана ушуларга чектелүү керектигин түшүндүрбөйт. Булар дабалоого мисал катары келтирилген нерселер. Анткени, дабалоо шаръан дарылоонун бардык түрлөрүн камтыйт. Заманбап дары-дармектер, хиррургиялык операциялар, радиотерапия, лазер терапиясы, робот терапиясы жана башкалар ушулар түркүмүнөн.
Шаръий насстарда айтылган дабалоонун эң жакшы үлгүлөрүнүн бири бал. Аллах Таала “Нахл” сүрөсүнүн 69-аятында айтат:
ثُمَّ كُلِی مِن كُلِّ ٱلثَّمَرَ ٰتِ فَٱسۡلُكِی سُبُلَ رَبِّكِ ذُلُلࣰاۚ یَخۡرُجُ مِنۢ بُطُونِهَا شَرَابࣱ مُّخۡتَلِفٌ أَلۡوَ ٰنُهُۥ فِیهِ شِفَاۤءࣱ لِّلنَّاسِۚ إِنَّ فِی ذَ ٰلِكَ لَـَٔایَةࣰ لِّقَوۡمࣲ یَتَفَكَّرُونَ
“Роббиң бал аарыга вахий-буйрук кылды: Андан соң түрдүү мөмөлөрдөн жеп, Роббиң (сен үчүн) жеңил-ыңгайлуу кылып койгон жолдордон жүргүн!» Анын кардынан адамдар үчүн шыпаа болгон түркүн түстүү ичимдик-бал чыгат. Албетте, бул иште ой жүгүртө билген коом үчүн аят-үлгү бар ”. [16:69].
Балдын дарылыгы Сүннөттө да келген. Абу Саид разияллоху анхудан риваят кылынат;
جاءَ رجلٌ إلى النَّبيِّ صلَّى اللَّهُ علَيهِ وسلَّمَ فقالَ إنَّ أخي استَطلقَ بطنُهُ فقالَ اسقِهِ عسلًا ، فسقاهُ ثمَّ جاءَ فقالَ : يا رسولَ اللَّهِ قد سقيتُهُ عسلًا فلم يَزدْهُ إلَّا استِطلاقًا ؟ قالَ : فقالَ رسولُ اللَّهِ صلَّى اللَّهُ علَيهِ وسلَّمَ : صدقَ اللَّهُ وَكذبَ بطنُ أخيكَ ، اسقِهِ عسلًا فسقاهُ فبرأَ
“Бир киши Набий саллоллоху алайхи ва салламдын алдына келип: “Инимдин курсагы ооруп жатат”, – деди. Расулуллах саллоллу алайхи ва саллам: “Ага бал бер”, – деди. Ал киши инисине бал жедирди. Андан соң келип: “Бал жедирдим. Бирок анын курсагы ого бетер ооруп жатат”, – деди. Ошондо Расулуллах саллоллоху алайхи ва саллам:
“Аллах акыйкат сүйлөдү, иниңдин курсагы жалган сүйлөдү”, – деди. Ошондон кийин ага бал жедирди жана ал айыгып калды. Бухарий “Сахих”инде риваят кылган.
О.э. Расулуллах с.а.в. ден соолукка тиешелүү орунда азык-түлүк түзүмүнө да токтолуп өткөн. Расулуллах с.а.в.:
ما ملأ ابنُ آدمَ وعاءً شرًّا من بطنِ بحسْب ابنِ آدمَ أُكلاتٌ يُقمْنَ صلبَه فإن كان لا محالةَ فثُلثٌ لطعامِه وثلثٌ لشرابِه وثلثٌ لنفسِه
“Адамзат ашказанынан жаманыраак идишти толтурбаган. Адам баласына боюн тикелеп ала турган тамак жетиштүү. Эгер мүмкүнчүлүгү болсо, ашказандын үчтөн бирин тамакка, үчтөн бирин суусундукка жана калган үчтөн бирин абага калтырсын”, – деген. Термизий риваят кылган жана аны хасан, сахих хадис деген. Абу Давуд өз сунанында Уммул Мунзир бинти Кайс ал-Ансориядан риваят кылат, Уммул Мунзир айтат:
دخل علي رسول الله صلى الله عليه وسلم ومعه علي عليه السلام، وعلي ناقه ولنا دوالي معلقة، فقام رسول الله صلى الله عليه وسلم يأكل منها وقام علي ليأكل، فطفق رسول الله صلى الله عليه وسلم يقول لعلي: «مه إنك ناقه» حتى كف علي عليه السلام، قالت: وصنعت شعيرا وسلقا، فجئت به، فقال رسول الله صلى الله عليه وسلم «يا علي أصب من هذا فهو أنفع لك»
“Менин алдыма Расулуллах саллоллоху алайхи ва саллам келди. Аны менен бирге Али разияллоху анху да бар эле. Али разияллоху анху оорудан жаңы эле айыгып келе жаткан. Биздин бышып турган курма бактарыбыз бар эле. Расулуллах саллоллоху алайхи ва саллам туруп алардан жей баштады. Али да жемекчи болду. Ошондо Расулуллах саллоллоху алайхи ва саллам Алиге: “Токто! Сен оорудан эми айыгып жатасың”, – дегенде Али разияллох анху тыйылып калды. Мен арпадан жарма кайнатып койгон элем. Аны алып келдим. Расулуллах саллаху алайхи ва саллам Алиге: “Эй Али мына ушундан ичип көр. Сага ушул пайдалуураак ”, – деди.
Расулуллах саллоллоху алайхи ва саллам кара зире (сейдана) жөнүндө да айткан. Абу Хурайра разияллоху анхудан риваят кылынат. Ал Расулуллах саллоллоху алайхи ва салламдын:
في الْحَبَّةِ السَّوْدَاءِ شِفَاءٌ مِنْ كُلِّ دَاءٍ إِلَّا السَّامَ
“Кара зиреде өлүмдөн башка бардык ооруга шыпаа бар”, – дегенин уккан. Сахихул Бухарийден.
Хижама тууралуу да айткан. Ибн Аббас разияллоху анхудан риваят кылынат. Набий саллоллоху алайхи ва саллам:
الشفاء في ثلاثة: في شرطة محجم، أو شربة عسل، أو كيَّة بنار، وأنا أنهى أمتي عن الكي
“Шыпаа үч нерседе бар – хижамада, бал шербетинде жана от менен күйгүзүүдө. Мен үммөтүмдү от менен күйгүзүп дарылоодон кайтардым”, – деген. Сахихул Бухарий.
Ошондуктан мусулмандар насстарда келген дабалоо түрлөрүнөн пайдаланышат. Мындан тышкары, Халифалык мамлекети ооруларды дабалоо максатында шарият уруксат берген заманбап дарылоо методдору менен усулдарын табанний кылышы жана аларды өнүктүрүшү важиб болот.
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…
Басма сөз баянаты Таң караңгылыкты жарып Суданда Англия-Америка колонизаторлук күрөшү болуп жатканын ачыктады Британия тарабынан…