АКШны убактылуу дефолттон сактай турган мыйзам долбоору макулданды
АКШ карыз лимитин т.а. карыз алышы мүмкүн болгон акча көлөмүнүн эң жогорку чегин көтөрүү аркылуу мамлекеттин дефолтко учурашынын убактылуу алдын ала турган мыйзам долбоорун макулдады. Муну менен, АКШ бийлиги нак акча жетишсиздиги проблемасынан жана дефолтко түшүп калуудан убактылуу кутулгандай болду. Байден администрациясы жана өкүлдөр палатасы ортосундагы оозеки келишүү 5-июнга чейин мыйзамга көчүшү керек. Болбосо, мамлекет дефолт ириминде калат.
Мындан мурун АКШ финансы министри Жанет Йеллен, эгер конгресс карыз лимитин биринчи июнга чейин көтөрбөсө, мамлекет нак акча жетишсиздигине туш келиши мүмкүндүгүнөн эскертип, АКШ конгрессинин өкүлдөр палатасынын спикери Кевин Маккартиге кат жолдогон эле. Еллендин тастыкташынча, конгресс мүмкүн болушунча тезирээк чара көрүп, карыз лимитин көтөрбөсө, өкмөт маяна, пособие ж.б. төлөмдөрдү төлөй албай калат жана мындай абал америкалык бүлөлөр үчүн олуттуу кыйынчылыктар жаратат.
“Бу конгресстин иши. Эгер алар ийгиликсиздикке учураса, өз колубуз менен экономикалык жана финансылык кыйроону жүзөгө келтирген болобуз “, – деген эле Еллен.
Комментарий: “Эгер биз дефолт болсок, бүткүл дүйнө проблемага туш келет”, “Экономикабыз кризиске кетет жана эл аралык аброюбузга зыян жетет” деп жар салган Жо Байден чет элдик визиттерин токтотуп болсо да, конгрессте көпчүлүктү түзүүчү оппозициялык республикачылар менен АКШны убактылуу дефолттон сактап тура турган келишүүгө жетишти. Негизи, Америкада жүзөгө келген бу кризис бир эле мамлекеттин кризиси эмес, балким, бул капитализм дүйнөкарашынын кризисидир. Бу нерсе Батыш идеологдору тарабынан да тан алынууда. Себеби, мындай кризистердин баары капитализм айынан жүзөгө келүүдө.
Адистердин тастыкташынча, азыр АКШнын жалпы карызы 31,4 триллион долларга жеткен. Бул көрсөткүч мамлекеттин ички дүң продукциясынын 125%ына туура келет. Бу болсо Американын реалдуу дефицитке ээ экендигин жана эң жаман ахывалга түшүп калгандыгын аңдатат.
Көп абалдарда мындай карыздардын жарымы эле мамлекеттин кулашы үчүн жетиштүү. Ошого карабастан, АКШнын кулабай жатышынын себеби, дүйнөдө биринчилик макамына ээ болгон эч бир мамлекет ар канча кризистерди баштан кечирбесин, өз-өзүнөн кулап кетпейт же ааламдагы биринчи мамлекет макамынан түшүп кетпейт. Качан гана андан күчтүү жашоо баалуулуктарына ээ т.а. табиятка дал келип, акылды канааттандыра турган мабдага ээ башка бир мамлекет жүзөгө келсе гана ичинен чирип бүткөн мамлекеттер анын каршысында кыйроого учурайт.
Мындай сыпатка ээ мамлекет бир гана Ислам мамлекети. Демек, Исламий дүйнөкарашты ааламга алып чыга турган Ислам мамлекети тикелениши менен, бүгүнкү күндө финансылык эле эмес, балким экономикалык, саясий жана башка тармактарда да адамдардын проблемаларын чечүүгө алсыздык кылып жаткан бузук дүйнөкараштар анын алдында кулап түшөт.
Ушул эле учурда эске алчу жагдай, кулоо жарына келип калган Батыш дүйнөкарашынын ордун ээлеши күтүлүп жаткан Ислам дүйнөкарашы өз-өзүнөн туруш майданына келип калбайт. Балким, бул үчүн ал өз ээлеринен т.а. мусулмандардан фикрий-саясий аракеттерди, курбандыктарды талаб кылат. Анткени, бул Росулуллох ﷺдын мамлекет тикелөө тарыйкаты.
Зоҳид Заргар