Халифалык мамлекетинде саламаттыкты сактоо саясаты
Бисмиллахир рохманир рохиим
Адамдардын саламаттыгын сактоо – адамдарды дарылоо иш-чаралары
Коомдо исламий түзүмдөр орнотулганы себептүү, капиталисттик дүйнөгө караганда Халифалык мамлекетинде адамдарды дарылоо чараларынын жүгү бир топ жеңил болот
Халифалык мамлекетинде профилактикага, убакытты өткөрүп жибербестен эрте аралашууга о.э. жисманий жана рухий саламаттыкка жакшыраак камкордук кылууга олуттуу көңүл бурулат. О.э. ооруга чалдыккан адамдардын муктаждыктарын камсыздоо жана адамдарды дарылоо үчүн натыйжалуу түзүмдөрдү жаратуу жоопкерчилиги Ислам мамлекетинин мойнунда. Бирок, бул жүк Халифалык мамлекетинде азыркы капитализм дүйнөсүндөгү жүктөн жеңил болот. Себеби, капиталисттик түзүмдөрдө спирттик ичимдиктерди ичүү жана жыныстык эркиндик сыяктуу чектен ашкан эркиндиктер натыйжасында пайда болгон саламаттык көйгөйлөрү бар болуп, булардын бардыгы саламаттыкты сактоо кызматына терс таасирин тийгизет. Буга байлык топтоо, пайданын артынан түшүү о.э. семиздик, жүрөк-кан тамыр оорулары жана кант диабетти күчөтө турган зыяндуу азык-түлүктөрдү өндүрүү сыяктуу капиталисттик экономика түзүмүнөн келип чыккан көйгөйлөр да кошулат. О.э. санаага батуу, үмүтсүздүк, наркотикалык заттарга көз карандылык сыяктуу рухий оорулардын көпчүлүгү ижтимаий факторлор себептүү, мисалы үй-бүлө бузулушу, коомдогу мамилелердин жамандыгы, коомдогу моралдык баалуулуктардын жоголушу жана адамдарды жумуш берүүчүлөргө кул кыла турган талаптар натыйжасында пайда болууда. О.э. бул нерселер күндөн-күнгө күчөп барууда.
Мисалы, Британияда спирттик ичимдиктерди ичүүдөн жеткен зыяндын көлөмү жыл сайын 3.5 миллиард фунт стерлингге жетет жана бул жисманий жана психологиялык көйгөйлөр үчүн ооруканаларга жаткырууну да камтыйт. Ал эми Халифалык мамлекетинде болсо арак жана ушул сыяктуу ар кандай акылды жоготуучу ичимдиктер арам болуп эсептелет. Бул болсо, өз кезегинде спирттик ичимдиктерди ичүүнүн акыбеттерин жана андан келип чыгуучу рухий соккуну (шок, стресс), боор оорулары жана ушул сыяктуу башка ооруларды о.э. ичкиликтин акыбетинде жүз берүүчү кырсыктарды жоёт. Британияда 2019-жылы жыныстык жол менен жугуучу оорулардын 486 342 абалы аныкталган. Бул болсо, жүз миллиондогон фунт стерлинг зыянга алып барат. Ал эми Халифалык мамлекетинде болсо, Ислам эркек менен аялдын ортосундагы мамилелерди нике менен чектейт. Бу болсо, жыныстык эркиндиктерден келип чыгуучу оорулар ойгөйүн жоготот. Ашыкча салмак жана семиздикке тиешелүү ооруларга келсек, Англиянын саламаттыкты сактоо корпорациясы 2017-жылы 31-мартта жарыялаган отчётунда, Улуттук саламаттыкты сактоо кызматы ашыкча салмак жана семиздикке байланыштуу ооруларга 6,1 миллиард фунт стерлинг каражат жумшагандыгын билдирди. Отчётто айтылышынча, коомдук деңгээлдеги чыгым 27 миллиард фунт стерлингге бааланган. 2050-жылга барып Британиянын Улуттук саламаттыкты сактоо кызматынын ашыкча салмак жана семиздикке байланыштуу ооруларга жумшаган чыгымы 9.5 миллиард стерлингге жетери күтүлүүдө. Коом үчүн болсо мындай оорулардын баасы жыл сайын 49.9 миллиард фунтка жетиши мүмкүн. Ушул оорулардын көпчүлүгү туура эмес жана зыяндуу азыктарды өндүрүү жана азык-түлүк өнөржайына ир өлчөмдө пайда алып келе турган, а бирок коом үчүн чоң чыгымды талап кыла турган сүткордук экономикасы себептүү пайда болот. Мисалы, 2019-жылы январь айында Британиянын Диабет журналы 2-топтогу диабетти дарылоонун чыгымы жөнүндөгү макаланы жарыялады. Макалада келишинче, ал чыгым 12 миллиард фунтка жеткен. Бул саламаттыкты сактоо кызматы бюджетинин 10%ын түзөт. Англиянын саламаттыкты сактоо фонду саламаттыкты сактоодон тышкары чыгымдар 15.8 миллиард фунт стерлингди түзгөн бир учурда, жүрөк оорулары үчүн саламаттыкты сактоо чыгымынын өзүн жыл сайын 7.4 миллиард фунт стерлингге баалайт.
Ал эми Халифалык мамлекетинде болсо бул көйгөйлөрдүн көлөмүн кыскарта турган бир нече факторлор бар. Мисалы, соодагерлер семиздик эпидемиясына жана анын акыбеттерине алып бара турган зыяндуу азыктарды кеңири масштабда реклама да кыла алышпайт жана мындай зыяндуу продукцияларды базарларга да чыгара алышпайт. Мындан тышкары, даъватты жихад менен жеткирүү түшүнүгү элдин массалык түрдө жисманий даярдык деңгээлинде болушун талап кылат. Буга кошумча, Исламда тамактануу адебине амал кылуу көп тамактануудан тыят жана семирип кетүүнүн алдын алат.
Рухий саламаттыкка келсек, Англиядагы MIND уюму жарыялаган отчётто келишинче, ар бир төртүнчү адам жыл сайын рухий саламаттык көйгөйүнө дуушар болот. Ар бир аптада бирден адам тынчсыздануу жана үмүтсүздүк сыяктуу умумий психологиялык көйгөйлөргө дуушар болот. Ал эми Халифалык мамлекетинде болсо, Ислам акыйдасына болгон ыйманды таалим, массалык маалымат каражаттары, таат-ибадатка кызыктыруу сыяктуу ыкмалар менен күчөтөт. О.э. Исламдагы ижтимаий түзүмдү колдонуу, үй-бүлөгө этибарды күчөтүү, тууганчылык мамилени бекемдөөгө үндөгөн шаръий өкүмдөрдү аткаруу сыяктуу иштер рухий басымдан келип чыккан жүктү жеңилдетүүгө жардам берет.