بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ
Бир Уммат жана бир шарият
Устаз Хамд Табиб
Рамазан улуу ай. Себеби, ал – жакшылык-береке жааган, Аллах Азза ва Жаллага жакын болуп, Аны менен байланыша турган, адамдар ортосунда нусраттар, рахматтар жана мамилелер ишке аша турган, күнөөлөр кечириле турган жана тозоктон кутула турган ай.
Ушул ыйман айынын маанилеринин бири ушул – ал жер жүзүнүн чыгышы-батышындагы Ислам Умматы бир Уммат экенин өзүндө камтып, бекемдейт. Бул бир нече жактарда көрүнөт:
Биринчи: Орозо ибадатын баштоо, бүтүрүү жана кантип аткаруу жаатындагы биримдик. Жер жүзүндөгү мусулмандар орозо кармоону бир күндө башташат, бир күндө бүтүрүшөт. Расул ﷺ айтты:
«صُومُوا لِرُؤْيَتِهِ وَأَفْطِرُوا لِرُؤْيَتِهِ فَإِنْ غُمِّيَ عَلَيْكُمْ فَأَكْمِلُوا الْعَدَدَ»
«Айды көрүп орозону баштагыла, айды көрүп орозону бүтүргүлө. Эгер, асман булуттуу болсо, шаъбан айынын санагын толук отуз күн кылгыла». (Муслим риваяты). Бул жерде хытаб бардык мусулмандарга каратылган, эч кимге артыкчылык берилбеген, эч ким айырмаланып өзгөчөлөнтүлбөгөн. Өкүмдөрдүн аткарылышы жагынан да бардык мусулмандарга каратылган, шарият далил менен өзгөчөлөнткөн кишилер гана андан чыгарылган. Оорулуу, мусапыр же үзүрлүү кишилердин орозо кармабашына уруксат берилгендей өкүмдөрдүн өзгөчөлүнүшү да бардык мусулмандарга каратылган, эч ким ажыратылбаган.
﴿أَيَّاماً مَعْدُودَاتٍ فَمَنْ كَانَ مِنكُمْ مَرِيضاً أَوْ عَلَى سَفَرٍ فَعِدَّةٌ مِنْ أَيَّامٍ أُخَرَ وَعَلَى الَّذِينَ يُطِيقُونَهُ فِدْيَةٌ طَعَامُ مِسْكِينٍ فَمَنْ تَطَوَّعَ خَيْراً فَهُوَ خَيْرٌ لَهُ وَأَنْ تَصُومُوا خَيْرٌ لَّكُمْ إِنْ كُنتُمْ تَعْلَمُونَ﴾
«Саналуу күндөр(дө орозо кармоо фарз кылынды). Эми, силерден кимдир бирөө ооруп калса же сапарда болсо, анда (орозо кармай албаган күндөрүнүн) санагын башка күндөрдө кармайт. (Карылык же алсыздыгы себептүү) орозо кармоодон кыйналган кишилер бир бей-бечаранын бир күндүк тамагынын өлчөмүндө кайыр-садага берүүлөрү керек. Анан, ким өз ыктыяры менен ашыкча жакшылык кылса (зарыл болгонунан артыгыраак садака кылса), өзүнө эле жакшы. Эгер билсеңер, орозо кармаганыңар өзүңөр үчүн (кайыр-садака берүүгө же үзүрлүү абалда орозо кармабагандан) жакшыраак» [2:184]
Ушул аят каримадагы хытаб жалпы түрдө келген, жер жүзүндөгү мусулмандарды бөлбөстөн баарына каратылган.
Экинчи: жер жүзүнүн батыш жана чыгышындагы бардык Ислам Умматы бир акыйдага, бир шаръий негиздерге, бир өкүмдөргө о.э. Куръан жана Сүннөткө т.а. вахийге таянат. Аллах Таала айтты:
﴿وأَنَّ هَذَا صِرَاطِي مُسْتَقِيماً فَاتَّبِعُوهُ وَلَا تَتَّبِعُوا السُّبُلَ فَتَفَرَّقَ بِكُمْ عَن سَبِيلِهِ ذَلِكُمْ وَصَّاكُم بِهِ لَعَلَّكُمْ تَتَّقُونَ﴾
«Албетте ушул Менин Туура Жолум. Демек, ушул жолду ээрчигиле, (башка) жолдорду ээрчибегиле, алар силерди Анын жолунан үзүп коёт, балким таква кылаарсыңар деп силерди ушул нерселерге буюрду» [6:153]
Расул ﷺ айтты:
«وَقَدْ تَرَكْتُ فِيكُمْ مَا لَنْ تَضِلُّوا بَعْدَهُ إِنِ اعْتَصَمْتُمْ بِهِ، كِتَابُ اللهِ»
«Мен силерге ушундай бир нерсени калтырдым, аны бекем кармасаңар эч качан адашпайсыңар. Ал – Аллахтын Китеби». (Муслим риваяты).
«إِنِّي قَدْ تَرَكْتُ فِيكُمْ شَيْئَيْنِ لَنْ تَضِلُّوا بَعْدَهُمَا: كِتَابَ اللَّهِ وَسُنَّتِي وَلَنْ يَتَفَرَّقَا حَتَّى يَرِدَا عَلَيَّ الْحَوْضَ»
«Мен силерге эки нерсени: Аллахтын Китебин жана Сүннөтүмдү калтырдым. Аларды бекем кармасаңар адашпайсыңар жана бул экөөсү эч качан бөлүнбөйт, ал тургай менин хавзыма бирге келишет». (Хаким, «Мустадрак»).
Өкүм алууда бардык мусулмандар таянган бир негиз бар. Мусулмандар үчүн акыл, инсаний мыйзамчылык жана тарыхтагы жалган мыйзамчылыктар сыяктуу башка негиз жок.
Үчүнчү: бардык мусулмандардын жүрөгү Аллах Азза ва Жаллага т.а. бир Роббиге талпынат жана бул бир Уммат маанисинде көөдөлөнөт:
﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آَمَنُوا هَلْ أَدُلُّكُمْ عَلَى تِجَارَةٍ تُنجِيكُمْ مِنْ عَذَابٍ أَلِيمٍ * تُؤْمِنُونَ بِاللَّهِ وَرَسُولِهِ وَتُجَاهِدُونَ فِي سَبِيلِ اللَّهِ بِأَمْوَالِكُمْ وَأَنفُسِكُمْ ذَلِكُمْ خَيْرٌ لَكُمْ إِن كُنتُمْ تَعْلَمُونَ * يَغْفِرْ لَكُمْ ذُنُوبَكُمْ وَيُدْخِلْكُمْ جَنَّاتٍ تَجْرِي مِن تَحْتِهَا الْأَنْهَارُ وَمَسَاكِنَ طَيِّبَةً فِي جَنَّاتِ عَدْنٍ ذَلِكَ الْفَوْزُ الْعَظِيمُ * وَأُخْرَى تُحِبُّونَهَا نَصْرٌ مِنَ اللَّهِ وَفَتْحٌ قَرِيبٌ وَبَشِّرِ الْمُؤْمِنِينَ * يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آَمَنُوا كُونوا أَنصَارَ اللَّهِ كَمَا قَالَ عِيسَى ابْنُ مَرْيَمَ لِلْحَوَارِيِّينَ مَنْ أَنصَارِي إِلَى اللَّهِ قَالَ الْحَوَارِيُّونَ نَحْنُ أَنصَارُ اللَّهِ فَآَمَنَتْ طَائِفَةٌ مِّن بَنِي إِسْرَائِيلَ وَكَفَرَتْ طَائِفَةٌ فَأَيَّدْنَا الَّذِينَ آَمَنُوا عَلَى عَدُوِّهِمْ فَأَصْبَحُوا ظَاهِرِينَ﴾
«Эй момундар, силерге жан чыдагыс азаптан нажат бере турган бир «сооданы» көрсөтөйүнбү? (Ошол «соода» мына бул) – Аллах жана Расулуна ыйман келтиресиңер жана Аллах жолунда мал-жаныңар менен жихад кыласыңар. Эгер, билсеңер мына ушул өзүңөр үчүн эң жакшы. (Эгер, ушундай кылсаңар, Аллах) күнөөңөрдү кечирет да силерди астынан дайралар агып турган бейиштерге жана түбөлүктүү бейиштердеги таза турактарга киргизет. Бул болсо улуу бакыт. Жана (Аллах силерге) дагы башка силер сүйгөн (бир ниъматты да берет, ал) Аллах тарабынан болгон нусрат жана жакын фатх, муминдерге кушкабарды жеткиргин! (Эй Мухаммад), момундарга (ушул) кушкабарды жеткиргин! Эй момундар, силер да Аллахтын ансар-жардамчылары болгула! Ийса ибн Марям хаварийлерге: «Аллахка (т.а. Анын динине даъват кылышымда) ким менин жардамчы-ансарларым болот?» дегенде, хаварийлер айтышты: «Биз Аллахтын (динине) жардам берүүчүлөрбүз». Демек, Бани Исраилден бир тайпа (адамдар Ийсага) ыйман келтиришти жана бир тайпасы кафир болду. Демек, Биз ыйман келтиргендерди душмандарынан күчтүү кылып, алар (кафирлер үстүнө) үстөм болуп калышты» [61:10-14]
Бул маанилер ибадаттын башталышында, кандай аткарылышында, таянылган усулунда, Аллахка жакын болууда жана алардан көздөлгөн улуу максатта бир Уммат маанилерин жамдап, анын байланыштарын бекемдейт. Түпкүлүгүндө, бул нерсе Аллах Субханаху тарабынан сыпатталган ушул тазалык Умматтан башкасында жок. Аллах Таала айтат:
﴿وَإِنَّ هَذِهِ أُمَّتُكُمْ أُمَّةً وَاحِدَةً وَأَنَا رَبُّكُمْ فَاتَّقُونِ﴾
«Шек-күмөнсүз силердин умматыңар бир Уммат. Мен силердин Роббиңермин. Демек, Менден гана корккула!» [23:52]
﴿إِنَّ هَذِهِ أُمَّتُكُمْ أُمَّةً وَاحِدَةً وَأَنَا رَبُّكُمْ فَاعْبُدُونِ﴾
«Силердин умматыңар чындыгында бир Уммат. Мен болсо (баарыңардын) Роббиңермин. Демек, Мага гана сыйынгыла!» [21:92]
Аллах Таала Умматты жерге терең тамыр жайган, бутактары асманга созгон жана Өзүнүн уруксаты менен токтоосуз мөмө берип турган таза даракка окшотуп айтты:
﴿أَلَمْ تَرَ كَيْفَ ضَرَبَ اللّهُ مَثَلاً كَلِمَةً طَيِّبَةً كَشَجَرةٍ طَيِّبَةٍ أَصْلُهَا ثَابِتٌ وَفَرْعُهَا فِي السَّمَاء * تُؤْتِي أُكُلَهَا كُلَّ حِينٍ بِإِذْنِ رَبِّهَا وَيَضْرِبُ اللهُ الأَمْثَالَ لِلنَّاسِ لَعَلَّهُمْ يَتَذَكَّرُونَ﴾
«(Эй инсан) Аллах жакшы Сөзгө (ыйман калимасына) кандай мисал келтиргенин көрбөйсүңбү: ал сөз бир кооз даракка окшойт, анын тамыры (жер астына) бекем орношкон, бутактары болсо асманда болуп, Жараткандын ызны-ыктыяры менен ар дайым мөмө берет. Аллах адамдар эскертме-өрнөк алышсын үчүн мына ушундай мисалдарды келтирет» [14:24-25]
Ушул жалгыз Уммат маанилери акыйда жана өкүмдөрдөн турган диндеги бардык маселелерде о.э. амалдагы бардык көрүнүштөрдө тамыр жайган. Бул нерсе Ислам Умматынан башкасында жок. Мисалы, яхудийлер да, христиандар да акыйдаларында, ибадат жана ырасымдарында бөлүнгөн. Аларлын ортосунда байланыш жана биригүүгө эч кандай үндөө жок. Аллах Таала айтты:
﴿إِنَّ الَّذِينَ فَرَّقُواْ دِينَهُمْ وَكَانُواْ شِيَعاً لَسْتَ مِنْهُمْ فِي شَيْءٍ إِنَّمَا أَمْرُهُمْ إِلَى اللهِ ثُمَّ يُنَبِّئُهُم بِمَا كَانُواْ يَفْعَلُونَ﴾
«Диндерди бөлүп, өздөрү да топторго бөлүнүп алган кишилер туурасында бир да нерсеге (жоопкер) эмессиң. Алардын иштери Аллахтын Өзүнүн гана ыктыярында. Кийин аларга кылып өткөн иштеринен кабар берет» [6:159]
﴿لَا يُقَاتِلُونَكُمْ جَمِيعاً إِلَّا فِي قُرًى مُّحَصَّنَةٍ أَوْ مِنْ وَرَاءِ جُدُرٍ بَأْسُهُم بَيْنَهُمْ شَدِيدٌ تَحْسَبُهُمْ جَمِيعاً وَقُلُوبُهُمْ شَتَّى ذَلِكَ بِأَنَّهُمْ قَوْمٌ لاَ يَعْقِلُونَ﴾
«Алар (мунаафык жана яхудийлер) биргелешкен абалдарында силер менен жалгыз калаа-коргондуу кыштактар ичинде (бекинип) же дубалдар артында гана согуш кыла алышат (т.а. эч качан силерге каршы ачык согушка чыга алышпайт). Алар өз араларында күчтүү-кубаттуу, (т.а. согуш-уруш болбостон туруп, өз-ара күч-кубаттуу экендиктери тууралуу апырта беришет, бирок согуш маалында алар алсыз-коркоктор). (Ооздорундагы сөздөрүнөн) аларды биримдүү деп эсептейсиң, (бирок) жүрөктөрү (ички дүйнөсү) ар түрдүү. Буга себеп, алардын акылсыз коом экендиктери» [59:14]
Яхудий жана христиандардын акыйдасы, бир мазхабда да, бир нече түрдүү мазхабдарда да шайкеш эмес. Православдар, католиктер жана протестанттер, баары бири-бирине тескери мазхабдарга бөлүнүп кетишкен. Негизги мазхаб катары бири-бирине карама-каршылыгын айтпаса да болот. Мисалы, кээ бирлери Иса Кудайдын уулу дешсе, башкалары Иса Кудайдын өзү дешет.
Тыянактап айтсак, Ислам Умматы диний иштерде бир. Кудайы, Расулу, Куръаны жана Сүннөтү бар. Умматтын Куръаны мутаватир түрдө эч өзгөртүлбөгөн жана бузулбаган абалда накл кылынган. Пайгамбардын сүннөтү да накл кылынып, бардыгы жатка алынган. Аллах жер жана андагы бардык нерселерди мурас кылып алганга чейин ушундай бойдон калат. Булар биз үчүн – айрыкча, биз Умматты мусулман өлкөлөрүн Ислам мамлекети тикеленип, узун тарыхында бир байрак астында бир мамлекет болгондой бириктирүүгө үндөгөн ушул улуу айда турган экенбиз – чоң түрткү. Ошондуктан, бардык калк жана улуттар ортосунда биримдикти үгүттөп, аларлын байланыштарын бекемдей турган ушул ыйык айда Аллах Тааладан Ислам Умматын мурун бир уммат болгондой дагы бир ирет бир мамлекетте бириктиришин сурайбыз, Аллахумма амин.
Роя гезити, №436, 2023-жыл, 29-март.