Жаңылыктар

Момундар арасында Аллахка берген убадасында бекем тургандар бар

Басма сөз баянаты

 «Момундар арасында Аллахка берген убадасында бекем тургандар бар. Алардын (айрымдары) өз убадасында турушту, (айрымдары) болсо (шахид болууга) ынтызар. Алар (мунафыктарга окшоп Аллахка берген убадаларын) өзгөртүшкөн жок»

Аллах Субханаху ва Тааланын казасына ыйман келтирип, Хизб-ут-Тахрир–Иордания вилаятынын маалымат бөлүмү бүткүл Ислам Умматына, өзгөчө Иордания калкына жана Хизб мүчөлөрүнө аманаткөй, сабырдуу жана соопту үмүт кылган Хизб мүчөсү улуу устаз Умар Фалих Таллдын (Абу Абдуллах) каза болгонун кабарлайт.

Устаз кече (хижрий 1444-жыл, 25-Рамазан, миладий 2023-жыл, 16-апрель) жекшемби күнү кечинде 70 жашында Аллах Тааланын рахматына сапар алды.

Устаз бул улуу жашын Аллах Субханаху ва Таалага итаат кылып, Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекетин тикелө аркылуу исламий жашоону кайрадан баштоо үчүн Хизб-ут-Тахрир менен бирге аракет кылуу менен өткөрдү. Хизбге жаш жигит кезинде мүчө болгон устазыбыз акыйкат жана изгиликти мойнуна алып, бул жолдо куугунтук жана камактын кыйынчылыктарына сабыр кылды. Адилетсиз камакка алуу жана негизсиз өкүмдөр натыйжасында он алты жолу залимдер зынданына ташталды жана бул нерселер үчүн Аллах Субханахудан ажр-сооп үмүт кылып, Анын нусратына ишенди. Камакта жеке камераларда катуу кыйноолорго салынганда таптакыр кайраты сынбастан, убада-шертинен кайтпастан ашкере алып барган акыйкат даъватта бекем болду.

Устаз Абу Абдуллахтын мечиттин чабандези болгонуна, кайсы мечитке барбасын, жемелөөчүнүн жемесинен коркпой, бийик үнү менен акыйкатты айтып турганына  жана намазкөйлөрдү рошид Халифалык мамлекетин тикелөө аркылуу исламий жашоону кайрадан баштоого даъват кылганына Ирбид шаарындагы бардык мечиттер күбө. Бирок, эч кимди Аллахка күнөөдөн таза деп көрсөтпөйбүз.

Аллах Субханахудан маркумубузду, Уммат маркумун Өз рахматына бөлөп, даргөйүнө чырайлуу кабыл алышын, бейиштеги Фирдавси Аълаада анбиялар, сыддыктар, шейиттер жана солихтер менен бирге кылышын сурайбыз, аларга менен чогуу болуу кандай гана улуу бакыт. Устазга бизден, Ислам жана иусулмандардан чырайлуу ажр берсин о.э. үй-бүлөсүө жана бардыгыбызга сабыр жана чырайлуу таъзия берсин.

Сөзүбүздүн акырында Хак Субханаху буюрган сөздөн башка сөздү айтпайбыз:

﴿الَّذِينَ إِذَا أَصَابَتْهُمْ مُصِيبَةٌ قَالُوا إِنَّا لِلَّهِ وَإِنَّا إِلَيْهِ رَاجِعُونَ﴾

«Бирер мусибат келгенде: «Албетте биз Аллахтын (алдынан келдик) жана албетте биз Ага кайтуучубуз» дегендер»                                                                                                [2:156]

 Хизб-ут-Тахрирлин Иордания вилаятындагы маалымат бөлүмү

 

turkistonkg

Recent Posts

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…

1 day ago

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…

4 days ago

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

6 days ago

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…

6 days ago

Амирлик (экинчи бөлүк)

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…

6 days ago

Асыл хадис менен

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…

6 days ago