Жаңылыктар

Сирия менен Түркиядагы зилзала кырсыгына назар

 بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Сирия менен Түркиядагы зилзала кырсыгына назар

 Устаз Ахмад Сурааний

Белгилүү болгондой, Сирия менен Түркиянын аймактарында кырсыктуу зилзала болуп, он миңдеген адам курман болду, мал-мүлктөрдө чоң зыян жеткирилди… Ар эки тарапта тең бүтүндөй шаарлар кулады… Ушундай үрөй учурган окуялардын акыбеттерине токтолуп, керектүү сабак алуубуз керек:

Түркияда кулаган үйлөрдүн саны 75 миңден ашты, жүздөгөн куруучулар камакка алынып, аларга «өкмөт тарабынан тастыкталган зилзалага туруштук берүү өлчөмүн бузуп куруу» айыбы коюлду. Бул, албетте түрк режиминин кайдыгерлигине далалат кылат. Себеби, ал курулуштардын сапатына жана стандартка ылайык келишине көзөмөлдү күчөтпөгөн.

Мындан тышкары, түрк режими зилзаладан пайдаланганын т.а. жабыркаган Сирия калкын Түркиядан чыгып кетүүгө үндөгөнүнө да күбө болдук. Мисалы, түрк режими Сирияга чыгуу үчүн дарбазаларды ачып, үч ай ичинде чыгып кетүүнү шарт кылды, кийин мөөнөттү бир айга кыскартты. Андан соң, түрк режими массалык маалымат каражаттары аркылуу Түркиядан чыккан сириялыктар өз ыктыярлары менен өлкөсүнө кайтып кетишүүдө деп, үгүт иштерин жүргүзүп, шайлоо үчүн пайдаланды. Азыркы учурга чейин Түркиядан Сирияга чыккандардын саны 40 миңден ашканы айтылууда.

Сириянын түндүгүндөгү куткаруу топтору үчүн зарыл болгон жардамдарга келсек, түрк режими менен анын артындагы козголоңго душман Батыш мамлекеттери аларды зилзаланын бешинчи күнүнө чейин Сирияга киргизишкен жок… Урандылар астында калгандардын жаны үзүлгөнгүнө толук ишенүү үчүн атайылап ушундай кылышты. Муну менен эл аралык коомчулуктун чыныгы жүзү ачылып, анын гуманитардык, адам укуктары жана жабыркагандарга жардам берүү сыяктуу доолору жалган экендиги ачылды.

Ошол эле учурда, Сирия режими көзөмөлдөгөн аймактарда зилзаладан көрүлгөн зыяндар аз болушуна карабастан, ондогон мамлекеттер канкор режимге бир катар жардамдарды жөнөтүүгө шашылганына күбө болдук. Сирия режимине мынчалык чуркап, аны менен мамилелерди нормалдаштыруудан максат – Американын ачыктан-ачык көрсөтмөсү аркылуу Сирия режиминин бийлигин сактап калуу. Буга БУУнун башкы катчысынын маалымат катчысы Стефан Дюжарриктин «Түркиядан Сириянын түндүгүнө гуманитардык жардамдар өтүшү үчүн Сирия режими Бабул Хава өткөрүү пунктунан бөлүк дагы эки кошумча өткөрүү пункттарын ачууга ыраазы болду», – деген билдирүүсү мисал болот.

Түркия менен Сириянын түндүгүндөгү азат кылынган аймактар ортосундагы өткөрүү пункттарын ачууга Асад режими макул болушу керек деп БУУ мынчалык үгүт кылышынан эмне максат көздөлгөн, акыры, бул аймактар анын көзөмөлүнөн тышкарыда го?! Мунун себеби, Асадды бийликте кармап калуу жана азат кылынган аймактарды жакынкы келечекте иш жүзүндө анын көзөмөлүнө киришине чөйрө жаратуу. Жараштыруунун атасы болгон түрк режими жасап жаткан иш-аракеттен да ушул максат көздөлгөн.

Ушул кыргынга алып келген зилзаладан алына турган сабак болсо, бул кырсык учурунда бардык Шам калкы кишини таң калтыра турган даражада бири-бирине жөлөк болушту… Миңдеген ыктыярчы сириялыктар зыян көргөндөргө жардам берүүгө катышып, мүмкүнчүлүктөрүнө ылайык бир жакадан баш чыгарышты. Зыян көргөн аймактарга шаар жана айылдардан адамдар агылып келди, муктаждарга жардам берүү туурасында ыңктыярчылар акциясы башталды… Бул иштер зыян көргөн сириялыктарды жардамсыз калтырууга эл аралык даражада тил бириктирилип жатканда исламий боордоштук жана өз ара ишенимин башкача көрсөттү.

Бул окуя жамаий аракет баарыбыздын нажат курубуз экенине бизди ишендириши керек. Себеби, бул козголоңубузда нусратка жетишибизге себеп болуучу жемиштүү аракет жана бул үчүн козголоңчулардын ар бири өз регионунда тартиптүү түрдө аракет кылуулары жана саптарын бириктирип, козголоңдун аскерий жана жарандык уюмдарын түзүүлөрү керек.

Андан кийин бул уюмдар бири-бири менен байланышып, козголоңдун өзгөргүс максаттарын бекем кармаган бир ыңкылаптык денеге айланышат жана тартып алынган максаттарын кайтарып алып, козголоңдун азыркы эскирген-чирик машинасын алмаштырышат жана жаңы машинада жолго чыгышат, анын рулун Дамасктагы канкор режимди кулатуу жана анын урандылары үстүнө Ислам бийлигин орнотууга умтулуп жаткан калыс аң-сезимдүү саясий жана аскерий жетекчиликтин колуна тапшырышат. Себеби, Аллахтын нусраты ушул нусраттын шарттарын аткарган жана ал үчүн олуттуу, калыс аракет кылган кишилер үчүн өтө жакын.

﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا إِنْ تَنصُرُوا اللهَ يَنْصُرْكُمْ وَيُثَبِّتْ أَقْدَامَكُمْ

«Эй момундар, эгер силер Аллахка жардам берсеңер, Ал да силерге нусрат-жардам берет жана согуш майданында  кадамыңарды бекем кылат»                                                   [47:7]

 

Роя гезити, №435, 2023-жыл, 22-март.

turkistonkg

Recent Posts

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…

1 day ago

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…

5 days ago

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

6 days ago

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…

7 days ago

Амирлик (экинчи бөлүк)

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…

7 days ago

Асыл хадис менен

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…

7 days ago