Рамазан – жоопкерчиликтер жана биринчи даражалуу вазыйпалар айы

1009
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Рамазан – жоопкерчиликтер жана биринчи даражалуу вазыйпалар айы

 Устаз Халид Саид

Хизб-ут-Тахрирнинг Фалестин

жериндеги маалымат бөлүмүнүн мүчөсү

Индивидуализм жана эгоизмге каршы күрөш – Исламдын мабда катары өзгөчө маанилүү сыпаты. Себеби, Ислам кишини жеке иштерин кылуу, өзүн оңдоо жана жашоо таризин тартиптештирүүгө чакыруу менен бирге башкаларга көңүл бурууга жана коомундогу адамдардын кызыкчылыгын да ойлоого буюрган. Башкаларга көңүл буруу бардык адамзатты өз ичине алат. Себеби, Ислам дүйнөлүк рисала болуп, адамзатты жахилият жана караңгылыктан хидаят жана жакшылык нуруна алып чыгат.

Мубарек Рамазан айында өтө көп көрүнүштөр жүзө келет. Бул көрүнүштөр мусулмандарды ушул нерселер жөнүндө пикирлеп, аң-сезимдүү түрдө ойлонууга үндөйт. Бул нерсе мусулмандарга өз абалын өзгөртүүгө жардам бериши, натыйжада мусулмандар өз ролун аткарып, уммат катары аларга жүктөлгөн жоопкерчиликтерди аткарышы керек. Мусулман киши тар индивидуализм кийимин чечип, ал улуу Умматтын бир бөлүгү экенин түшүнүшү үчүн башын кең асманга көтөрүшү идирек жана аң-сезимдин алгачкы белгилеринен болуп эсептелет.

Расулуллах ﷺдын:

«كُلُّكُمْ رَاعٍ وَكُلُّكُمْ مَسْؤُولٌ عَنْ رَعِيَّتِهِ»

«Ар бириңер жетекчисиңер жана ар бириңер кол астыңардагыларга жоопкерсиңер», деген сөзү ар кандай жоопкерчиликке жана ага байланыштуу нерселерге негиз болуп эсептелет. Бул жоопкерчиликтер мамлекеттин өкүмдары же халифада көөдөлөнгөн бийлик тепкичтеринин эң жогоркусунан башталып, аст-секин ылдыйга түшө берет жана бир-бирден ар бир адам жана эркек-аялды өз ичине алат.

Жоопкерчилик даража жана багыттары боюнча ар түрдүү болгондуктан, алар аткарылып жатканда биринчи даражалуу үстөм вазыйпалар ортого салынышы табигый. Ошондуктан, ушул башкы вазыйпаларды тартиптештирүү үчүн өлчөө жана чек болушу керек. Башкы вазыйпа маселеси адамдын нафси-каалоосуна таштап коюлбайт. Ушул себептен улам, мусулман кишинин назарындагы башкы вазыйпаларды тартиптештирүү үчүн Аллах Тааланын:

﴿أَجَعَلْتُمْ سِقَايَةَ الْحَاجِّ وَعِمَارَةَ الْمَسْجِدِ الْحَرَامِ كَمَنْ آمَنَ بِاللَّهِ وَالْيَوْمِ الْآخِرِ وَجَاهَدَ فِي سَبِيلِ اللَّهِ لَا يَسْتَوُونَ عِندَ اللَّهِ وَاللَّهُ لَا يَهْدِي الْقَوْمَ الظَّالِمِينَ﴾

«Силер ажыларга суу берүүнү жана Масжид-ал-Харамды абат кылууну Аллахка жана Акырет Күнгө ыйман келтиргендерге о.э. Аллах жолунда жихад кылгандарга тең деп билдиңерби? Алар Аллахтын алдында тең эмес. Аллах заалим коомду хидаят кылбайт» [9:19]

деген аяты келген. Бул аят ыйман келтирип, жихад кылуу – ажыларга суу берүү, кызмат кылуу, Масжидул Харамды абат кылуу амалдарынан мурун жасала турган амал экенин белгилеп берди жана биринчи даражалуу вазыйпаны анык баян кылды. Себеби, фарздар нафлдардан мурун турат, усул фуруъдан мурун турат.

Бүгүнкү күндө мусуландардын абалына назар салсак, көйгөйлөр өтө көбөйүп, чечимдер башаламан болуп кеткенин көрөбүз. Ушул себептен улам, алар проблемалардан аман чыгышы үчүн башкы амал-вазыйпаларды тартиптештирүү керек. Биринчи даражалуу вазыйпалардын тизмесинин башында Исламды колдонуу, мусулмандарды бириктире турган, умматтар арасындагы мусулмандардын ордун жана өздүгүн белгилеп бере турган бир мамлекетти тикелөө маселеси турат. Ошондуктан, Рамазанда жана башка маалдарда да жалаң гана Куръан окуу жана чырайлуу тилават кылуу амалдарына көңүл буруп, бирок, Куръан өкүмдөрүнүн бекер кылынышына жана чектөөлөрү тебеленишине этибар бербөө таптакыр туура эмес. Намазды аткаруу фарзы менен Аллах түшүргөн өкүмдөр аркылуу өкүм жүргүзүүнүн фарзын, орозо кармоо фарзы менен халифа шайлоо фарзын, хаж фарзы менен жихад фарзын ажыратуу бүтүндөй кабыл алгыс нерсе. Себеби, Аллахтын өкүмдөрү бири-бирине байланып, адам, коом жана мамлекет үчүн чечимдерди берген.

Ислам алып келген ишеним, өлчөө жана өкүмдөрдү аткаруучу орган катары мамлекеттин болушу Исламда өтө маанилүү болуп эсептелет. Шариятты колдонууну ибадат жана ахлак сыяктуу адамдын жеке абалына тиешелүү өкүмдөргө жана чечимдерге чектөө Исламдын көпчүлүк өкүмдөрүн бекерге чыгарат. Бир гана ибадат жана ахлак сыяктууларга чектелсе, башка өкүмдөргө, мисалы, экономикалык жана социалдык мамилелер, Аллах жолундагы жихад, тышкы саясат, жаза чаралар, таалим системасы, окуу программаларын түзүү, массалык маалымат каражаттары жана башка көптөгөн маселелерге тиешелүү өкүмдөргө кандай амал кылынат? Дагы булардан башка көптөгөн өкүмдөр бар, алар Ислам өкүмдөрүнүн бештен төрт бөлүгүн түзөт. Мамлекет жок болгондуктан алардын баары колдонулбай жатат. Набий ﷺ айтат:

«كَانَتْ بَنُو إِسْرَائِيلَ تَسُوسُهُمُ الأَنْبِيَاءُ، كُلَّمَا هَلَكَ نَبِيٌّ خَلَفَهُ نَبِيٌّ، وَإِنَّهُ لا نَبِيَّ بَعْدِي، وَسَيَكُونُ بعدي خُلَفَاءُ فَيَكْثُرُونَ»، قَالُوا: فَمَا تَأْمُرُنَا؟ قَالَ: «فُوا بِبَيْعَةِ الْأَوَّلِ فَالْأَوَّلِ، وَأَعْطُوهُمْ حَقَّهُمْ، فَإِنَّ اللَّهَ سَائِلُهُمْ عَمَّا اسْتَرْعَاهُمْ»

«Бани Исраилге пайгамбарлар саясат жүргүзүшөт эле. Бир пайгамбар өлсө, артынан башка бир пайгамбар келчү. Менден кийин болсо пайгамбар жок. Халифалар болот жана алар көбөйүп кетишет, – деди. Ошондо: Бизди эмнеге буюрасыз? – деп сурашты: Биринчисинин, биринчисинин гана байъатына бапаа кылгыла жана алардын акыларын бергиле, себеби, Аллах алардан раъиятты (жарандарды) кандай башкарагандыгы жөнүндө сурайт, – деп жооп берди».

Расулуллах ﷺдын ушул хадисинде келгендей, мамлекетти сактоо Ислам дининин жогорку максаттарынын бирине айланганы мамлекеттин бар болушунун маанилүүлүгүн дагы да бекемдейт:

«إِذَا بُويِعَ لِخَلِيفَتَيْنِ، فَاقْتُلُوا الآخِرَ مِنْهُمَا»

«Эгер, эки халифага байъат берилсе, кийинкисин өлтүргүлө».

«مَنْ أَتَاكُمْ وَأَمْرُكُمْ جَمِيْعٌ عَلَى رَجُلٍ وَاحِدٍ، يُرِيدُ أَنْ يَشُقَّ عَصَاكُمْ، أَوْ يُفَرِّقَ جَمَاَعَتَكُمْ، فَاقْتُلُوهُ»

«Кимде-ким баарыңардын ишиңерди бир киши башкарып жатканда келип, биримдигиңерди бөлүүнү же жамаатыңарды бөлүп-жарууну кааласа, аны өлтүргүлө». Бул маселе бүгүнкү күндө жамааттар, адамдар жана уламалар катары бардык мусулмандардан абалды өзгөртүү жана бир вужудда биригүү өтө зарыл экенин кайра карап чыгууну талап кылат.

Мусулмандардын эң негизги маселелеринин бири болгон Фалестин маселеси туурасында биринчи даражалуу вазыйпаларды белгилөөдө маселе жүзөгө келген. Анткени, өкүмдарлар Умматты адаштыруучу аракеттерди жасашып, Фалестинди азат кылуудан чалгытышууда. О.э. максатка алып барбай турган экинчи даражалуу нерселер менен анын энергиясын түгөтүүгө аракет кылып жатышат.

Жалган-жасалма өкүлдүктүн ээси болгон Иордания режими негизги этибарын Акса мечитин оңдоп-түзөөгө, килем жана жайнамаздарын жаңылоого караткан. Ал эми, Иран режими «Куддус гвардиясы» деп аталган бөлүк түзүү жана ар жылы Рамазан айынын акыркы жумасын Куддус күнү деп белгилөө аркылуу Масжидул Аксаны текке кетирүүдө. Марокко режими Куддус комитетине төрагалык кылып жатканын айтып жаткан болсо, Түрк режими эч кандай мааниси жок, Фалестинге таасири да болбогон кызыл сызыктарды айтууда… Ал Акса мечитин кишендерден куткаруу жана бүткүл Фалестинди азат кылып, Фалестинди яхудийлердин ыпластыгынан тазалоо үчүн олуттуу аракет кылуунун ордуна, мына ушундай кызыл сызыктары менен Умматты адаштырууну жана чалгытууну максат кылууда.

Мусулмандар азап тартып жаткан башка региондорго келсек, мисалы, Кытайдагы уйгурлар, Мьянмадагы рохинжалар, Индия жана Африкадагы мусулмандарга келсек, өкүмдарлар аларга нусрат-жардам берүү, зулумдан куткаруу жана төгүлүп жаткан кандарын токтотуп, намыстарын коргоонун ордуна, аларды чалгытуу о.э. кайрымдуулук иштери жана гуманитардык жардамдар менен энергияларын жок кылуу аркылуу компасты башка тарапка бурууга аракет кылып жатышат. Ал тургай, бул жакшы иштер болсо да, бирок, мусулман боордошторубуздун азап-кыйынчылыктарын токтотуу үчүн туура жол эмес.

Ошондуктан, бүгүнкү күндө мусулмандар өздөрүнүн биринчи даражалуу вазыйпасын Аллах жакшы көрө турган жана ыраазы боло турган түрдө тартиптештириши о.э. өкүмдарлар жана алардын куйруктары мусулмандарды адаштырып, туура эмес жолдорго жетектешине жол бербөө керек. Орозо Умматтын биримдигине күбөлүк берип жаткан болсо, кыямул лайлдар кайра көтөрүлүүгө жана ойгонууга чакырууда. Демек, оо, мусулмандар, бул жылдагы Рамазаныңарды Аллахтын Китебин жана Расулунун Сүннөтүн колдоно турган, Аллахтын убадасын жана Расулунун башаратын жүзөгө чыгара турган мамлекетсиз өтүп жаткан Рамазандардын акыркысы кылгыла жана алгачкы тарыхыңарды кайтарып, бүткүл дүйнөгө мурункудай изгилик жана нур жайгыла.

 

Роя гезити, №437, 2023-жыл, 5-апрель.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here