Роя гезити

Яхудийлердин Африкадагы ач көздүгүн Халифалык мамлекетинен башкасы токтото албайт!

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Яхудийлердин Африкадагы ач көздүгүн Халифалык мамлекетинен башкасы токтото албайт!

 Устаз Абдулхалык Ибдун Али

Хизб-ут-Тахрир–Судан

вилаятынын маалымат бөлүмүнүн мүчөсү

Уммат капарсыздыкка малынганда колонизатор кафир Умматтын саясий вужуду, коргоочу чеби, душмандарынан сактоочу бекем таянычы болгон Халифалык мамлекетин кулатууга жетишти. Кафир колонизатор өзүнүн уу канжарын Умматтын жүрөгүнө сайып, аны элүүдөн ашык мамлекеттерге бөлүп салды! Ушул бөлүнгөн жана бытыранды абалды сактап калуу о.э. тирүүлүгү жана саясаты кафир Батышка байланган бул мамлекетчелерди күчсүз жана бири-бирине душман абалда кармап туруу максатында исламий өлкөлөрдүн так ортосуна яхудий вужудун орнотту… Күрөштүн очогу катары Фалестиндин тандалышы капыстык болгон жок, бул иште ушул мубарек жердин акыйдалык, тарыхий жана саясий жактары этибарга алынды.

Яхудийлердеги жалган ишеним карамүртөз ниеттеги кызыкчылыкты ишке ашырууга негизги түрткү болду. Батыштын бул ниети Ислам Умматына сокку берүүдө яхудийлерден курал катары пайдалануу болгон. Бирок, Батыш яхудийлердин аман калышы кыйын экенин жакшы билет. Себеби, мусулман калктар аларды чар тараптан курчап турганда яхудийлер каршы тура алышпайт. Муну түшүнгөн Батыш яхудийлерге муберек жерде вужуд-мамлекет куруп берди, аларды тирүүлүк факторлору менен камсыздады, эң күчтүү куралдар, эң жаңы жарандык жана аскерий техника менен колдоп-кубаттады, чар тарабын исламий өлкөлөрдөгү режимдер менен толук коргоду… Мына ошондо бул мусулман өлкөлөрүндөгү режимдердин саткын жана итааткөйлүгү себептүү яхудийлер башка мусулман өлкөлөрүнө да көз сала башташты.

Төмөндө яхудийлердин Африкадагы ач көздүктөрү жана бул континентке багыт алыштарынын себептери жөнүндө сөз кылабыз:

Африка континенти колонизатор Франция, Англия жана Бельгиянын көңүл борборунда болуп келген. Алардын бул континенттеги ач көздүктөрү бир нече кылымдардан бери орун алып келет.

Суроо – Африка континенти эмне үчүн колонизатор баскынчылардын ач көздүктөрүнө бута болду?

Өтмүштө болобу, учурдабы, Африка континентинин мааниси бир нече себептерге байланыштуу.

Экономикалык жактан карасак, бул континент табигый ресурстарга бай экенин, жыгачтын булагы болгон токойлор сыяктуу чийки сырьё ресурстарынан тартып, кофе, какао, каучук жана тропикалык мөмөлөр сыяктуу башка ресурстарга мол экенин көрөбүз.

Минералдык ресурстар жагынан алсак, бул континент фосфат, алтын, магний, кобальт, темир, өзгөчө алмаз жана өнөр жай сектору үчүн маанилүү кендердин эң ири өндүрүүчүлөрүнүн бири экенин көрөбүз. Маалыматтарга ылайык, казып алынган минералдык ресурстардын 30 пайызы Африка континентинде жайгашкан.

Нефть ресурстарына келсек, Африка нефть өндүргөн мамлекеттерди өз ичине алган эң чоң континент болуп эсептелет, ал жерде жыйырма бир нефть өндүрүүчү мамлекет бар. Учурда дүйнөдө нефть өндүрүүнүн болжол менен 11 пайызын Африка континенти түзөт жана бул болжол менен 80-100 миллиард баррель чийки нефть дегени. БУУнун Соода жана өнүгүү конференциясы ачыктаган отчётко ылайык, бул континент бир нече нефть запастарына ээ, ал жерде дүйнөдүк запастын болжол менен 10 пайызы жайгашкан. Африкадагы нефть казып алуучу аймактарды төрт регионго бөлүүгө болот:

Биринчи, Түндүк Африка: Мисир, Ливия, Тунис, Алжир жана Марокко.

Экинчи, Чыгыш жана Борбордук Африка региону: Судан, Чад жана Конго.

Үчүнчү, Батыш Африка: Нигерия, Того, Камерун, Гана жана Кот-д’Ивуар (Фил сөөгү жээги).

Төртүнчү, Түштүк Африка региону: бул регион континенттин түштүгүн жана Зимбабвени өз ичине алат.

Түндүк Африка мурунку кылымдын жетимишинчи жылдары континетте нефть өндүрүүчү лидер регион болду. Бирок, кийинки үч он жылдыкта абал Батыш Африка регионунун пайдасына өзгөрдү жана ал Африкадагы нефть үчүн эң келечектүү регионго айланды. Себеби, Гвинея булуңу регионунда нефть табылып, учурда Африкада нефть казып алуунун болжол менен 70 пайызын түзүүдө о.э. региондун өндүрүү көлөмү күнүнө болжол менен 9.5 миллион баррелге жетүүдө. Бул Венесуэла менен Мексиканын жалпы өндүрүшүнөн көп. Нефть өнөр жайы адистери бул регионду «Жаңы Кувейт» деп аташына ушул нерсе себеп болгон көрүнөт. О.э. эл аралык күчтөр Африка нефтин казып алууга инвестиция жаткыруу, өздөрүнүн жеке муктаждыктарын кандырууда нефтини импорт кылуу үчүн бул регионго катуу жабышып жатканына күбө болуудабыз.

Башка тараптан болсо, өнөр жайы өнүккөн мамлекеттер үчүн Африка континенти жакшы керектөө базарына айланганын көрүп жатабыз. Себеби, континенттин калкы бир миллиарддан ашат, эки мамлекеттин (Мисир жана Нигерия) калкын кошкондо эле 300 миллионду түзөт… Бул болсо, континетти экспорт үчүн да, өнөр жайы өнүккөн мамлекеттердин продукциясын өндүрүү үчүн да өтө жаратуу керектөө базарына айлантууда.

Бул ресурстар ушул кара континентти табигый ресурстарга бай континентке айлантты. Эгер, алардан жемиштүү пайдаланылса, Африка өз калкынын экономикасын колдоп-кубатташы о.э. өнүгүү жана бакубатчылыкка алып барары турган кеп. Бирок, бул ресурстар дүйнө жана регион мамлекеттерин ушунча байлыктардан дагы да көбүрөөк пайдаланууга кызыктырууда. Буга кошумча, Африканын эли көп. Бул болсо, Африканы өнөр жайы өнүккөн мамлекеттер үчүн ири экспорт базарына айлантат.

Африканы көптөгөн дүйнө жана регион мамлекеттеринин көңүлүн өзүнө тарткан жана арзуу кылынган континентке айланткан нерсе – ал жердеги ресурстар эле эмес, муну менен бирге, Африка ири стратегиялык мааниге ээ континет болуп эсептелет. Себеби, Марокко Гибралтар (Жабали Тарик) кысыгына т.а. өтө маанилүү суу жолу менен чектешет. Бул кысык абдан маанилүү, ал Жер ортолук деңизи үчүн ачкыч милдетин аткарат о.э. нефть соодасы жана деңиз кемелери кыймылы үчүн маанилүү. Сувайш каналы да Мисирдин көзөмөлү астында. Бул канал эл аралык соода жана дүйнөлүк кеме каттамы үчүн маанилүү болгон суу жолу болуп эсептелет. Маанилүү суу жолу болгон Бабул Мандаб кысыгы түштүк ачкычы болгондуктан өтө маанилүү, кеме каттамынын туруктуулугун камсыздаганы үчүн маанилүү саналган бул кысыкты Жибути жана Эритерия да көзөмөлдөйт. Бул суу жолдорунун эл аралык соода жана дүйнөлүк кеме каттамы үчүн маанлүүлүгүн эсепке алганда алар Африка континенти үчүн маанилүү салмакка жана стратегиялык мааниге ээ.

Бирок, Африка, баскынчылар үчүн жалаң өтмүштө гана көз алайткан континент болгонбу? Жок, албетте. Ал жер бүгүнкү күндө да колонизаторлор үчүн ач көздүк континенти болуп турат. Бир нече мамлекеттер бул континентке мурдуларын салып, өкүмдар болуу жана байлыктарын эксплуатация кылууга, региондогу мамлекеттердин коопсуздугуна коркунуч салууга, суу жолдорун көзөмөлдөөгө урунуп жатышканына күбө болуудабыз.

Мубарек жерибиздин баскынчысы яхудий вужуду да – ал мамлекеттердин бири.

Яхудий вужуду Африкага кирүүгө көптөн берип урунуп келет жана бүгүн Африка Союзунун саммитине байкоочу катары мүчө болууга жетишти. Ал континенттеги мамлекеттер менен аскерий, өнөр жай жана айыл чарба тармактарында байланыш орнотууга кызыкдар. Ушул себептен улам, Африка борборлоруна анын элчилери, жогору даражалуу аткаминерлери келе башташты. Андан тышкары, африкалык яхудийлердин чоң бөлүгү Фалестинге көчүп келген. Алардын арасында биринчи кезекте Эфиопиядан келген фалаша бар эле.

Бул жийиркеничтүү вужуддун Африкага кызыгышы жөнү жок болбогон, бул вужуддун жетекчилеринин тынчын бузган нерсе – Нил суулары. Ошондуктан, анын акыркы аракеттери Африка Союзунун саммитине байкоочу катары мүчө болууга алып келди жана бул Африка жерине коюлган ыплас ниеттүү ыплас кадам болду. Шексиз, бул вужуд континенттеги мамлекеттер менен мамиле орнотуп, көптөгөн ийгиликтерге жетишти. (Уландысы бар).

 

Роя гезити, №434, 2023-жыл, 15-март.

turkistonkg

Recent Posts

ИИМ экстремизм шылтоосу менен мусулмандарга зулумдукту күчөтмөкчү

ИИМ экстремизм шылтоосу менен мусулмандарга зулумдукту күчөтмөкчү Ички иштер министрлиги экстремисттик материалдарды сактагандарды да жоопко…

22 hours ago

Мазаммат кылынган хулктар

بسم الله الرحمن الرحيم  АДЕП-АХЛАК  Мазаммат кылынган хулктар (момундар жоготушу керек болгон хулктар)  Убадага тескери…

2 days ago

Жапаров көп векторлуу саясат жүргүзүп жатканын билдирди

Жапаров көп векторлуу саясат жүргүзүп жатканын билдирди Президент Садыр Жапаров кыргыз бийлиги тышкы саясатта көп…

2 days ago

Жөөт вужудун жок кылуу үчүн дуба кылуу тууралуу

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Жөөт  вужудун жок кылуу үчүн дуба кылуу тууралуу Ассаламу алейкум уа рахматуллохи…

3 days ago

Зекетке муктаждардын түгөнүүсү жана фатхтар

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Зекетке муктаждардын түгөнүүсү жана фатхтар Урматтуу бир туугандар “Асыл…

3 days ago

Уяттуулук шарий өкүмдү суроого тоскоол болбойт

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Уяттуулук шарий өкүмдү суроого тоскоол болбойт Урматтуу бир туугандар…

3 days ago