Жаңылыктар

Фалестинди Халифалык азат кылат, демек, аны тикелөө үчүн Умматтын жана армиянын кайратын козгогула

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Фалестинди Халифалык азат кылат, демек, аны тикелөө үчүн Умматтын жана армиянын кайратын козгогула

Оо, мубарек Фалестин жериндеги мужахиддер!

Силерге калыс насаат кылабыз: бул жерге жүрөгүңөрдү жана акылыңарды ачкыла  о.э. тигил саткын мусулман өкүмдарларына жана алардын ортомчуларына эч качан ишенбегиле. Себеби, алар яхудийлердин чабуул жана кылмыштарына шерик. Аллах Таала айттат:

﴿وَلَا تَرْكَنُوا إِلَى الَّذِينَ ظَلَمُوا فَتَمَسَّكُمُ النَّارُ وَمَا لَكُمْ مِنْ دُونِ اللَّهِ مِنْ أَوْلِيَاءَ ثُمَّ لَا تُنْصَرُونَ﴾

«Зулумдук жолун туткан адамдарга таянбагыла, антпесе, силерге тозок оту жетет, силер үчүн Аллахтан башка бир да дос жок, кийин (залимдерди ээрчип кетсеңер) силерге (Аллах тарабынан) нусрат берилбейт»                                                                                  [11:113]

Билип койгула, жеке тартипте каармандык кылуунун өзү яхудийлердин кылмыштарын токтотууга жетиштүү эмес. Себеби, баскынчынын кылмыштары жок болушу үчүн баскынчы өзү жок кылынышы керек. Бул болсо бүткүл Умматтын кубатын, негизинен армияларын өз дини менен азиз-күчтүү болгон Фалестин калкына нусрат берүүгө аракетке келтирүүнү талап кылат. Анткени, Фалестин маселеси – Уммат маселеси. Ошондуктан, силердин кайрылууңарда ушул нерселер көрүнүп турушу керек. Демек, Уммат жана Уммат кошуундарына кайрылгыла, Аллах Тааланын:

﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا مَا لَكُمْ إِذَا قِيلَ لَكُمُ ‌انْفِرُوا فِي سَبِيلِ اللَّهِ اثَّاقَلْتُمْ إِلَى الْأَرْضِ أَرَضِيتُمْ بِالْحَيَاةِ الدُّنْيَا مِنَ الْآخِرَةِ فَمَا مَتَاعُ الْحَيَاةِ الدُّنْيَا فِي الْآخِرَةِ إِلَّا قَلِيلٌ﴾

«Эй момундар, силерге эмне болду, Аллах жолунда (жихадга) чыккыла делсе өз жериңерге жабышып алдыңар?! Акырет (ниъматтары)нан жүз үйрүп, дүйнө тирүүлүгүнүн (лаззаттары)на ыраазы болосуңарбы?! Акырет алдында бул дүнүйө матасы абдан аз нерсе го?!»                                                                                                                               [9:38]

деген сөзүнө жооп беришсин о.э. таква жана жоопкерчилигине таянып согуш баштап, Акса мечитин жана анын айланасын азат кылуу үчүн Аллах жолунда жихад жарыялашсын!

Оо, мусулмандар!

Бул мубарек жер ар дайым яхудийлер, АКШ, колонизаторлор жана алардын бардык алкыштоочуларынын кекиртегине сайылган сөөк болуп кала берет… ал жерде колонизатор да, саткын да туруктуулукка жетишпейт.

﴿وَلَقَدْ كَتَبْنَا ‌فِي ‌الزَّبُورِ مِنْ بَعْدِ الذِّكْرِ أَنَّ الْأَرْضَ يَرِثُهَا عِبَادِيَ الصَّالِحُونَ﴾

«Чындыгында Биз (Лавхул-махфузда) зикир кылгандан кийин Забурда: «Албетте (бейиштин) жерине менин салих пенделерим мураскор болушат», деп жазып койгонбуз»            [21:105]

Силер ушул күндөрдө Халифалыктын кулатылышы эскерилип жатканда Халифалыктын кулашы менен Фалестин да кулаганын унутпагыла. Демек, биз силерди Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалыкты тикелөөгө, аны тикелеп жаткандарга нусрат-жардам берүүгө чакырабыз. Аллахка ант, күч-кубат да, бүткүл адамзаты куткаруу жолу да – Халифалык. Демек, Аллах Тааланын кайрылуусун кабыл алгыла:

﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا كُونُوا أَنْصَارَ اللَّهِ﴾

«Эй момундар, Аллахтын ансар-жардамчылары болгула!»                                       [61:14]

﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا إِنْ تَنْصُرُوا اللَّهَ ‌يَنْصُرْكُمْ وَيُثَبِّتْ أَقْدَامَكُمْ﴾

«Эй момундар, эгер Аллахка жардам берсеңер, Ал да силерге нусрат-жардам берет жана кадамыңарды бекем кылат»                                                                                           [47:7]

 

Роя гезити, №434, 2023-жыл, 15март.

turkistonkg

Recent Posts

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…

1 day ago

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…

4 days ago

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

6 days ago

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…

6 days ago

Амирлик (экинчи бөлүк)

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…

6 days ago

Асыл хадис менен

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…

6 days ago