بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ
Оо, Ислам даъватын дүйнөгө жайып жаткандар, ушуга бекем ишенгиле –Уммат силерди ээрчийт!
Кадырлуу ага-инилер жана даъватты дүйнөгө жайып жаткандар, ушуга анык ишенгиле – Уммат силерди ээрчийт. Бирок, Умматтан алыстаткан тоскоолдуктар бар. Мисалы, колонизатор кафирдин учурдагы режимдерге жана расмий чөйрөлөргө өкүмдарлык кылып, кылмышкер бийликтерге таасирин өткөрүп жаткандыктан адамдар бийлик ушул тогут күчтүн колунда деп ойлошууда… Акыйкатта болсо, бул күч чирип да калды, мыйзамдуулугун жоготуп айыбы да ачылды жана ал түзгөн парламенттерде депутаттар кудум манекенге айланышты. Ал тургай, парламентте бир депутат ордунан туруп, Иорданияда болгондой, биз колонизатор душман тарабынан тургузулган жана аны коргогон көз каранды мамлекетпиз, ал өз байлыктарыбыздан пайдаланышыбызга жол бербей жатат жана ушундай күчсүз абалда туруубузду каалап жатат деп ачык айтып жиберди. Бүгүн мындай сөздөрдү чириген мамлекеттерге караштуу мекемелер жана ушул режимдин перзенттери айтып калды. Себеби, алар акыйкат менен туш келүүдө. Ошондуктан, «Умматтын жетекчилиги биздин колубузда» деген сөзүбүз туура жана чындык сөз. Себеби, биз Уммат менен бир тилде, бир туйгуда, бир максатта, бир жолдо, бир пикирде жана бир динде биригебиз. Уммат менен ортобузда эч кандай ажырым жок. Кала берсе, Уммат динди көтөрүп чыгып жаткандарга ишенүүдө жана бул ишеним күндөн-күнгө бекемделип жатат. Демек, кадырлуу ага-инилер, Уммат жетекчилиги өзгөрүү үчүн аракет кылып жаткан момундар тобунун колунда экенине ишеничиңер бекем болсун. Бул топ өзгөрүү үчүн аракет кылды жана эч жагынбай, мактанбай, кошоматчылык кылбай, убада-шертинен кайтпай өзгөрүү манхажын ачык-айкын көрсөтүп берди.
Оо, даъват жоопкерчилигин желкесине көтөрүп чыккандар, силер Умматка сабыр-кайратыңар, ишенимиңер жана убада-шертиңер менен жетекчилик кылып жатасыңар. Ушул нерсе силерди Умматка иш жүзүндө жетекчилик кылууга татыктуу кылууда. Маселе – алдыбызда турган тоскоолдуктарды кулатуу маселеси. Бул тоскоолдуктарга – Аллахтын жардамы менен уруксаты менен – албетте таасирибизди өткөрүшүбүз жана аларды талкалашыбыз шарт.
﴿وَنُرِيدُ أَنْ نَمُنَّ عَلَى الَّذِينَ اسْتُضْعِفُوا فِي الْأَرْضِ وَنَجْعَلَهُمْ أَئِمَّةً وَنَجْعَلَهُمُ الْوَارِثِينَ﴾
«Биз болсо ал жерде кордолгон кишилерге камкордук кылууну, аларды (кордук, бечаралыктан чыгарып, адамдарга) башчы заттарга айлантууну жана аларды мураскорлор кылууну каалайбыз»
[28:5]
Бул шексиз жүзөгө чыгат, иншаАллах.
Роя гезити, №432, 2023-жыл, 1-март.
Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет 20-январда ант берип, кайрадан…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адам досунун динине ээрчийт Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…
18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…