Ислам Умматы – дүйнөнү куткарууга аракет кылган роббаний Уммат

788
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Ислам Умматы – дүйнөнү куткарууга аракет кылган роббаний Уммат

Ислам келип, өз акыйдасы менен адамдардын акыйдаларын жана жашоо жөнүндөгү пикирлерин өзгөрттү. Өз шарияты менен адамдардын турмуштук иштерин тартиптештирди. Исламды кабыл алгандар караңгылыктагы адамдарды нурга, пенделерге ибадат кылуудан пенделердин Роббисине ибадат кылууга алып чыккан өкүлдөргө айланышты. Бул Расулуллах ﷺ тирүү кезинде да, дүйнөдөн өткөндөн кийин да мусулмандардын адаттагы иштери болгон. Сахабий Робиъ ибн Аамир розияллаху анхуга карагыла. Пайгамбар алайхиссаламдын мектебин жогорку даражада бүтүрүп чыккандардын бири болгон бул инсан адамдарга Исламды өтө чырайлуу түрдө жеткирди. Фарс командачысы Рустам андан: «Бул жерге силерди эмне жиберди?», – деп сураганда, ал мындай деген: «Аллах бизди Өзү каалаган пенделерин пенделерге ибадат кылуудан Аллах Таалага ибадат кылууга, дүйнө тардыгынан Акырет кеңдигине, диндердин зулумунан Ислам адилетине чыгаруу үчүн жиберди. О.э. Аллах бизди адамдарды динге даъват кылуубуз үчүн жиберди. Ким кабыл алса, биз да кабылдайбыз жана артка кайтабыз, андан жана жеринен кетебиз, жерин өзү башкарат. Ким баш тартса, Аллахтын убадасына жетмейин согуша беребиз», – деди». (Табарий «Русул ва мулук» китебинде риваят кылган). «Жиберди» сөзү Аллах Субханаху ва Таала расулдарынын мойнуна жүктөгөн милдетти биздин да мойнубузга жүктөдү дегенди түшүндүрөт. Ушуга көңүл бургула, бул – Исламды бүткүл адамзатка сунуштоо вазыйпасы. Турмушта анбия жана расулдар калбаган соң, демек, бул милдет Ислам Умматынын мойнуна түшкөн. Уммат Кыямат күнүнө чейин желкесинде Ислам нурун жана адилетин көтөрүү, дүйнөнү караңгылыктан куткаруу, адамзатты зулумдан, бактысыздыктан, кордук жана кулдуктан куткарып, Ислам башкаруусу астында бакубат жана бейпил жашоого алып чыгуу менен шугулданат.

 Роя гезити, №433, 2023-жыл, 8-март.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here