Жаңылыктар

Садыр Жапаров Түркияга иш сапары менен барат

Садыр Жапаров Түркияга иш сапары менен барат

 Кабар: Президент Садыр Жапаров 15-16-мартта Түркиянын Анкара шаарына иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди. Сапардын алкагында мамлекет башчы Түрк мамлекеттеринин уюмуна (ТМУ) мүчө өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын кезексиз саммитине катышат.

 “Кырсыктарды башкаруу жана гуманитардык жардам” деп аталган жыйында табигый жана техногендик коркунучтардан улам келип чыккан табигый кырсыктар о.э. жамааттык чара көрүү маселелери талкууланары кабарланды.

 Саммитке уюмга мүчө мамлекеттердин – Кыргызстан, Түркия, Азербайжан, Казакстан жана Өзбекстандын башчылары катышат. Саммиттин ишине Венгриянын премьер-министри жана Түркмөнстан парламентинин төрагасы байкоочу макамында катышат..

 “Сапардын алкагында мамлекет башчысынын Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушуусу да пландалып, анын жүрүшүндө эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери талкууланат”, – деди Муратбек Азымбакиев.

Комментарий: Бүгүнкү күндө Түрк мамлекеттери уюму деп аталган эл аралык уюм түрк тилдүү элдер ортосундагы мамилени бекемдөө максатында 2009-жылы 3-октябрда кол коюлган “Нахчиван макулдашуусу” негизинде түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши деген аталыш менен Кыргызстан, Казакстан, Азербайжан жана Түркия ортосунда түзүлгөн эле.

 Бул уюмга Венгрия 2018-жылы байкоочу макамы менен кошулду. 2018-жылдын 30-апрелинде Өзбекстан да мүчө болуу каалоосун билдирип, 2019-жылы 14-сентябрда уюмдун толук кандуу мүчөсүнө айланды.

 2021-жылдын 12-ноябрында Стамбулда болуп өткөн Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтык кеңешинин VIII-Стамбул саммитинде уюмдун аталышы Түрк мамлекеттеринин уюму болуп өзгөртүлдү жана Түркмөнстан да уюмда байкоочу макамына ээ болду. Бүгүнкү күндө уюмдун ишмердүүлүгүн координациялоочу башкы катчылык Түркиянын Стамбул шаарында жайгашкан.

 Бир аз тарыхка кайрылсак, расмий Вашингтон 2020-жылы 8-февралда АКШнын Борбор Азия боюнча 2019-2025-жылдарга болжолдонгон жаңы стратегиясын жарыялаган.

Стратегияда АКШнын аймактагы саясатына тиешелүү алты багыт баяндалган:

  1. Борбор Азия мамлекеттеринин эгемендүүлүгүн жана өз алдынчалыгын бекемдөө, жалпы аймакка көмөктөшүү;
  2. Борбор Азияда террор коркунучун азайтуу;
  3. Афганистанда туруктуулукту камсыздоо аракеттерин кеңейтүү;
  4. Борбор Азия менен Афганистандын байланышын күчөтүү;
  5. Укуктук реформаларды ишке ашыруу жана адам укуктарын урматтоо;
  6. АКШнын инвестициясын Борбор Азияны өнүктүрүүгө тартуу. Мындан тышкары, АКШ аталган стратегиянын алкагында Борбор Азияга 9 млрд доллар өлчөмүндө жардам бере турган болгон.

  “АКШнын Борбор Азия иштеринде ийгиликтүү катышуусу биздин коопсуздугубузду камсыздоого жана чет өлкөдө мекенибиз, жарандарыбыз жана кызыкчылыктарыбызды коргоого жардам берет… Аймактагы беш мамлекет менен жакын мамилелер жана кызматташтык АКШнын баалуулуктарын жайылтууга жардам берет о.э. аймактагы кошуналардын таасирине каршы турууну камсыздайт. Америка бизнеси үчүн мүмкүнчүлүктөрдүн кеңейиши аймактагы экономикалык жыргалчылыкты күчөтөт о.э. АКШда жумуш менен камсыздоого жана өнөржайды өнүктүрүүгө жардам берет”, – деп айтылган документте.

 АКШнын ушул стратегиясынан кийин түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгы деп аталып келген уюм Түрк мамлекеттери уюму болуп өзгөрдү жана Вашингтон Эрдоганга Эрдоганга аймакта АКШнын жаңы стратегиясын ишке ашырууда ортомчулук кылуу милдетин жүктөдү. Ошол себептен да Эрдогандын Түрк мамлекеттер уюмун түзүү аракеттерине АКШнын ушул жаңы стратегиясынын алкагындагы иш катары карашыбыз керек.

Дагы бир айта кетүүчү нерсе, Түрк мамлекеттери уюму эч качан мусулмандар жөнүндө кайгырбайт жана аларды коргобойт. Мисалы, бул уюмдун башкы катчысы Багдад Амреев уйгурлар маселесинде уюмдун позициясын билдирип: “Бул Кытайдын ички иши, биз башка мамлекеттердин ички иштерине аралашпайбыз”, – деген. Демек, Түрк мамлекеттери уюму Американын колундагы бир курал болуп, расмий Вашингтон аймактагы мамлекеттерге Эрдоган аркылуу таасир өткөрүүгө аракет кылууда.

 Абдурахман Адилов

turkistonkg

Recent Posts

Жапаров дин боюнча мыйзамга кол койду

Жапаров дин боюнча мыйзамга кол койду Кыргызстан президенти Садыр Жапаров коомдо катуу каршылыкка учураган Дин…

11 hours ago

Миллиардерлердин жалпы байлыгы үч эсе тез өстү

Миллиардерлердин жалпы байлыгы үч эсе тез өстү Дүйнөдө миллиардерлердин жалпы байлыгы 2023-жылкыга салыштырмалуу үч эсе…

1 day ago

Бербок колониалдык миссиянын кызматында

Басма сөз баянаты Бербок колониалдык миссиянын кызматында 2025-жылдын 3-январында Германиянын тышкы иштер министри Анналена Бербок…

2 days ago

Дин – жеңилчилик

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Дин - жеңилчилик Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…

3 days ago

Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук 32 % өстү

Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук 32 % өстү Кыргызстанда 2024-жылы 17 316 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталды. Бул…

4 days ago

Газа боюнча келишим: Ким жеңди?

Газа боюнча келишим: Ким жеңди? Баскынчы жөөт өкмөтү Газадагы согушту токтотуп, туткундарды бошотуу тууралуу ХАМАС…

4 days ago