بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ
ЮНИСЕФ уюму өлкөбүздө уусун чачууда…
Ким аны токтотот?!
Устаз Абдулхалык Эбдун Алий
Хизб-ут-Тахрирдин Судан вилаятындагы
маалымат бөлүмүнүн мүчөсү
Судан мамлекети өткөн-кеткенге тизгинин бере бере турган бейбаш бээге окшоп калды. Айрымдар Судандын жеке жана эң маанилүү иштерине да мурдун салууда.
https://alahdonline.net/ веб-сайтында «ЮНИСЕФ орто мектептин башталгыч баскычына миллиондогон доллар төлөп жатат» деген темада кабар жарыяланды. Кабарда мындай делет: «БУУ расмийи маалым кылышынча, ЮНИСЕФ башталгыч баскычтын 5 миллион окуучусуна грант берүүнү баштаган. Бул Судандын 11ден ашуун вилаяттарын өз ичине алып, 4 миллион 500 миң долларды түздү жана ар бир окуучуга 1 доллардан туура келди».
https://www.assayha.net/ сайтынын кабарына ылайык, массалык маалымат каражаттарына айтуу укугуна ээ болбогону үчүн өз ысымын ачыктабоону туура көргөн ушул БУУ расмийи айтышынча, Хартум, Казариф, Жазира, Түндүк Кордофан, Ак Нил вилаяттарынын мектептери грант алуу үчүн бланкаларды толтурган, башкалары болсо эбак эле алып бүткөн.
Ушул булактын айтымында, «ЮНИСЕФ уюму грант берип жаткан 11 вилаяттар: Хартум, Ак Нил, Көк Нил, Казориф, Кассала, Жазира, Түндүк Кордофан, Түштүк Кордофан, Батыш Кордофан, Түндүк Дарфур жана Синнар. Грант берүүнүн биринчи бөлүгү Хартум, Ак Нил, Казориф, Кассала жана Түндүк Кордофандан башталып, дагы эле уланууда. Атайын топтор ушул вилаяттарда окуучулардын эсебин алуу үчүн мектеп директорлоруна кайрылышууда. Жогоруда айтылган каражат мектеп администрацилары окуу жараяны үчүн жабдууларды сатып алууга иштетиши мүмкүн».
Эгер, Судан мамлекетинде камкордук менен башкаруу деген нерсе болгондо, мындай күмөн астындагы уюм окуучуларга жардам берүүгө аралашмак эмес. Учурдагы бул абалдагы мамлекет бир күн да өкүм жүргүзүүгө татыктуу эмес. Эгер, биздин Исламга негизделген мабдаий мамлекетибиз болгондо, мындай кылмыштуу аралашууларды жок кылмак.
https://www.almashhad-alyemeni.com/ веб-сайты 2021-жылы 19-ноябрда мындай кабар тараткан: «БУУнун ЮНИСЕФ уюму араб мамлекеттериндеги балдар арасында гомосексуализм жана бузукулукту таратканы үчүн адамдардын катуу ачуулануусуна учурады. Уюм бир баланын сүрөтүн жана ЛГБТ байрагын жарыялап, «бул бала ЛГБТдан» деп жазган о.э. араб балдарын ушул баланы гомосексуализмдин тарапкери катары колдоого чакырган. Баланын сүрөтүнүн жанына уюм мындай деп жазган: «Бул 16 жаштагы Хуайри Хулухан, ЛГБТнын Ирландиядагы активисти, балдар укугунун тарапкери… Бул жылдагы бүткүл дүйнөлүк балдарды коргоо күнүндө Хуайриге бет ал жана балдарды коргоонун тарапкерлери болгон башка теңтуштарың менен тааныш».
2017-жылы 7-апрелде «Ал-Жазира нет» ушул кабарды таратты: «Яман билим берүү министри Абдуллах Ламлас билдиришинче, ЮНИСЕФ мыйзамдуу өкмөткө караштуу Адан жана Мукалла шаарларындагы басмаканаларда мектеп китептерин басып чыгарууну каржылоодон баш тартты, бирок, Санъада окуу программаларын басып чыгыруу үчүн Хусийлерди 1000 тонна кагаз жана китеп менен камсыздады. Бул китептер таалим программаларын мазхабчылдык негизде өзгөртүүнү өз ичине алат. Министрликтин айтымында, Хусийлер таалим программаларын өзгөртүүгө урунуп, бирок, бир же эки жылда муну ишке ашыруусу кыйын болду. Мына ошондо эң оңой жолун т.а. Куръан аяттарынын жана хадиси шарифтердин белгилүү бир бөлүктөрүн алып салуу жолун табышты. Мисалы, «Шамс» жана «Нур» сүрөлөрүн о.э. Аиша энебизге доомат кылуу окуясы китептерден алынды. Сахабалардын ысымдары, негизинен, Абу Бакр, Умар жана Усмандын ымысдары да жок кылынды».
2020-жылы 12-апрелде «Арабия нет» сайтында мындай кабар жарыяланды: «Ирандын диний лидери Ал-Хаменеийдин ыңкылаптык гвардиясынын Куддус күчтөрүнүн өкүлү ЮНИСЕФти Ирандагы үй-бүлөнү, коомду бузуу максатында шектүү пландарды жасап жатат деп айыптады.
Али Широзий «Тасним» Иран маалымат агенттигинде жарыяланган өз макаласында: «ЮНИСЕФтин Ирандагы вазыйпаларынын бири – ирандыктардын жашоо таризин батышча жашоо таризине өзгөртүү», – дейт. Ал: «БУУ каражатты АКШ эл аралык өнүгүү агенттигинен алат жана ушул аркылуу Иранда өз программаларын ишке ашырууга урунууда», – деп баса белгиледи. Ушуга таянып Шеразий: «Батышты үгүттөөдө, балдардын укуктары деген кооз аталыш астында балдардын аң-сезимине Батыш баалуулуктарын сиңдирүүдө», – деп ЮНИСЕФти айыптады. Ал: «ЮНИСЕФ АКШнын кызматкери болуп, Батыш сакафатын бекемдөөдөн башка максаты жок», – деди. Батыштын мындай ниеттерине каршы турууга чакырган Ширазий мындай дейт: «Биз Батыш баалуулуктарын коргогон эл аралык уюмдар Иран Ислам Республикасында өзүнүн карамүртөз максаттарын биздин колубуз менен коопсуз ишке ашырууга багытталган ар кандай аралашуусуна жол бербешибиз керек»».
Аллах акысы айткыла, эмнеге, силер, Судан калкы, 98% эли мусулман болгон өлкөңөргө Батыш уюмдары кирип келип, окуучуларыңар менен иштешип, алардын мээсине ЛГБТ укуктарын сиңдирүүлөрүнө жана сахабалардын образдарын бузуп көрсөтүүлөрүнө жол берип жатасыңар?!
Судан мамлекети бул бузуку уюмдун мына ушундай ачык аралашуусуна сүкүт кылып жаткандыгы, ал тургай, окуучуларга акча таратышына жол бергени өтө-өтө кооптуу. Айрыкча, тарыхы кара бул уюм окуучу балдар жана кыздар арасында Батыштын бачабаздык жана бузукулуктан турган сакафатты жаюуга аракет кылып жатканда бийлик адашуудан башы чыкпай, перзенттерибиздин тагдырына көңүл да бурбай жатат. Негизи, бийлик жогорудагы кылмыштарды четке кагышы керек. Себеби, алардын акыбети бузукулук жана төмөндүктүн кеңири жайылышына алып келет. О.э. бул сыяктуу уюмдарды Судандан кууп чыгарышы кажет. Кыскасы, ЮНИСЕФ жана башка уюмдарды жок кылуу үчүн түпкү бир чечим – бул артында туруп согуш кылына турган жана аны менен коргонула турган Халифалыкты тикелөө. Халифалык гана өлкө-жаранды мына ушундай шектүү уюмдардын аралашуусунан коргойт.
Роя гезити, №429, 2023-жыл, 8-февраль.
Жапаров дин боюнча мыйзамга кол койду Кыргызстан президенти Садыр Жапаров коомдо катуу каршылыкка учураган Дин…
Миллиардерлердин жалпы байлыгы үч эсе тез өстү Дүйнөдө миллиардерлердин жалпы байлыгы 2023-жылкыга салыштырмалуу үч эсе…
Басма сөз баянаты Бербок колониалдык миссиянын кызматында 2025-жылдын 3-январында Германиянын тышкы иштер министри Анналена Бербок…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Дин - жеңилчилик Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…
Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук 32 % өстү Кыргызстанда 2024-жылы 17 316 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталды. Бул…
Газа боюнча келишим: Ким жеңди? Баскынчы жөөт өкмөтү Газадагы согушту токтотуп, туткундарды бошотуу тууралуу ХАМАС…