«Триполи жана Түндүктөгү инсаний боордоштук билдирүүсү» – акыйкатты жашыруу жана Аллахтын динине жалган доомат.

866
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

«Триполи жана Түндүктөгү инсаний боордоштук билдирүүсү» – акыйкатты жашыруу жана Аллахтын динине жалган доомат.

Ливандын түндүгүндөгү Триполи шаарында «Сафадий» маданият борборунда өткөрүлгөн «Триполи жана Түндүктөгү инсаний боордоштук билдирүүсү» деген иш-чарада акыйкат батылга, мусулмандардын азандары опера, мадхия жана чиркөө дуасына аралаштырылды!

Бул туурасында Хизб-ут-Тахрир–Ливан вилаятынын маалымат бөлүмү билдирүү жарыялап, ушулар баса белгиледи: «Хизб-ут-Тахрир–Ливан вилаятынын маалымат бөлүмү оболу 2020-жылы 14-майда билдирүү жарыялап, «инсаний боордоштук» деген мындай шектүү документтен эскерткен жана документте көрсөтүлгөн Исламга тескери нерселерди ачыктап берген. Андан соң уламаларга, шейх жана имам-хатибдерге кайрылып, мындай деген: Аллах Азза ва Жалланын Китеби менен Расулу ﷺдын хидаяты адамдарды жетектөө үчүн жетиштүү. Аллах Таала айтат:

﴿وَقَدْ نَزَّلَ عَلَيْكُمْ فِي الْكِتَابِ أَنْ إِذَا سَمِعْتُمْ آيَاتِ اللَّهِ يُكْفَرُ بِهَا وَيُسْتَهْزَأُ بِهَا فَلاَ تَقْعُدُوا مَعَهُمْ حَتَّىٰ يَخُوضُوا فِي حَدِيثٍ غَيْرِهِ إِنَّكُمْ إِذًا مِثْلُهُمْ﴾

«Акыры Аллах силерге Китепте: «Эгер, Аллахтын аяттары четке кагылып жатканын жана мазакталып жатканын уксаңар, тээ башка сөзгө өтүшмөйүнчө андай кишилер менен бирге отурбагыла» – деген сөздөрдү түшүргөн эле го?! (Эгерде эле алар менен бирге отурган экенсиңер) демек, силер да, шек-күмөнсүз андайлардын өзүсүңөр. Албетте, Аллах бардык мунафык жана кафирлерди жаханнамга жамдоочу»                                                    [4:140]

Бул аят ушуга ачык далалат кылат – ар кандай түрдөгү батыл менен бирге, жада калса, батыл диндер жөнүндө айтылып жатканда бир жыйында бирге олтуруудан кайтарылган соң, анда, эгер бул батылдар беймаани шылтоолор менен жаман ниеттеги оорулуу бир динди ойлоп тапмакчы болуп жатканда алар менен бирге олтуруу кандай болот?! Муътадилдикти шылтоолоп, мусулмандардын ибадатын аларга байланышы жок болгон башка кимселердин ибадат-иш-чараларына аралаштыруу пикири Аллах эч качан ыраазы болбогон жаңы динди түптөөгө багытталган. Негизи, кайрымусулмандардын диний иш-чараларына катышуу – Аллах алдында чоң күнөө. Бул сыяктуу документтерге кол коюу андан да оор күнөө».

Түпкүлүгүндө, Ислам менен башка дин ортосундагы байланыш – аларга Исламдагы акыйда жана пикирлер сунуш кылынат, далил жана жүйө келтирилип, акыйкат жана чындык далилдеп берилет. Т.а. мусулмандар менен кайрымусулмандар ортосундагы мамиле – эч кандай мажбурлоо болбостон Аллахтын акыркы рисаласы катары Исламга даъват кылуу.

Билдирүүнүн акырында мусулмандарга кайрылуу жасаган: «Бул документтеги бардык пикирлер силердин акыйдаңарга тескери жана диниңердин өкүмдөрүнө жат. Демек, аларды четке каккыла. Билип койгула, силердин диниңерде диндарлар да жок, руханийлер да. Балким, анда уламалар, факихтер жана мухаддистер болуп, алар кээде жаңылыша турган, кээде жаңылышпай турган адамдар. Аллахтын хытабы бардык Умматка каратылган хытаб болуп, силер байъат кылган адам халифа катары силердин атыңардан жана силерге Ислам менен өкүм жүргүзөт жана бул жакында Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекетинде болот, инша Аллах».

 

Роя гезити, №431, 2023-жыл, 22-февраль.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here