Хизб-ут-Тахрир–Судан вилаятынын делегациясы Халфа өрөөнүнүн бажы полициясынын башчысы жана полиция директорунун орун басары менен жолукту

1414
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Хизб-ут-Тахрир–Судан вилаятынын делегациясы Халфа өрөөнүнүн бажы полициясынын башчысы жана полиция директорунун орун басары менен жолукту

2023-жылы 2-февраль күнү Хизб-ут-Тахрир–Судан вилаятынын Хизб мүчөсү Абдулазим Иса жетектеген делегациясы Халфа өрөөнүнүн бажы полициясынын директору бригада генералы Саролхатм Ахмад Усман менен жолукту. Делегацияны Хизб-ут-Тахрирдин мүчөлөрү устаз Билал Али, Исам Юсуф жана Хизб муаййиди Абдуллах Махжуб коштоп барышты.

Устаз Абдулазим генерал Ахмад Усманга бул зыяраттын максатын түшүндүрүп, Хизб-ут-Тахрир–Судан вилаяты ушул жылдын 22-январында «Суна» маалымат агенттиги аркылуу баңгизатка каршы кампания баштаганын, кампаниянын алкагында көптөгөн Судан вилаяттарында лекциялар, форумдар жана массалык даъваттар о.э. мамлекет расмийлери менен жолугушуулар өткөрүлгөнүн билдирди

Делегациянын төрагасы Судандын баңгизат уусуна малынышына яхудий вужудунун ролу чоң болуп жатканын жана бул баскынчы вужуд менен мамилелерди нормалдаштыруу өтө кооптуу экендигин баян кылды. Сөзүнүн акырында баңгизат проблемасы да, өлкөдөгү өтө көп башка проблемалар да Ислам акыйдасынын өкүмдөрү менен түп тамырынан чечилишин, бул өкүмдөр Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекети тарабынан колдонулушун баса белгиледи.

Бажы полициясынын директору Хизб-ут-Тахрирдин бул иштерин жогору баалап, ушул максатта келген делегацияга ыраазычылык билдирди. Хизбге ийгилик тилеп: «Инша Аллах, Хизбдин бардык аракеттерине биз да катышабыз», – деди.

Делегациянын экинчи зыяраты Халфа өрөөнүнүн жергиликтүү полиция директорунун орун басары подполковник Халид Мухаммадали менен болду. Устаз Абдулазим директордун орун басарына Хизбдин иштери жана алардан көздөлгөн максаттарды түшүндүрүп берди. Директордун орун басары Хизб жана анын бул демилгесин жогору баалап: «Хизб ушул маселе боюнча бизди зыярат кылып, ушул баракчаларды берген, бул нерсе ал улуу Хизб экенин жана ага жеңил эместигин түшүндүрөт», – деди. Судандагы башка хизбдер да Хизб-ут-Тахрирден үлгү алышат деген үмүттө экенин билдирди. О.э. Хизбден шаарда чоң форум уюштурууну талап кылып, муну полиция директоруна шексиз жеткиришин билдирди. Жолугушуу учурунда полиция директору жок эле. Орун басар жолугушуунун акырында делегацияга ыраазычылык билдирип, Хизбдин иштерине ийгилик тиледи.

 

Роя гезити, №431, 2023-жыл, 22-февраль.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here