Садыр Жапаров: Кыргызстан ЖККУнун ролун жогорулатууга кызыкдар
Кабар: Президент Садыр Жапаров Кыргызстан Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) ролу жана беделин жогорулатууга кызыкдар экендигин айтты. Президенттин маалымат кызматы кабарлагандай, бул тууралуу Садыр Жапаров 10-мартта ЖККУнун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетовду кабыл алган учурда билдирген.
Садыр Жапаров Кыргызстан ЖККУ менен аймактагы коопсуздук боюнча кызматташтыкка өзгөчө маани берерин жана быйыл Кыргызстанда ЖККУнун тынчтык орнотуучу күчтөрү менен биргеликте “Бузулгус боордоштук-2023” машыгууларын өткөрүү пландаштырылып жатканын кошумчалаган.
Комментарий: Армениянын премьер-министри Никол Пашинян ЖККУнун былтыр 23-ноябрда Ереванда өткөн саммитинде жамааттык коопсуздук кеңешинин декларациясына жана Арменияга жардам берүү боюнча кызматташтыктагы чаралар тууурасындагы документтерге кол коюудан о.э. Арменияда ЖККУнун аскерий машыгууларын өткөрүүдөн баш тарткан эле.
Көпчүлүк саясий серепчилер бул уюмду “өлүү төрөлгөн бала” катары баалап, бул уюмд Россиядан башка эч кимге кереги жоктугун айтып келишет. Белгилүү болгондой, уюмдун кубаты жана таасири жетекчи мамлекеттин эл аралык таасиринен көз каранды болот. Эгер жетекчи мамлекет кубаттуу болсо уюм да таасирдүү болот, мамлекет алсыз болсо анын жетегиндеги уюм да таасирсиз уюмга айланат. Бүгүнкү күндө эл аралык саясатта Россиянын таасири жоголуп бара жаткандыктан, анын жетегиндеги уюмдардын да таасири начарлап барууда.
А бирок, Кыргызстандын саясий элитасы чөгүп бара жаткан кемеден нажат издеп, өлкөнүн келечеги жана тагдырын орустун колуна тапшырып коюуда. Кыргызстандын коргоо министри Бактыбек Бекболотов былтыр 4-октябрдагы маалымат жыйынында ЖККУнун ошол кездеги башкы катчысы Станислав Зас менен жолугушуу учурунда уюмдун “тынчтык орнотуучу күчтөрүн” кыргыз-тажик чек арасына жайгаштыруу маселесин көтөргөнүн билдирген.
Ошондо коргоо министри Бекболотов: “Мен жакында эле ЖККУнун башкы катчысы Станислав Зась менен жолуктум. Мен ага кыргыздар менен тажиктердин ортосунда тынчтык болбой турганын айттым, анткени эки тараптын тең өз чындыгы бар. Жана биздин ортобузда үчүнчү тарап калыс болмоюн, мисалы, ошол эле кичинекей контингенттеги ЖККУ [жаңжал улана берет] дедим. Биздин талаштуу аймакта үч тапшырма бар: ок атышууну көзөмөлдөө жана токтотуу, оор аскердик техниканы артка чыгарып кетүү жана мамлекеттик чек ара. Эгер алар ушул маселелерди чечип беришсе, анда кыргыздар менен тажиктердин ортосундагы чек араны делимитациялоо сыяктуу саясий маселелерди чечсе болот”, – деген.
Чиновниктерибиз колонизатордук куралы болгон ушул сыяктуу уюмдардан үмүттөнүп жатышат. Негизи, бул уюмдар ушул уюмдарды түзгөн жана жетекчилик кылган колонизатор куфр мамлекеттеринин үстүбүздөгү таасирин бекемдөөгө гана кызмат кылат. Колонизатор кафирлер – биз канчалык кааласак да – ортобузда талаштуу аймактар жок болушуна жол беришпейт.
Абдурахман Адилов
Ички дүң өндүрүш 1,5 триллион сомго жетти калктын жашоосу жеңилдедиби? Улуттук статистика комитети 2024-жылы Кыргызстандын…
Борбордук Азиянын Америка үчүн маанилүүлүгү АКШнын Борбордук Азияга болгон көз карашы башка мусулман өлкөлөрүнөн айырмаланып…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Бейиштин эшиктери кылычтардын көлөкөсүндө Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…
Басма сөз баянаты Сүкүт кылгыс кооптуу прецедент Козголоң башталгандан бери кооптуу прецедент ушул болду –…
Басма сөз баянаты «Халифалык – Исламдын башкаруу түзүмү» деп аталган баян жана Умматтын ага мамилеси…
Таъзия Даъватты көтөрүп чыккандардын бири дүйнөдөн өттү ﴿مِّنَ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ رِجَالٞ صَدَقُواْ مَا عَٰهَدُواْ ٱللَّهَ عَلَيۡهِۖ…