بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ
Хизб-ут-Тахрир–Судан вилаятынын делегациясы Судандагы таасирдүү кишилер жана комитеттер менен жолукту
Баңгизаттарга каршы күрөшүү үчүн Хизб-ут-Тахрир–Судан вилаяты баштаган кампаниянын алкагында Хизбдин Судандагы расмий сүйлөөчүсү устаз Ибрахим Усман (Абу Халил) жетектеген делегация Умму Дурман жеке менчик клиникасындагы баңгиликти дарылоо жана психиатрия боюнча башкы кеңешчи профессор Алий Балду менен жолугушту. Делегацияны Хизб-ут-Тахрир–Судан вилаятынын межлис мүчөсү устаз Ахмад Бакр, Хизб-ут-Тахрир–Судан вилаятынын борбордук алакалар комитетинин координатору устаз Абдуллах Хусайн жана Хизб-ут-Тахрирдин мүчөсү доктор Мухаммад Абдурахман коштоп барышты.
Устаз Абу Халил мамлекет баңгизаттарга каршы күрөшүүгө олуттуу көңүл бурбай жатканы, тескерисинче, Фалестинде мусулмандардын ыйык жайларын тебелеп-тепсеп, аялдар, балдар жана карыларды өлтүрүп жаткан яхудий вужудунун тышкы иштер министри менен жолугуп жаткандыгы, Суданды баңгизаттар баткагына батырып жаткандыгы жөнүндө сүйлөдү.
Анын сөздөрүн колдоп профессор Балду сүйлөдү. Ал өз сөзүндө чындыгында мамлекет баңгизаттарга каршы күрөшкө олуттуу этибар бербей жаткандыгын тастыктап, бул туурасында мисалдарды келтирди. «Өлкөдөгү баңгиликтен дарылануу борборлоруна кайрылгандар күнүнө 1350дөн ашат, бирок, реалдуу сан мындан көп. Себеби, бул илдеттен кутулуу үчүн борборлорубузга кайрылууну каалабаган маңгилер да көп», – деди профессор.
Устаз Абу Халил жетектеген дагы бир делегация Хартумдагы Ислам Фикхи Академиясына барып, Академиянын төрагасы доктор Абдурахим Аадам Мухаммад жана Академиянын идеологиялык иштер боюнча башкы катчычы мухандис Зубайр Мухаммадали менен жолугушту. Делегацияны Хизб-ут-Тахрир–Судан вилаятынын борбордук алакалар комитетинин координатору устаз Абдуллах Хусайн жана Хизб-ут-Тахрир мүчөсү устаз Халид Нур коштоп барды.
Устаз Абу Халил өз сөзүндө баңгизаттар заманбап согуштардын каражаттарынан о.э. 2013-жылда башталган бешинчи муун согуш куралдарынын бири экенин баяндап: «Судан баңгизаттарга көмүлдү… мындан чыныгы өзгөрүүгө ишенген жаштарыбыз мээлерин иштен чыгаруу көздөлгөн», – деди.
Доктор Абдурахим: «Коомдун ролун эң жакшы билгендер силерсиңер, мындан улам, бул сапарыңар үчүн да, бул жааттагы аракеттериңер үчүн да ыраазыбыз», – деди. О.э. ал Ислам Фикхи Академиясынын да бул туурасында өз программалары бар экенин ачыктады. Кийин сүйлөө мүмкүнчүлүгү башкы катчы мухандис Зубайр Мухаммадалиге берилип, ал ушул программа боюнча жүргүзүп жаткан аракеттерин кеңири баян кылды.
Устаз Абу Халил жетектеген дагы бир делегация Судан Уламалары комитетинин Хартумдагы кеңсесине барып, комитеттин башкы катчысы доктор Саъд Ахмад Саъд менен жолугушту. Бул делегацияны Хизб-ут-Тахрир–Судан вилаятынын борбордук алакалар комитетинин мүчөсү Абдулкадир Абдурахман о.э. Хизбдин эки мүчөсү устаз Абдуллах Абдурахман менен устаз Халид Нур коштоп барышты.
Абу Халил өз сөзүндө баңгизаттар маселеси жалаң маңгилер, ушул заттар менен соода кылгандар жана наркодилерлер маселеси эместигин, бул өтө чоң маселе экендигин баса белгиледи.
Өз кезегинде, доктор Саъд Ахмад Саъд делегацияга кош келиңиздер деп Хизб-ут-Тахрирдин аракеттерин жогору баалады, ошону менен катар: «Биз бул жолугушуудан өтө кубанычтабыз, даъватта үлгү алуу керек болгон жамаат – бул Хизб-ут-Тахрир», – деди. Кийин Судан Уламалары комитетинин кантип баңгизаттарды жок кылуу боюнча программа даярдап жатканы жөнүндө айтып, сөзүн өлкө жана жаран үчүн маанилүү болгон ар кандай маселеде өз ара мамиле орнотуу зарыл экендигин баса белгилөө менен аяктады.
Роя гезити, №430, 2023-жыл, 15-февраль.
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…
Басма сөз баянаты Таң караңгылыкты жарып Суданда Англия-Америка колонизаторлук күрөшү болуп жатканын ачыктады Британия тарабынан…