Азия

Түркияда шайлоо 14-майга белгиленди

Түркияда шайлоо 14-майга белгиленди

         Түркияда парламенттик жана президенттик шайлоо 14-майга белгиленди. Бул тууралуу жарлыкка президент Режеп Тайип Эрдоган бүгүн 10-мартта өткөн жыйындан кийин кол койду. Анын айтымында, 18-июнда өтө турган шайлоо ажылык жана студенттердин сынактарына туш келгендиктен жылдырылды.

         Ал эми, дүйшөмбү күнү алты партиядан куралган оппозициялык “Улуттук альянс” кыймылы президенттикке Кемал Кылычдар уулунун талапкерлигин көрсөткөн. Өлкөнүн биринчи президенти Мустафа Кемал түптөгөн Улуттук-республикалык партияны жетектеген 74 жаштагы саясатчы шайлоодо утуп чыкса алты партиянын лидерлери вице-президент макамын аларын убада кылды. Ошондой эле толук парламенттик системага өтүү боюнча макулдашылганын билдирген.

         Белгилүү болгондой, оппозициялык блок Англия үлгүсүндөгү башкарууну алга сүрөө менен, Европага ыктаган саясатчылардан түзүлгөн. Ал эми, бийлик буга чейинки парламенттик башкаруудан АКШ үлгүсүндөгү президенттик башкарууга өткөн. Түркия акыркы жүз жыл бою ушул эки башкаруунун арасында келе жатат. Бирок, мусулмандар үмүт кылган өзгөрүү болбоду. Тескерисинче, кризистер күчөп, калктын жашоо-турмушу оорлоп барууда. Анткени, бул эки башкаруу тең динди турмуштан ажыраткан капиталисттик акыйдага негизделген. Түпкүлүгүндө, мына ушул капитализм себептүү Түркия жана дүйнө бойлоп кризистер, кыйынчылыктар жана кылмыштар жүз берүүдө. Анткени, пайданы негизги өлчөө кылып алган бул түзүмдө карапайым калкка эмес, бир ууч капиталисттердин кызыкчылыгына гана көңүл бурулат. Ал эми, карапайым калк беш жылда бир добуш берүүчү куралга айланып калган. Демек, мындай абалдан кутулуунун жолу жүз жыл мурун Истамбулда ушул капиталисттердин колу менен кулатылган Халифалык мамлекетин кайра тикелөө. Халифалык гана бүткүл мусулмандардын бакубат жашоосун кепилдеп, алардын коопсуз жашоосун камсыздап берет!

Мумтаз Маверанахрий   

turkistonkg

Recent Posts

Ички дүң өндүрүш 1,5 триллион сомго жетти калктын жашоосу жеңилдедиби?

Ички дүң өндүрүш 1,5 триллион сомго жетти калктын жашоосу жеңилдедиби? Улуттук статистика комитети 2024-жылы Кыргызстандын…

3 hours ago

Борбордук Азиянын Америка үчүн маанилүүлүгү

Борбордук Азиянын Америка үчүн маанилүүлүгү АКШнын Борбордук Азияга болгон көз карашы башка мусулман өлкөлөрүнөн айырмаланып…

3 hours ago

Бейиштин эшиктери кылычтардын көлөкөсүндө

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Бейиштин эшиктери кылычтардын көлөкөсүндө Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

1 day ago

Сүкүт кылгыс кооптуу прецедент

Басма сөз баянаты Сүкүт кылгыс кооптуу прецедент Козголоң башталгандан бери кооптуу прецедент ушул болду –…

2 days ago

«Халифалык – Исламдын башкаруу түзүмү» деп аталган баян жана Умматтын ага мамилеси

Басма сөз баянаты «Халифалык – Исламдын башкаруу түзүмү» деп аталган баян жана Умматтын ага мамилеси…

2 days ago

Таъзия

Таъзия Даъватты көтөрүп чыккандардын бири дүйнөдөн өттү ﴿مِّنَ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ رِجَالٞ صَدَقُواْ مَا عَٰهَدُواْ ٱللَّهَ عَلَيۡهِۖ…

2 days ago