بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ
Авн Дадат өткөрүү пунктун ачуудан максат – Умматтын Шам тогуту менен ачык жарашууга карата реакциясын текшерүү
«Сирия убактылуу өкмөтү» ал көзөмөлдөгөн аймак менен Халабдын түндүгүндөгү Сирия Демократиялык Күчтөрү көзөмөлдөгөн аймактарды байланыштырган Авн Дадат өткөрүү пунктун ачканын жарыялады. «Аскерий полиция» Жараблус шаары менен Манбиж шаарларынын ортосундагы бул пунктан адамдарды өткөрүү үчүн бир катар шарттарды койду.
Авн Дадат өткөрүү пунктун ачуу кыйла кечигип, бүгүн ачылды жана бул үчүн шарттар коюлду… Максат – адамдардын реакциясын сыноо, Шам тогуту менен мамилелерди нормалдаштырууга кандай көз карашта экенин билүү жана Шам тогуту менен жарашууга чөйрө даярдоо. Т.а. адамдарды кишендеп, Сирия режимин коргоо, анын күчсүздүгүнө карабастан, кулоодон сактап калуу сыяктуу ири мамлекеттердин кызыкчылыктарын ишке ашыруу көздөлүүдө. Бул ишке түрк режими башчылык кылууда. Түрк режими Американын кызыкчылыгына кызмат кылып, бул планды Сириядагы өкмөттөр жана согушкер жамааттардын жетекчилери сыяктуу өз адамдары аркылуу аткарып жатат. Нормалдаштыруу максатында өткөрүү пунктарын ачууга сүкүт кылуу козголоңго жана козголоңчуларга олуттуу таасир кылат, бул нерсе майда саткын жетекчилер чоң саткын жетекчинин (түрк режими) пландарына жардам берүү үчүн чоң кадам таштоолоруна себеп болот. Түрк режиминин планы – оболу канкор режимге ал көзөмөлгө ала албаган аймактарды тапшыруу, кийин анын үзүлүп бара жаткан жанын сактап калуу. Ушул себептен улам, мусулмандардын милдети – мындай майда кадамдар чоңоюп кетишинен мурун аларга каршы туруу жана козголоңго мурдун тыгып жаткан ар бир тарапты кууп чыгаруу. Себеби, козголоңго жетекчилик кылабыз деп жаткандар бул ишке татыктуу эмес. Алар түркиялык кожоюндарына моюн сунуп жатышкандыктан козголоңдун тагдырын аларга тапшырууга болбойт. Алар түрк режиминин бардык буйруктарын аткарууга даяр. Ал тургай, Асадга кошулуп, козголоңду жок кылууну талап кылынса, аны да аткаруудан кайра тартышпайт. Малай режимдер жана согушкер жамааттардын жетекчилери козголоңду муунтуу үчүн Шам калкына күнү-түнү айла-амал кылышууда. Чынчыл калыстарга келсек, алардын жоопкерчилигинде бул кадамга каршы чыгып, кадамдын ээлеринин бетин ачуу, түрк режими демилгелеген жарашуудан оолак болуу жана олуттуу оң аракет кылуу турат. Муну менен, түрк режиминин иштери кыйратылып, анын козголоңдун тагдырына сунулган колдору кесилиши керек о.э. козголоңго жолду кайра ачып, режимди кулатуу жана Ислам башкаруусун тикелөө максатына багыт алуу зарыл.
Роя гезити, №429, 2022-жыл, 8-февраль.
Ички дүң өндүрүш 1,5 триллион сомго жетти калктын жашоосу жеңилдедиби? Улуттук статистика комитети 2024-жылы Кыргызстандын…
Борбордук Азиянын Америка үчүн маанилүүлүгү АКШнын Борбордук Азияга болгон көз карашы башка мусулман өлкөлөрүнөн айырмаланып…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Бейиштин эшиктери кылычтардын көлөкөсүндө Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…
Басма сөз баянаты Сүкүт кылгыс кооптуу прецедент Козголоң башталгандан бери кооптуу прецедент ушул болду –…
Басма сөз баянаты «Халифалык – Исламдын башкаруу түзүмү» деп аталган баян жана Умматтын ага мамилеси…
Таъзия Даъватты көтөрүп чыккандардын бири дүйнөдөн өттү ﴿مِّنَ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ رِجَالٞ صَدَقُواْ مَا عَٰهَدُواْ ٱللَّهَ عَلَيۡهِۖ…