Жаңылыктар

Кечээ күнү куткаруучу болуп көрүнгөн яхудийлердин баскынчылыгы уланууда

Кечээ күнү куткаруучу болуп көрүнгөн яхудийлердин баскынчылыгы уланууда

(Израил)дин аскерий күчтөрү дагы кайрадан Батыш Жээктеги Наблус шаарында кандуу кыргын уюштурду. Кыргындын натыйжасында жай тургундардан 11 мусулман, анын ичинде 72 жаштагы карыя каза болуп, 100дөн ашык киши жарадар болду.

Түркия өкмөтү (Израил)дин чабуулун “катуу” каралап чыкты. Ошого карабастан, (Израиль) күчтөрү Наблустагы ушул кандуу кыргындан кийин чабуулдарын ого бетер күчөтүп, Газага ракеталык чабуулдарын баштады. Палестина телевидениеси тараткан кабарга ылайык, (Израиль) аскерлери Хеброндун түндүгүндөгү Арруб качкындар лагериндеги мусулмандарга ок атканы себептүү, башына ок тийген 22 жаштагы Мухаммад Жавабрех шейит болгон. Дагы эки жигиттин абалы оор экендиги айтылууда.

Комментарий: Түркиядагы зилзалада куткаруучу катары көрүнгөн яхудий вужуду дагы кайрадан чыныгы жүзүн көрсөтө баштады. Түркия өкмөтүнүн бул кыргынга карата “катуу” каралоо менен чектелип, андан соң өз ара мамилени жогорку деңгээлде улантышы да жаңылык эмес. Анткени, бул өкмөттүн чагылган менен алай-дүлөй болуп келип, жамгыр жаабай өтүп кетүүчү кара булут сыяктуу куру эле чуу чыгарып, иш жүзүндө эч нерсе кылбай кала беришин яхудийлер жакшы билишет. А бирок көңүл бурууга арзый турган жери, январь айынын аягында Куддуста 7 яхудийдин өлүмүнө себеп болгон чабуулду Түркия өкмөтү “террордук чабуул” деп жар салып, өлгөндөрдүн жакындарына о.э. яхудий өкмөтү менен калкына тилектештик билдирген эле. Негизи, ал чабуул яхудий вужудунун Женин лагериндеги 9 мусулманды, анын ичинде жашы улгайып калган энени өлтүргөн кыргынына жооп катары уюштурулган болчу. Ошондой болсо да, Түркия өкмөтү бул чабуулду “террордук чабуул” деп атады.

Баскынчы яхудийлер кыргын уюштуруп, куралсыз жай тургундарды өлтүрсө кадимки эле чабуул болуп эсептелет да, мусулмандардын ага жооп кайтарышы террордук чабуул болуп эсептелеби?! Мындай баа берүү мусулман өлкө башчыларынын оозунан чыгып жатышы, Ислам Үммөтү менен акимдер ортосунда өтө чоң жарака бар экендигин көрсөтүп турат. Үммөт өз жашоосунда Ислам колдонулушун каалап турган бир мезгилде бул акимдер куфр мыйзамдарына жабышып алышкан. Исламды турмушка кайтаруу үчүн кылынып жаткан аракеттерге каршы турган негизги тоскоолдук да мына ушул акимдер. Ошондуктан, булардын бардыгын кулатып, ордуна бир Халифа тикелөө Үммөт арасындагы ушул ишке кудуреттүү кишилердин милдети болуп эсептелет. Мына ошондо Ислам Үммөтү Аллахтын нусраты менен мубарак Акса мечитин жана анын айланасындагы ыйык жерди куткарышат. Исламий өлкөлөрдөгү колонизаторлорду кууп чыгып, бардык өлкөлөрдү азат кылат. Исламий өлкөлөрдө эле эмес, бүтүндөй дүйнө жүзүндө адилеттүүлүк орнотот. Натыйжада бул Үммөт өзүнүн “адамдар үчүн чыгарылган эң жакшы Үммөт” деген макамына кайрадан ээ болот.

Зохид Заргар

turkistonkg

Recent Posts

Исламдагы сыпааттардын негизи

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Исламдагы сыпааттардын негизи Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…

13 hours ago

Эмне үчүн мусулмандар экономикалык маселелерин чечүү үчүн өз дининин өкүмдөрүн колдонушпайт?!

Эмне үчүн мусулмандар экономикалык маселелерин чечүү үчүн өз дининин өкүмдөрүн колдонушпайт?! Мусулман болбогон адамдар да…

1 day ago

Кыргызстан саясаты Кытайга таянабы?

Кыргызстан саясаты Кытайга таянабы? Кыргызстан президенти Садыр Жапаров 4-февралда Кытай лидери Си Си Цзиньпиндин чакыруусу…

1 day ago

Трамп ок атууну токтотуу туурасында кырсыктуу абстрактуу планды жолго коюуда

﷽  Мына ошентип, яхудийлер Газада жасаган үрөй учурган массалык кыргындан жана ойрондулуктардан кийин, мусулман акимдери…

4 days ago

Исламда маркумдун органын алмаштырууга болобу?

Исламда маркумдун органын алмаштырууга болобу? Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештеги жыйын учурунда көз…

5 days ago

Газа элинин көчүрүлүшү тууралуу

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Суроо-жооп Газа элинин көчүрүлүшү тууралуу Суроо: “Аль-Жазира” 2025-жылдын 26-январында өзүнүн сайтына төмөнкү…

5 days ago