Жаңылыктар

Электр энергиясынын тарифин көтөрүү сунушталды

Электр энергиясынын тарифин көтөрүү сунушталды

 Кабар: Кыргызстанда электр энергиясынын тарифин жогорулатуу сунушталды. 14-февралда Энергетика министрлиги “2021-2025-жылдарга карата электр энергиясы боюнча орто мөөнөттүү тариф саясаты” токтомуна өзгөртүү киргизүү сунушун коомдук талкууга чыгарды.

 Министрлик сунуштап жаткан өзгөртүү кабыл алынса, быйыл 1-майдан баштап калк үчүн электр энергиянын  1 кВт/саат тарифи учурдагы 77 тыйындын ордуна 1 сом болуп, баа дээрлик 30 пайызга көтөрүлөт.

 Эгер бир айлык керектөө 1,5 миң кВт/сааттан ашса, 2 сом 16 тыйын болот.

 Мыйзам долбоорунун негиздемесинде айтылгандай, тарифти 1-июндан баштап көтөрүү пландаштырылып жаткан. Бирок, Дүйнөлүк банктан грант алуу маселеси себептүү 1-майга өзгөртүү сунушталууда.

 Калктын аз камсыз болгон катмарына мамлекет тарабынан жардам жана жеңилдетүү каралат.

 Комментарий: Буга чейин, президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасында 1-майдан тартып электр энергиясынын баасы көтөрүлө турганын билдирген. Жапаровдун ошол кабарынан кийин Энергетика министрлиги да тариф саясатына өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгесин көтөрүп чыкты. Президент жана министрликтин мындай шашылуусунун бирден бир себеби – бул кандай кылып болсо да Дүйнөлүк банкты ыраазы кылуу жана тезирээк акча алуу. Былтыр жаз мезгилинде президент Садыр Жапаров электр энергиясынын тарифин өзгөртүү сунушун көтөрүп чыккандан көп өтпөй Дүйнөлүк банк тарифтин көтөрүлүшүн колдоп, Кыргызстан бийлиги менен биргеликте өлкөдө электр энергиясынын тарифин кайрадан карап чыгуу боюнча чечим кабыл алаганын билдирген. Бул тууралуу банктын Европа жана Борбор Азия аймагы боюнча вице-президенти Анна Бьерде билдирүү тараткан. Ал билдирүүсүндө, тарифтер энергетика тармагындагы чыгымдарды жабуу үчүн өзгөртүлүп жатканын айткан.

 “Дүйнөлүк банк чыгымдарды жабуу үчүн ташталган кадам болгону себептүү муну колдоду. Арзан тарифтер зарыл болгондон да көбүрөөк колдонууга түртөт. Биз анын өзгөрүшүн колдойбуз”, – деген эле Бьерде.

 Былтыр сентябрь айында депутат Дастан Бекешев өзүнүн Телеграмм каналында парламенттин Бюджет жана финансы комитетинин мүчөлөрү Дүйнөлүк банк менен “Энергетика тармагын модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү” долбоору боюнча сунушталган келишимди карап жатканын билдирген. Анын айтымында, Кыргызстан 50 миллион доллар кредит алат. “Келишимде электр энергиясы тармагындагы тариф саясатын өзгөртүүгө ишара кылынган. Кредит электр энергия тармагын модернизациялоого жумшалат”, – деген Дастан Бекешев.

 Ошондон кийин, кыргыз бийлиги декабрь жана февраль айларында Дүйнөлүк банктан “Энергетика тармагын модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү долбоорун каржылоого” 50 миллион жана “айылдарда көчөгө коюла турган трансформаторлордон 1000 даана жана эки электр устунунун ортосундагы төрт зымды алмаштыруучу 350 километр өз алдынча изоляциялануучу зым сатып алуу” үчүн 50 миллион доллар карыз алуу боюнча келишимге кол койду. Эми мына ошол карызды тезирээк алуу үмүтүндө тарифти көтөрүүгө шашылууда. Белгилүү болгондой, энергетика тармагы мамлекеттеги эң көп коррупцияга баткан тармак болуп, буга чейин аталган тармакка чет өлкөлүк кредиттер, ссудалар, гранттар жана жергиликтүү бюджеттен 2 миллиард долларга жакын каражат салынган. А бирок бул каражаттар кумга сиңген суудай жоголуп кетти. Энергетика тармагы болсо күндөн-күнгө кризиске батып барууда.

 Дүйнөлүк банк болсо ири мамлекеттердин колундагы курал болуп, колонизатор мамлекеттер бул сыяктуу эл аралык каржы уюмдары аркылуу үчүнчү дүйнө мамлекеттеринин иштерине аралашышат. Аларды карызга батырып, ушул аркылуу экономикалык жактан көзкаранды кылып алышат. Дүйнөлүк банк карыз берип жаткан учурда салыктарды көтөрүү, электр энергиясынын баасын жогорулатуу сыяктуу талаптарды коёт. Себеби, банк берип жаткан карызды бир нече эселеп кайтарып алуу кепилдигине ээ болушу керек. Эгер расмий өкмөт анын шарттарын кабыл алса карыз берет, антпесе карыз берүүнү создуктурат. Кыргызстанда салыктын жаңы-жаңы түрлөрүн ойлоп табуу, ар бир кыймылдаган нерсеге салык салуу жолдорун издөө жана электр энергиясынын баасын көтөрүү бекеринен эмес. Карапайым калктын экономикалык абалы муну көтөрө алабы жокпу, өкмөттүн муну менен иши жок. Эгер кечээ күнү “Газпром Кыргызстан” да газдын баасын көтөрүүнү талап кылганын эсепке алсак, “эгемендүүбүз” деген өкмөттүн керек болсо, өз калкын газ жана электр энергиясы менен камсыздоодо да эгемендүү эместиги ачыкталат.

 Абдурахман Адилов

turkistonkg

Recent Posts

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…

3 days ago

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

4 days ago

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…

5 days ago

Амирлик (экинчи бөлүк)

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…

5 days ago

Асыл хадис менен

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…

5 days ago

Таң караңгылыкты жарып Суданда Англия-Америка колонизаторлук күрөшү болуп жатканын ачыктады

Басма сөз баянаты Таң караңгылыкты жарып Суданда Англия-Америка колонизаторлук күрөшү болуп жатканын ачыктады Британия тарабынан…

5 days ago