Садыр Жапаров Венгриянын президенти менен жолугушту
Кабар: 13-февралда Будапешт шаарында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Венгриянын президенти Каталин Новактын расмий жолугушуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Садыр Жапаров 12-февралда расмий сапар менен Венгрияга барган. Кыргызстандын расмий делегациясынын курамында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, президенттик админстрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев, Кыргызстандын Венгриядагы элчиси Талантбек Кушчубеков, билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов, санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов, экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев жана юстиция Аяз Баетовдор бар.
О.э. кабарда айтылышынча, расмий сапардын алкагында Садыр Жапаров Венгриянын президенти Каталин Новак баш болгон бир топ жетекчилер менен жолугушат. Мындан тышкары, кыргыз-венгер бизнес форумуна катышат. О.э. сапардын алкагында бир катар документтерге кол коюлат.
Комментарий: Садыр Жапаров Кыргызстандын тышкы саясаты жөнүндө сөз кылып жатып Европа мамлекеттеринен Венгрия менен мамилелер бекемделип жатканын айткан эле. Венгрия менен мамиле Жапаровдун бийлиги учурунда эле болуп жаткан жери жок. Буга чейин т.а. 2018-жылы сентябрь айында Венгриянын премьер министри Виктор Орбан көчмөндөр оюнунун ачылышына катышуу үчүн Кыргызстанга келген. Кийинчерээк, Кыргызстандын ошол кездеги президенти Жээнбеков да 2020-жылдын октябрь айында Венгрияга сапар кылып, Венгриянын ошол кездеги президенти Янош Адер жана Улуттук Жыйындын спикери Ласло Кёвер менен жолугушууларды өткөргөн. 2021-жылы ноябрь айында болсо Бишкекте кыргыз-венгер өнүктүрүү фонду расмий ачылып, анын уставдык капиталы 50 миллион доллар болору айтылган. Мындан тышкары, Венгрия Түркия башчылыгындагы Түрк мамлекеттер уюмунда байкоочу макамга ээ. Садыр Жапаров Венгрия президенти менен болгон жолугушуу учурунда Кыргызстан үчүн Европага жол Венгрия аркылуу ачылып жатканын айтканы менен, азырынча Венгрия менен мамилелер негизинен соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда гана болууда. Мындан тышкары, Венгрия Европа союзуна жана НАТОго мүчө болушуна карабастан, Европада чечүүчү таасирге ээ эмес.
Абдурахман Адилов
18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…