Роя гезити

Регионалдык экономикалык уюмдар жана көпчүлүк исламий өлкөлөрдүн бул уюмдарга мүчө эместиги

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Регионалдык экономикалык уюмдар жана көпчүлүк исламий өлкөлөрдүн бул уюмдарга мүчө эместиги

 Устаз Абу Хамза Хутваний

Дүйнөдө материализм, товар жана кызматтарга карата чексиз муктаждык өкүм сүрүп жатканда мамлекеттер базарларды, түрдүү товар жана кызматтардын ыңгайлуу агымын издеп жатышат. Бажы жана салык төлөмдөрү бекер кылынган базарларды издеп, чет элдик валюталарды жана туруктуу валюталарды тартууга умтулууда. Дүйнө ушундай абалда турганда, бир региондо жайгашкан мамлекеттер ушул максаттарга жетүү үчүн экономикалык уюм менен кызматташууга урунууда. Экономикалык интеграцияга жетүү үчүн сооданы жеңилдетүүчү бир нече жолдор бар. Муну менен белгилүү бир даражадагы экономикалык кубатка жетишүү мүмкүн болот. Бирок, мамлекет ушул уюмдарга мүчө болбой туруп буга жетише албайт.

Бүгүнкү күндө дүйнөдө ушул талаптарга жетүүгө аракет кылып жаткан ондон ашык соода жана экономикалык уюмдар бар. Алардын айрымдары ушул уюмдарга байланыштуу мамлекеттердин экономикалык деңгээлин көтөрүү аркылуу реалдуу ийгигикке жетишишти. Алардын айрымдары болсо, белгилүү бир себептерге ылайык максатына жете алышпады. Ал максаттарды айтып өтөбүз.

Бүгүнкү күндө дүйнөдө регионалдык экономикалык уюмдарды онго чектесе болот. Алардын ийгиликке жетишкендери бешөө:

1 – Европа Союзу. Бүгүн бул Союздун курамында 27 мамлекет бар, алардын 19у Шенген аймагына мүчө жана бир валюта-еврону колдонушат. Шенген аймагына сырттан кирген мусапырлардын бардыгы бир виза менен жүрөт, адам жана товарлар эч кандай тоскоолдуксуз эркин жана бүтүндөй ыңгайлуу абалда аймак ичинде аракеттенет.

Европа Союзу өткөн кылымдын элүүнчү жылдары Франция, Германия, Италия, Голландия, Бельгия жана Люксембургдан турган жети мамлекет пайдубалын коюшту. Ошондо алгач көмүр жана темир базарлары бирикти. Кийин бул базар бардык товарлар үчүн жалпы Европа базарына айланды. Кийин базарга Испания, Португалия, Ирландия жана Британия сыяктуу Батыш Европадагы калган мамлекеттер кирди. Кийин Венгрия, Польша, Болгария, Румыния, Чехия жана Словакия сыяктуу Чыгыш Европа мамлекеттеринин кириши менен базар дагы да кеңейди жана дагы эле кеңейип жатат.

Маастрихт конвенциясы түзүлгөндөн кийин 1992-жылы базар Европа Союзуна айланды жана ал себептүү Европа калкы 500 миллиондон ашык болгон дүйнөдөгү эң чоң базарга ээ болду.

Европа Союзу түрдүү улуттар жана түрдүү тилдер проблемасын жеңүүгө жетишти, натыйжада, бүгүнкү күндө Союздун алкагында европалыктар сүйлөшкөн жыйырма төрт расмий тил таанылды.

Союз мүчө мамлекеттердин соода жана экономикалык абалын өнүктүрүү менен эле чектелбеди, федералдык саясий жактарына чоң мүмкүнчүлүк берди. Бул үчүн ал мамлекеттердин тышкы саясатынын биримдигин көзөмөлдөгөн башкы комиссия түзүлдү. О.э. мүчөлөр тарабынан шайланган бир парламент, федералдык соттор түзүлдү жана ушул соттор аркылуу мүчө мамлекеттердин бардыгы баш ийиши мажбурий болгон мыйзамдар иштелип чыкты.

Бирок, ушул саясий жана укуктук жактар Союздун Франция, Германия жана Британия сыяктуу ири мүчөлөрү ортосунда кээ бир тоскоолдук жана жаңжалдарды келтирип чыгарды жана бул мамлекеттер Союздан саясий көз карандысыз болууну каалашты, өз кезегинде, бул Британиянын Союздан чыгышына о.э. Франция, Германия, Италия жана Испания мамлекеттери ортосундагы проблемалар жана жаңжалдар пайда болушуна себеп болду.

2 – NAFTA (Түндүк Америка эркин соода аймагы). Бул үч мамлекет: АКШ, Канада жана Мексика ортосундагы эркин соода жүргүзүү келишими. 1993-жылы түзүлгөн NAFTA калкынын саны 450 миллиондон ашык, үч мамлекет ортосунда эч кандай тоскоолдуксуз эркин соода жүргүзүлөт. Бирок, Европа Союзунан айырмаланып, NAFTAда саясий жагдайга орун жок. Европа Союзунун үстөмдүгүнө себеп да ушул болсо керек.

3 – ASEAN (Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттери уюму). Уюм он мамлекеттен т.а. Индонезия, Малайзия, Бруней, Таиланд, Сингапур, Вьетнам, Лаос, Камбоджа, Филиппин жана Мьянмадан түзүлгөн. Ал 1976-жылы түзүлгөндүгүн этибарга алганда эң байыркы экономикалык уюм о.э. ушул мамлекеттердин нукура соода жана жемиштүү уюму болуп эсептелет. Ал эбак эле өзүнүн экономикалык даражасын секирип көтөрүп, өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин катарына кошулду.

4 – МЕРКОСУР. Бул Латын Америкасындагы мамлекеттердин экономикалык уюму болуп, уюм он мамлекетти өз ичине алат. Алар: Бразилия, Аргентина, Уругвай, Парагвай, Чили, Перу, Боливия, Колумбия, Венесуэла жана Эквадор. 1991-жылы түзүлгөн бул уюм дүйнөдө эң тез өнүккөн уюм болуп эсептелет.

5 – Ариком. Бул уюм Кариб деңизинин регионундагы мамлекеттер үчүн жалпы базар болуп, 12 мамлекетти өз ичине алат. Бул мамлекеттер: Гаити, Ямайка, Гренада, Суринам сыяктуу өнүгүп келе жаткан мамлекеттер жана башка кичине мамлекеттер. Уюм ушул мамлекеттерге өз экономикаларын жакшыртууга алар кичине мамлекеттер болгону үчүн салыштырмалуу түрдө жардам берди. Бирок, алардын ушул уюмдун ичинде болушу, башка кичине мамлекеттерде болгондой, жакырчылыктын күчөшүнөн жана жумушсуздуктун кеңири жайылышынан белгилүү бир даражада кутулууларына жардам берди.

Ийгиликсиз же алсыз экономикалык уюмдар:

1 – Евразия экономикалык союзу. 2014-жылы түзүлгөн. Россия, Белорусия, Казахстан, Армения жана Кыргызстан мамлекеттерин өз ичине алган бул уюмдун ийгиликсиздигине Россиянын гегемондук кылышы жана калган мамлекеттер Россияга дээрлик малай болушканы себеп.

2 – Ар тараптуу регионалдык экономикалык кызматташтык. Анын түзүлүшү 2020-жылы жарыяланып, мүчөлөрү 15 мамлекеттен турат. Алардан ону ASEAN уюмунан жана калган бешөөсү Кытай, Япония, Австралия, Жаңы Зеландия жана Түштүк Кореядан турат. Бул уюмдун ийгиликсиздигине себеп анда чоң жана өнүккөн мамлекеттердин болгону о.э. алардын кызыкчылыктары жана саясий долбоорлорунун карама-каршылыгы. Мисалы, Кытай өзүнүн күчтүү экономикасы менен уюмга өкүмдар болууга урунат. Бирок, бир тараптан Кытай, экинчи тараптан Япония, Австралия, Жаңы Зеландия жана Түштүк Корея ортосундагы атаандаштык уюмдун ийгиликсиздигине себеп болду.

3 – Батыш Африка мамлекеттеринин ECOWAS уюму. Бул уюм 1975-жылдын башында жалпы базар болуп кызмат кылды. Ал башында Британияга көз каранды Нигерия, Гвинея, Гама, Гамбия жана Сьерра-Леоне сыяктуу алты мамлекет менен жакшы иштерди жасады жана салыштырмалуу ийгиликке жетишти. Кийин Франция бул уюмга Мали, Сенегал жана башка ага көз каранды мамлекеттерди киргизди. Уюмга мүчө мамлекеттер он бешке жетип, баарынын калкынын саны 350 миллионду түздү. Кийин Франция иш жүзүндөгү британия эко валютасы жанына ага көз каранды Африка франкын уюмга киргизүүгө урунду. Акыбетте, эки топ ортосунда чыр-чатак чыкты жана сасий жак үстөм келип, уюм ийгиликсиз саясий уюмга айланды о.э. соода, экономика жагынан алсыз абалга келди.

4 – EAC (Чыгыш Африка уюму). Бул 2010-жылы түзүлгөн заманбап жалпы базар болуп, Чыгыш Африканын жети мамлекетинен түзүлгөн. Алар: Кения, Танзания, Уганда, Бурунди, Руанда, Конго жана Түштүк Судан. Бул уюмдун ийгиликсиздигине Конго жана Түштүк Судандагы жарандык согуш жана экономикаларынын бири-бирине шайкеш эместиги себеп болду көрүнөт.

5 – SADC (Түштүк Африка өнүктүрүү уюму). Бул уюм 1992-жылы Ангола, Ботсвана, Малави, Мозамбик, Танзания, Замбия, Зимбабве, Лесота жана Эстватини сыяктуу тогуз мамлекеттен түзүлгөн. Бул мамлекттердин кээ бирөөлөрү башка бир мамлекеттер ичинде изоляцияда калган. Уюм ушул мамлекеттердин экономикалык абалын көтөрө албады жана аларды өтө жакырчылыктан куткара албады.

Дүйнөдөгү ушул регионалдык экономикалык уюмдардын негизгилери мына ушулар. Бул сыятуу уюмдарда исламий өлкөлөрдүн көпчүлүгү, мисалы, араб мамлекеттери, Пакистан, Бангладеш, Түркия жана Иран сыяктуулар жок, алар өздөрүнчө бирер уюм түзө алышпаган жана бул нерсе алардын күч-кубаты алсырашына жана башка мамлекетке көз каранды болушуна алып келген.

 Роя гезити, №426, 2022-жыл, 18-январь.

turkistonkg

Recent Posts

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…

3 days ago

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…

6 days ago

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

1 week ago

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…

1 week ago

Амирлик (экинчи бөлүк)

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…

1 week ago

Асыл хадис менен

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…

1 week ago