بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ
Эрдаган Шам тогуту менен жарашууга шашууда
Устаз Насиршейх Абдулхай
Хизб-ут-Тахрирдин Сирия
вилаятындагы маалымат бөлүмүнүн мүчөсү
Америкадан козголоңду мууздоо жана анын малайы Асад режимин сактап алуу милдетин алган Эрдаган режими, күтүлгөндөй, тогут Асад режими менен батыраак жарашуу, ушул аркылуу аны куткарып калууну көздөгөн бир нече айдан бери бетпактык менен ачык-ашкере айтып жаткан фитна ниетин билдирип, бул кылмышын Шам калкына зордоп тыгыштырууга урунууда. Мисалы, Түркия тышкы иштер министри Чавушоглу өткөн август айында Сирия оппозициясы делип жаткандарды канкор режим менен жарашууга чакыргандан бери түрк режиминин билдирүү жана кылмыштары багытка карап ылдамдады. Бул багыт – түрк режими менен Шам канкору ортосундагы мамилени бекемдөө о.э. ушул максатты жүзөгө чыгарууда азат кылынган аймактардагы саткын жетекчилер жана өкмөттөрдөн пайдалануу. Ал эми, өкмөттөр түздөн-түз Американын буйругу менен ушул максатты ишке ашыруу жана калкты бул максатка ыктыярдуубу же мажбурий, макул болууга үндөө милдетин мойнуларына алышкан. Америка, бир тараптан, Асад режимине каршы экенин эки жүздүүлүк менен айтып жатат. Америка, бир тараптан, Асадды диктатор деп атап, экинчи тараптан, аны кулоодон сактап калуу о.э. козголоңду жок кылууга мүмкүнчүлүк жаратуу үчүн күнү-түнү аракет кылууда.
Чавушоглунун билдирүүсүндө Түркия Сирияда көзөмөлдөгөн аймактарды «Сирия өкмөтү» деген режимге тапшырууга о.э. «терроризмге» каршы күрөшүү жана саясий жараянды ишке ашыруу үчүн Асад режими менен кызматташууга даяр экенин билдирди. Ошол эле учурда, Түркия Сирия Демократиялык Күчтөрүнө каршы жердеги операциясын алып баруу менен коркутууда. Максат – аларды Асад режими чеңгелине салып, региондорду режимге тапшыруу.
Эрдаган региондо тынчтык орнотуу үчүн Асад менен жолугушуусу мүмкүн экенин билдирди. Эрдаган бул жөнүндө Москвада Түркия-Сирия-Россия коргоо министрлери жана алардын разведка башчылары жолуккандан кийин айтты. Белгилүү болгондой, Түркия-Сирия разведка мамилелери козголоң башталгандан бери бир күн да токтободу.
Эрдаган: «Сирия режими менен мамилелерди тикелөө менен абал өз ордуна кайтат, себеби, саясатта туруктуу атаандаш болбойт», – деген. Бул нерсе Түркия канкор режимдин аброюн кайра тикелөө жана аны менен мамилелерди нормалдаштырууну буйруган АКШнын көрсөтмөлөрүн бирин калтырбай аткарууга олуттуу экенин көрсөтөт. Баса белгилеп айтсак, Эрдаган өз бийлигин бекемдөө, шайлоодо жеңип чыгуу жана аны жемелеп жаткан оппозицияны алсыратуу, муну менен бирге, өзүнүн жана чегарасынын коопсуздугун камсыздоо үчүн ушул иштерден пайдаланып калмакчы. Ал чегаралардын коопсуздугун камсыздоону Адана келишимине өзгөртүү киргизип, аралыкты 5 километрден 30 километрге узартуу аркылуу ишке ашырмакчы.
АКШнын мамлекеттик департаментинин регионалдык маалымат катчысы «Асад режими менен мамилелерди нормалдаштыруу Асад режимине каршы колдонулган АКШ санкцияларына таасир кылбашын о.э. диктатор президент болуп тура берсе, санкциялар сакталып калышын» баса белгиледи.
Түрк режими жарашууга карата Сирия калкынын ачууланган реакциясын көрдү жана өз саясатчыларын сөз оюнун жүргүзүүгө үндөдү. Эми, алар Сирия оппозициясынан таптакыр баш тартпашы, «Сирия менен Түркия ортосундагы мамилелер оппозициячыл жамааттарга зыян тийгизбеши» о.э. Түркия БУУнун №2254-резолюциясы негизиндеги саясий чечимди аткарууга аракет кылып жатканы жөнүндө сүйлөп калышты. Кудум, бул үлкөн жарашууга алып бара турган жана өлкө-жаранды кайра канкордун колуна тапшыра турган чечим эместей!
Чавушоглу: «Биз Сирия оппозициясы макул болгонго чейин режим менен мамилелерди нормалдаштырууга жана жолугушууга таптакыр аракет кылбайбыз», – деди. О.э. ал: «Түркиянын Асад менен жакындашуусуна каршы чыккандар өздөрүнүн жеке амбициялары негизинде аракет кылып жатышат», – деди. Бул сөзү менен ал Түркиянын иш-аракетине жана Асад режимине жагынып жатканына карата Шам калкынын реакциясын жана ачуусун арзыбагандай кылып көрсөтмөкчү болду. Чавушоглу Сирия оппозициясы жарашууга каршылык кылган жок деп көрсөтмөкчү. Негизи, ал январь айында россиялык жана сириялык кесиптештери менен жолугушмакчы экендигин баса белгилегенден кийин, жолугушууну кечиктиргенин айтты… Себеби, ал азат кылынган регион калкы козголгонун о.э. түрк режими канкор менен мамилелерди нормалдаштыруу аркылуу козголоңдун артына бычак сайып жатканына каршы ири нааразылык демонстрациялары башталганын көрдү. О.э. нормалдашууга шарт даяр болгон жок деген мааниде Америкадан келген көрсөтмөнү көрдү. Мисалы, АКШ мамлекеттик департаментинин маалымат катчысы Нед Прайс анын өлкөсү Асад режими менен бирер мамлекеттин мамилелердин кайра тикелешине себеп болгон ар кандай нерсеге макул эместигин баса белгилеп: «Биз Асад режими менен мамилелерди нормалдаштырбайбыз жана нормалдаштырып жаткан ар кандай мамлекетти колдобойбуз», – деди. Бирок, ошол эле учурда ал №2254-резолюция аркылуу жарашуунун башка ыкмасын аткарууну улантып жатканын баса белгиледи. Прайстын бул билдирүүсү түрк режими Асад режими менен жакындашып, Россия бул режим менен кызуу дипломатиялык алакаларды жүргүзүп баштаган убакытка туура келүүдө. Эрдагандын мурдагы кеңешчиси Ясин Актайга келсек, ал ададамдарды алдоо үчүн качкындар проблемасын чечүү «Халабды кайтарып алуу болуп эсептелет» деп жалганды айтып жатат… Бирок, эми анын бул жалганына адамдар ишенбейт.
«Рейтер» агенттиги Түркиядагы жогору мартабалуу бир аткаминердин айтканын кабарлашынча, Анкара оппозициячыл фракциялардын Асад менен боло турган жолугушууга карата реакцияларынан кабардар, бирок, Түркия өз саясатын белгилеп алган. «Биз Москвадагы жолугушууда Түркияга сириялык качкындардын киришин эми жактырбашыбызды баса белгилегенбиз», – деди дагы бир аткаминер.
Түркиянын бул аракети айрымдарга кандайдыр бир бурулуш жана өзгөрүү чекитине окшоп көрүнүүдө. Бирок, бул нерсе анын түпкү позициясы болуп, Америка саясатынын алкагында аракет кылышынан келип чыккан. Бул жерде өзгөргөн нерсе, кыскача айтканда, мурун парда артынан жасалып келген жаман ниеттеги иш бүгүн ачык-ашкере жасалууда.
Умматтын чынчыл кишилеринин бул жолугушууга карата реакциялары фитначылардын командасын таң калтырды. Бирок, анын тескериси катары, комитеттер, кеңештер жана донор мамлекеттерге таптакыр итаатсыздык кылбаган согушкер жамааттардын жетекчилеринен турган өзүн козголоңдун өкүлдөрү деп жалган айтып жаткандардын реакциясы болсо, айлакердик жана алдамчылык болду. Алар Умматтын ачуусун басууну ниет кылып, козголоңчулардын демин өчүрүүгө урунуу менен кыянаттарына кыянат кошууда.
Кээ бир согушкер жамааттардын жетекчилери Дамасктагы кылмыштуу режимди коркутуп, өздөрүн кудум жарашууга каршы тургандай кылып көрсөтүшүүдө, акыйкатта болсо, алар иш жүзүндө жарашууну ишке ашырышууда… Мына ушул кимселер фронтторду тоңдурушту жана аларды ачууга аракет кылып жаткан жана чакырып жаткан адамдарды куугунтукташууда… Ушул кимселер режимди кулаталы жана анын фронтторун коргоп жаткан жетекчилерди кулаталы деп жаткан кишилердин үнүн өчүрүшүүдө… Ушул кимселер түрк күчтөрүн Сирияга киргизишти о.э. анын жана орус баскынчылардын конвойлорун коргошту… Ушул кимселер шерменделик жана уятсыздык менен канкорго өтүү жолдорун ачып берүү жана аны менен мамилелерди нормалдаштырууга берилип аракет кылышууда. Ушул кимселер аларга буюрулгандай, адамдарды түрдүү аталыштар менен айтылып жаткан моюн сунуу чечимдерине ыраазы кылуу үчүн катуу басымдарды өткөрүшүүдө.
Түрк режими өзүнүн ушул куурчактарын батыл негизинде биригүүгө үндөп жатат жана бул таң калычтуу эмес. Себеби, ал кайрат, бекемдик жана эрдик көрсөткөн элди өзүнүн тил бириктирүүлөрүнө ишендирүүнү көздөгөн.
Шам калкы тогут Асад режимин титиреткендер козголоңчулар экенин, муну оппозиция кылбаганын көрсөтүп коюшту. Анткени, өзүнүн эрк-токтомун берип койгон бул оппозиция Асад режимин бекемдөөгө жана аны менен бийликти бөлүүгө аракет кылып жатат. Атайылап жасалган бул оппозиция козголоңчулар берген курмандыктарды саткан саткындар болуп, андан башка нерсе эмес. Негизи, нафси-каалоону, бийлик жана мал-дөөлөттү дин билген адамдар менен жалгыз Аллахты Өкүмдар деп билип, Анын бийлигин тикелөө жана бир мамлекетте шариятын колдонууга аракет кылып жаткандардын ортосунда өтө чоң айырма бар.
Ооба, Аллах Таала Шам калкын каны, мал-мүлкү, намысы, үй-жайлары жана топурагы, бардык нерселери менен сынады… Бардык сыноо жана кыйынчылыктарга шуңгуп, алардан ийгиликтүү өтүштү жана тогуттун урандылары үстүнө бийликти ээлөөгө ылайык экендиктерин көрсөтүштү, эгер колдонууну туура кылышса, албетте. Айрыкча, аларда курмандык берүү үчүн каалоо жана даярдык фактору жетиштүү, согушту ыйман жана акыйда согушу деп билишет о.э. «шейиттик же нусратты» ураан кылып алышкан. Ушул нерсе мамлекеттерди коркутууда. Ошондуктан, айрыкча, режимдин тарапкерлери өздөрүнө ишенимдерин жоготушуп, бүгүн Шам калкын колдоп-кубаттайын деп калганда, бул мамлекеттер жарашуу жолуна өтүүгө мажбур болууда. Мындан тышкары, режимдин көзөмөлүндөгү айрым аймактар анын көзөмөлүнөн чыгып кетейин деп калды, Даръа, түштүктөгү Хивран жана Хомстогу Талбиса жана башкалар сыяктуу.
Тыянактап айтканда, Умматтын аракетин бузуп көрсөтүүдөн, тизгиндөөдөн жана ойнотуудан коргоо керек. Демек, ушуну анык баян кылуу зарыл, маселе жарашууга ыраазы болбоо гана эмес. Себеби, бир баскычты басып өттүк. Негизги аткаруу шарт болгон иш мындай: козголоңчулар өз аракеттерин тартиптүү, аң-сезимдүү жана Аллахтын ыраазылыгын көздөп кылышсын, Түркиянын козголоңубузду алдан тайдырган саясий жетекчилик катары жарашуусунан жана өкүлдүгүнөн баш тартышсын о.э. азат кылынган аймактардагы анын саясий уюмдарын, саткын согушкер жетекчилерин жана функционалдык өкмөттөрдү кулатышсын. Коалициянын төрагасын Иъзаздагы демонстрациялардан кууп чыгарылганы мунун алгачкы жемиши. Уммат тартып алынган өз бийлигин жана токтомун кайтарып алуу үчүн аракетин кайра башташы о.э. аскерий, саясий жана калк жагынан козголоңду кайра башташы керек. Себеби, нусрат-жеңишке жетүү үчүн бардык зарыл факторлор бар… Режим тирөөчтөрү кыйроого жакындап калган. Анткени, жарым-жартылай козголоң бөтүп, козголоң маселеси өмүр же өлүм маселесине айланды. Алдыбызда деңиз, артыбызда душман турат. Биз артка кайтууга алып бара турган техникалардын бардыгын жок кылдык. О.э. Американын №2254-резолюция негизинде ойлоп тапкан саясий чечими ачык четке кагылды. Козголоңчулар режимди кулатуу жана курмандыктардын аягын Ислам башкаруусуна алып баруу үчүн кеңири жол картасын көрсөткөн калыс аң-сезимдүү саясий жетекчиликтин айланасында биригүүлөрү керек. Азаттык жолу ушул. Демек, амал кылуучулар мына ушуга амал кылышсын.
Роя гезити, №426, 2022-жыл, 18-январь.
18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…