بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ
Тунис режими Ислам негизинде саясий иш-аракет кылганы үчүн Хизб-ут-Тахрир мүчөсүн камакка алды
Тунистин Суса (Сус) шаарынын «Фиркатул Иршад» полициясы 2023-жылы 13-январь күнү Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрүнүн бири Аммар Рабихийдин үйүнө бастырып кирип, камакка алды. Бул камакка алуу бейшемби күнү Хизб тарабынан билдирүү жарыяланып, Тунис калкына кайрылуу жолдогондон кийин ишке ашты. Сот, бул иш каралбайт деген токтомдун негизинде аны коё берди. Эске салсак, Аммар Рабихий мурун 2022-жылы 18-ноябрда Хизб-ут-Тахрир–Тунис вилаятынын маалымат бөлүмү тарабынан чыгарылган «Тунисте өткөн Франкфония саммити – ийгиликсиз жана саткындык саммити» деген билдирүү таратылгандан кийин да камакка алынган.
Бул туурасында, Хизб-ут-Тахрир–Тунис вилаятынын маалымат бөлүмү билдирүү чыгарып, ушуларды баса белгиледи: «Тунис режими бул кылмышы менен коопсуздукту шылтоолоп куугунтуктоо саясатын алып барып жатканын, бул үчүн Хизб-ут-Тахрирге жана анын даъватына тоскоолдук кылууга багытталган саясий планга кызмат кылып жатканын дагы бир ирет тастыктады. Тунис режими Батышка малайлыгын жана өлкөнү талап-тоноо саясатын алып барып жатканын канчалык жашырууга урунбасын, бүгүнкү күндө бул баарына белгилүү болуп калды. Өз кезегинде, бул жагдай Тунис режимин Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрүн куугунтуктоого үндөп жатат. Себеби, Хизб мүчөлөрү режимдин Тунис жана анын калкынын тагдырына камкордук көрбөгөн кара ниет саясатына каршы позицияны карманышат. Демек, Аммар Рабихийдин камакка алынышына да анын позициясы себеп болду, андан башка нерсе эмес».
Билдирүүдө дагы мындай делет: «Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрүнө жалган жасалма айыптар коюлуп, тынымсыз камакка алып жатышканы шерменде саясий максатты көрсөтүүдө. Мындан катардагы адамдарды Хизбден коркутуу жана өлкө калкынын колонизаторлорго жана алардын куйруктарына каршы чыгышын алдын алуу, кайра Ислам өкүмдөрүнө ылайык жашоого аракет кылуудан тосуу көздөлгөн. Шексиз, камак жана камоолор Хизб мүчөлөрүн саясий адаштырууларды о.э. өлкөнү жана элди бутага алган саткынчыл келишимдерди ачыктоо багытынан эч качан бура албайт. Алар бул багытты Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалыкты тикелөө жолунда Расулуллах Aдын минхажы негизинде алып барышууда. Халифалык гана мусумландарды рувайбизалардын башкаруусунан куткарат».
Роя гезити, №427, 2022-жыл, 25-январь.
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Бейиштин эшиктери кылычтардын көлөкөсүндө Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…
Басма сөз баянаты Сүкүт кылгыс кооптуу прецедент Козголоң башталгандан бери кооптуу прецедент ушул болду –…
Басма сөз баянаты «Халифалык – Исламдын башкаруу түзүмү» деп аталган баян жана Умматтын ага мамилеси…
Таъзия Даъватты көтөрүп чыккандардын бири дүйнөдөн өттү ﴿مِّنَ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ رِجَالٞ صَدَقُواْ مَا عَٰهَدُواْ ٱللَّهَ عَلَيۡهِۖ…
Басма сөз баянаты ﴿وَلَن تَرۡضَىٰ عَنكَ ٱلۡيَهُودُ وَلَا ٱلنَّصَٰرَىٰ حَتَّىٰ تَتَّبِعَ مِلَّتَهُمۡ﴾ «Яхудий жана насронийлер…
Басма сөз баянаты Капитализмде саламаттыкты сактоо негизги укук эмес, кандайдыр бир топко берилген артыкчылык болуп…