بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ
Асад менен мамилелерди нормалдаштыруу – Аллахка, Расулуна жана мусулмандарга кыянаттык
Хизб-ут-Тахрир – Түркия вилаятынын маалымат бөлүмү түрк режиминин канкор Асад режими менен мамилелерди нормалдаштыруу кадамына түшүндүрмө берип ушуларды баса белгиледи: «Эрдаган Асад менен жолугушуу Аллахка, Расулуна жана Умматка каршы ачыктан-ачык кыянаттык экенин билет. Билгендиктен жолугушуунун убагын узартуу аркылуу мусулмандардын ачуусун басууга аракет кылууда… Түркиянын Асад режими менен мамилелерди нормалдаштыруу кадамы – Сирияда мурун таштаган кадамдарынын кезектегиси жана Америка белгилеп берген саясий чечимдин бир бөлүгү. Туура, түрк режими сириялык качкындарга керектүү гуманитардык жардамдарды көрсөттү. Бирок, бул режим козголоң башталгандан бери канкор режимди коргоого урунуп келди, негизи, бул Американын Түркия режимине тапшырган рол».
Билдирүүдө ушул суроолор берилди: «Фурат калканы операциясын өткөрүү менен Халабдын жеңилишине алып келген тарап ушул Эрдаган режими эмеспи?! Идлибди күзөтүү пункттары менен курчоо аркылуу козголоңчуларды коргойбуз деп алдаган Эрдаган режими эмеспи?! Биринчи Астана, кийин Сочи конференцияларында мусулмандардын канын дарыя кылып төгүүдө Иран-Россия менен кызматташкан Эрдаган эмес беле?!».
«Биз азат кылынган жерлердин кайра режимдин өкүмдарлыгына кайтарылышына таң калбайбыз. О.э. түрк режими шайлоолор себептүү качкындарды кайра Асаддын чеңгелине кайтарышына таң калбайбыз…
Бирок, таң калычтуусу, бүгүнкү күндөгү батышчыл режимдердин мусулмандарга айла-амал кылып, тил бириктирип жатышканы. Негизи, адамдар алардан жакшылык күтүшкөн эле!».
Билдирүүнүн акырында ушулар баса белгиленди: «Асад режими менен мамилелерди нормалдаштыруу Аллах Тааланын каарынан башка нерсени алып келбейт. Демек, Түркиядагы мусулмандар колунан келгенче бул кыянатка каршы туруп, Асад менен – кандай гана шарт болбосун – сүйлөшүүгө ыраазы болбошу керек».
Роя гезити, №427, 2022-жыл, 25-январь.
Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет 20-январда ант берип, кайрадан…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адам досунун динине ээрчийт Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…
18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…
View Comments
buy generic lasuna - buy cheap lasuna himcolin online order
meloxicam where to buy - purchase toradol online buy generic toradol 10mg
purchase flagyl - cenforce pills buy cenforce 100mg for sale
order aygestin 5 mg without prescription - order bimatoprost purchase yasmin online
order fosamax 70mg pills - buy generic tamoxifen online order medroxyprogesterone generic
order cabergoline 0.5mg generic - buy premarin paypal order alesse online