Роя гезити

Түркиянын Сирия жана Ирактын түндүгүндө өткөргөн аскерий операцияларынан кандай максат көздөлгөн?!

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Түркиянын Сирия жана Ирактын түндүгүндө өткөргөн аскерий операцияларынан кандай максат көздөлгөн?!

2022-жылы 20-ноябрда Түркия Сирия жана Ирактын түндүгүндөгү күрд сепаратист партияларынын объекттерине аба соккуларын бергенден кийин Сирияда жердеги операция өткөрүү менен коркута баштады. Бул жөнүндө президент Эрдаган: «Түркия өлкөнүн түштүк чегараларында 30 километрге созулган коопсуздук зонасын орнотуу жана убагы келгенде жерден чабуул баштоо ниетинде», – деди. Ушул таризде Түркия расмийлеринин билдирүүлөрү айтылып, бул жаатта даярдыктар көрүлгөнү маалымдалды. АКШ коргоо министри Остин менен түрк кесиптеши Акар телефон сүйлөшүүсүн өткөрүштү. АКШнын коргоо министрлиги маалымдашынча: «Коргоо министри Остин түрк кесиптешине Түркиянын Сириядагы жаңы операциясына кескин каршы экенин билдирген. О.э. Остин Сириядагы абалдын кескиндешкенине тынчсызданып, Акарды кескиндикти басаңдатууга чакырган». Ошол эле учурда, Акар «Түркия менен АКШ маанилүү союздаш» экенин баса белгилеп, америкалык кесиптешине «Түркия БУУ мыйзамынын 51-беренесине таянып, өзүн коргоо укугу алкагында түрк элинин жана чегараларынын коопсуздугун кепилдөө максатында терроризмге каршы операцияларды жүргүзүп жатканын» билдирди. («Анадолу», 2022-жылы, 30-ноябрь). Ушул телефон сүйлөшүүдөн кийин Түркиянын коркутуулары басаңдады. Мисалы, Акар «учуру келгенде, түрк күчтөрү ушул күнгө чейин кылып келгендей, мойнуна жүктөлгөн ишти аткарарын» баса белгиледи. («Анадолу», 2022-жыл, 2-декабрь).

Түркия ал мусулмандарга каршы тынымсыз согушкан жана Ирак, Афганистан, Сирия, Сомалиде өтө көп мусулмандарды кыргын кылып, миллиондогонун качкынка айлантып, үй-жайларын ойрон кылган, Фалестинде яхудий вужудун чексиз колдоп-кубаттап жаткан Американын союздашы экенин баса белгилеп жатат. Ал Сирияда Американын макулдугусуз эч кандай аскерий операция өткөрбөйт. АКШ коргоо министринин жогорудагы билдирүүсү Түркиянын тышкы саясатына түздөн-түз аралашуу болуп эсептелет. Ал «Түркия Американын кызыкчылыктарына тескери келген же ал макул болбогон бир да тышкы иш-аракет кылууга акысы жок» деп айтууда. Бул жагдай Түркия Америка айланасында айланган мамлекет экенин дагы бир ирет тастыктайт.

Түркия тышкы иштер министри Чавушоглу мындай деди: «Биз региондо террорчулардан тазаламайынча операцияларды улантышыбыз керек… Биз Сирия режими менен разведка деңгээлинде байланыштабыз. Себеби, күрд террорчу уюмунун максаты өлкөнү бөлүп жаруу жана бул Сирияга да таасир кылат». («Анадолу», 2022-жыл, 2-декабрь). Эрдаган террордук коркунучтарды токтотууну жана күрд сепаратист уюмдарынын Сирияны бөлүшүнө жана Түркияга коркунуч туудурган күрд мамлекетин курууларына жол бербөөнү шылтоолоп тогут Башар Асад менен жолугушмакчы! Эрдаган Асад менен жолугушмакчы экенин бир нече ирет айткан.

Россия бул жолугушууну өткөрүүгө аракет кылып жатат. Анын Сириядагы элчиси Александр Лаврентьев: «Россия Башар Асад менен Эрдагандын жолугушуусун уюштуруп жатат», – деди. («Новости», 2022-жыл, 2-декабрь). «Түркия президентинин маалымат катчысы Ибрахим Калин эки президенттин жолугушуусун камтыган разведка сүйлөшүүлөрү уланып жатканын, дагы эле убагы белгиленбегенин маалымдады. Аты ачыкталбаган түрк расмийи жакын кезде эки президент ортосунда жолугушуу болушу күтүлүп жатканын тастыктады». («Рейтер», 2022-жыл, 2-декабрь).

Түркия күрд кыймылы көзөмөлдөгөн аймактарды Сирия режими көзөмөлдөшүн камсыздоодо. Түркия ушул аркылуу күрд кыймылынын анын аймагына коркунучун алыстатууга, Күрдстан Жумушчулар партиясынын (PKK) элементтери Сириядан өтүшүн алдын алууга урунуп жатат. Түркия PKK элементтерине каршы Ирактын түндүгүндө күрөш алып барууда жана Сирияда күрд мамлекети тикеленишинин коркунучун алдын алуудан максат – бул «инфекциянын» Түркияга жайылышына жол бербөө. Ушул себептен улам, Түркия күрд элементтернин чабуулдарынан өзүн коргоо үчүн аларды ээлеген аймактарын Асад режимине тапшырууга мажбурлап жатат. Сирия Демократиялык күчтөрүнүн жетекчиси Мазлум Абдий мындай деди: «Сириянын түндүгүн Түркиянын чабуулдарынан коргоо – Сирия армиясынын милдети. Биз Түркия чабуулдарына каршы туруу үчүн Сирия армиясы менен кызматташууну ынтызарлык менен күтүп жатабыз». («North press», 2022-жыл, 26-ноябрь). О.э. Түркия сириялык качкындардын «бейпил» аймактарга кайтышын камсыздамакчы. Бул нерсе Сирия режими ушул аймактарга чабуул кылбашы үчүн аны менен келишүүнү түшүндүрөт. Бул нерселерди ишке ашыруу үчүн Россиянын кепилдиги астында Асад режими менен келишүү зарыл болууда. Бул, Россияга да керек. Себеби, Россия ушул аркылуу өзүн эл аралык майданда таасирдүү оюнчу кылып көрсөтөт.

Эрдагандын бул иштери келе жаткан шайлоодо анын пайдасына упай катары кызмат кылат. О.э. бул нерсе чегаралардын коопсуздугу камсыздалышына, күрд сепаратисттеринин коркунучу алыстатылышына, качкындардын Сирияга кайтышына салым кошот. Себеби, оппозициялык партиялар көбүрөөк добуш алууда качкындар маселесинен пайдаланып жатышат. Т.а. алар шайлоодо жеңип чыгышса сириялыктарды депортация кылууну өз программаларына киргизишкен. Ал эми, Эрдаган ушул аскерий операция менен оппозициялык партиялардын сокку берген болду. Эрдаган өзүн сириялыктардын коргоочусу катары көрсөтүп, Сирияда аларга коопсуз зона орнотуп жатканын айтып адамдарды алдап жатканы көрүнүп жатат. Ал Сирия калкына жана козголоңуна кылган кыянаттарын жашырууга урунууда. Себеби, Эрдаган козголоңчуларды Халабдан чыгарып, кескиндикти токтотуу келишимдерин түзгөн, муну менен аларды өз аймактарынан чыгарып, бул аймактарды режимге тапшырган. О.э. ал козголоңчуларды Идлиб аймагына камап, козголоңчулардын канкор режимге жана Россия базаларына чабуул уюштурушуна тоскоолдук кылуу үчүн 2018 жана 2020-жылдагы Сочи келишимин түзгөн. Негизи, Эрдагандын Сирия калкына жана козголоңуна айла-амал кылып, тузак койгон кыянаттары Россия, Иран жана Асад режиминин козголоңчуларга колдонгон кыргын куралдарынан да жаман болду. Америка ушундай жол менен тогут Башар Асад жетектеген Сирия режимин сактап калуу максатына жетти, анын кулатылышын жана Умматтын Халифалыкты тикелөө долбоору ишке ашышын алдын алды. Акыйкатта болсо, Халифалыкты тикелөө долбоору Сирия калкы менен козголоңчулардын талабы болчу, Ислам Умматынын туйгуларын козгоп, Халифалыктын кайра тикеленишине үмүт ойготкон эле.

Ирактын түндүгүндө апрель айынан бери аба чабуулдарын жасап келе жаткан Түркия жерде аскерий операция өткөрүү менен коркуткан. Бүгүнкү күндө ал аба соккуларын күчөтүп, айрыкча, Стамбулдагы «Истиклал» көчөсүндөгү жардыруу артынан Сириянын түндүгүндө да аба соккуларын баштады.

Эрдагандын Түркиясы Сириянын түндүгүндө аскерий операциядан көздөгөн максаттарын ушул пункттардан көрүүгө болот:

а)   Американын анын малайы болгон Сирия режими менен мамилелерди нормалдаштыруу талабын аткаруу. Бул Эрдагандын Түркиясы үчүн Сириядагы аскерий операцияларынын акыбеттеринен арылып, ал жерден чыгып, Американын саясий чечими аткарылышын жеңилдетишине киришүү болот.

б)   Умматтын Халифалыкты тикелөө долбооруна сокку берүү туурасындагы Америка жана Батыштын талаптарын аткаруу. Бул Сириядагы илманий режимди бекемдөө жана ага мыйзамдуулук берип, кылмыштарын унутуу менен аткарылат.

в)   Канкор Сирия режиминин өкүмдарлыгын бекемдөө. Бул – Даръада болгондой – качкындарды Сирия аймактарына кайтаруу, бул аймактарды келечекте Россиянын кепилдиги менен режимге тапшыруу менен ишке ашат.

г)   Миллиондогон сириялыктарды депортация кылуу менен оппозициянын качкындар маселесинен көп добуш алуу үчүн пайдаланышына сокку берүү.

д)   Сепаратист күрд топторуна катуу сокку берүү. Бул Эрдагандын күчтүүлүгүн жана аларды аябастыгын көрсөтүп, эл менен бирге экендигин бекемдейт.

е)   Сирия режими күрд жамааттары көзөмөлдөгөн аймактарды ээлешине жардам берүү, ушул аркылуу бул жамааттардын коркунучуна жана сепаратисттик кооп-коркунучтарга чекит коюу.

ж)  Эрдаган президенттик шайлоодо жеңишке жетиши үчүн добуш алуу.

Ооба, Эрдаган Сирия калкына жана Фалестин сыяктуу өлкөлөрдөгү ага ишенген мусулмандарга каршы душман менен тил бириктирди, алардын үмүттөрүн жокко чыгарып, алдады, муну менен өзүнүн бардык айыптарын ачыктады… Ал яхудий вужуду менен жарашты жана региондогу кылмышкер режимдер менен тил бириктирди… Мүмкүн, бул нерселер мусулмандардын Халифалыкка даъват кылып жаткан калыс адамдарга нусрат-жардам беришине үндөөр.

 Роя гезити, №420, 2022-жыл, 7-декабрь.

turkistonkg

Recent Posts

Миллиардерлердин жалпы байлыгы үч эсе тез өстү

Миллиардерлердин жалпы байлыгы үч эсе тез өстү Дүйнөдө миллиардерлердин жалпы байлыгы 2023-жылкыга салыштырмалуу үч эсе…

18 hours ago

Бербок колониалдык миссиянын кызматында

Басма сөз баянаты Бербок колониалдык миссиянын кызматында 2025-жылдын 3-январында Германиянын тышкы иштер министри Анналена Бербок…

2 days ago

Дин – жеңилчилик

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Дин - жеңилчилик Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…

3 days ago

Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук 32 % өстү

Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук 32 % өстү Кыргызстанда 2024-жылы 17 316 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталды. Бул…

4 days ago

Газа боюнча келишим: Ким жеңди?

Газа боюнча келишим: Ким жеңди? Баскынчы жөөт өкмөтү Газадагы согушту токтотуп, туткундарды бошотуу тууралуу ХАМАС…

4 days ago

Дин – бул насаат

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Дин – бул насаат Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

4 days ago