Бишкек мэриясы жол акыны 32 сомго чейин кымбаттатууну сунуштады
Бишкек мэриясы коомдук транспорттогу жол акыны кымбаттатууну сунуштады. Мэриянын сунушу боюнча, автобус-троллейбустун жол киреси азыркы 11 сомдун ордуна 15 сомго, маршруттук кичи автобустардыкы азыркы 15 сомдон 21 сомго кымбаттайт. Ал эми, кечки 9дан таңкы 6га чейинки тариф 32 сомго жогорулайт. Мындан тышкары беш багытта экспресс-маршрут (аялдамаларга токтобой айдай турган) ачып, жол киресин 22-32 сом кылуу сунушталууда.
Расмий маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө Бишкекте жүргүнчүлөрдү жеке ишканаларга таандык 1800 кичи автобус 84 каттам боюнча, муниципалдык бийликке таандык 135 троллейбус 11 каттам боюнча жана 85 автобус 8 каттам боюнча ташып жатат. Мындан тышкары Өзбекстандан келген 70 автобусту жеке компания иштетип жатат.
Тилекке каршы, Кыргызстанда ар бир келген өкмөт өлкөнү монополия кылып алган капиталисттердин мүлкүн бөлүштүрүүнүн ордуна калктын жонунан кайыш тилүү жолун карманууда. Тескерисинче, монополисттер үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтип берүүдө. Жол акыны көтөрүү айдоочулардан мурун автопарк ээлеринин кызыкчылыгы болуп эсептелет. Анткени, арендага берген унаалардын баасын кымбаттатуу сыяктуу жолдор менен айдоочулардан анын акчасын алып алышат. Бул автопарктар бийликте жүргөн адамдарга же бийликке таасири тие турган адамдарга таандык.
Өкмөт мындан тышкары, айдоочулар үчүн милдеттүү камсыздандыруу мыйзамын күчүнө киргизип, жана да жол үчүн салык салууну сунуштап жатат. ККМ аркылуу болсо соодагерлердин чөнтөгүн кагып алууда. Блогерлерге, интернет дүкөндөрүнө да салык салынмакчы. Бул аз келгенсип, президент май айынан тарта светтин тарифи кымбаттай турганын билдирди. Булардын баары ансыз да каржалып турган калктын жакырчылыгын дагы да күчөтүшү талашсыз.
Дүйнөлүк банктын отчётуна ылайык 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда жакырчылыктын деңгээли 25,5 пайызга өскөн. Отчётто баса белгиленгендей, азык-түлүк бааларынын жогорулугу жана жумуш менен камсыздоонун кепилдиги жок болгондугу эң негизги проблема бойдон калууда.
Булардан белгилүү болгондой, өкмөт айрым тармактарда айлык акыны популисттик менен көтөрүп алган. Түпкүлүгүндө, карыз менен бюджетти толтуруу жана өндүрүштү жолго койбой туруп айлык акыны көтөрүү өлкөдөгү инфляцияны дагы да күчөтүүдө. Башкача айтканда, баалар менен кызмат акылар эселеп өсүүдө. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, тогуз айда күнүмдүк азык-түлүктүн баасы менен тарифтер былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу орточо 14,7% өскөн.
Үстүбүзгө капитализм колдонулганы себептүү бүт дүйнө эли, анын ичинде Кыргызстан калкы да мына ушундай зулумдар чеңгелинде жашап жатышат. Жана адамдардын көпчүлүгү бул капитализмди түп-тамырынан оодарып таштап, анын ордуна адилеттик орното турган Исламды жакшы түшүнө албай жатышат. Ал Ислам байлык бир ууч капиталист-монополисттердин колуна топтолуп калышына да, карапайым калктын түрдүү салыктарды төлөп калышына да уруксат бербейт. Тескерисинче, байлыкты байлардан алып муктаждарга бөлүштүрүү менен, коомдогу бакубат жашоону, тең салмактуулукту ордуна коёт! Бул тең салмактуулукту зекет жана үшүр о.э. мурас өкүмдөрү сыяктуу өкүмдөр толук камсыздап берет. Анткени, ал мыйзамдар алсыз адамдын акылынан чыккан эмес, балким, алар күч-кудурет ээси болгон Аллах Тааланын пенделери үчүн берген мыйзамдары!
Мумтаз Маверанахрий
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…
Басма сөз баянаты Таң караңгылыкты жарып Суданда Англия-Америка колонизаторлук күрөшү болуп жатканын ачыктады Британия тарабынан…