Шавкат Мирзиёев мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келди
Кабар: 26-январь күнү Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келди.
Кабарда келишинче, өлкө лидерлери мамлекеттик сапардын алкагында тар жана кеңири курамда эки тарапты кызыктырган маселелердин кенен топтомун жана эки тараптуу кызматташууну мындан ары тереңдетүүнүн келечегин талкуулашат.
О.э. бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлат.
Комментарий: Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапарынын алкагында Бишкек шаарында Кыргызстан-Өзбекстан бизнес форуму болуп өттү. Ошол иш-чаранын алкагында эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Форумда айтылышынча, 2016-жылдан бери Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы товар алмашуу 7 эсе өскөн. Айрыкча, 2022-жылы бул көрсөткүч 543 миллион доллардан ашкан болсо, өз ара товар алмашуу 2021-жылга салыштырмалуу 21 пайызга өскөн.
Жакынкы жылдарда эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты мындан ары да күчөтүүгө мүмкүнчүлүк бар экендиги айтылды. Айрыкча, эки өлкөнүн тышкы соода алакасы талданганда Өзбекстан тарап башка мамлекеттерден импорт кылып жаткан 500 миллион доллардык товарды Кыргызстандан алышы мүмкүндүгү о.э. Кыргызстан тарап импорт кылган 800 миллион доллардык товарлар Өзбекстанда бар болгондуктан, товар алмашууну мындан да жакшыртуу мүмкүнчүлүгү бар экендиги белгиленди. Өзбекстан менен Кыргызстан ортосунда айыл жана мал чарба, күнөскана технологиясы, текстиль, гидроэнергетика, көмүр, жол-транспорт, туризм жана башка бир катар тармактардагы кызматташтыкты өнүктүрүү максат кылынган.
О.э. жол-транспорт тармагындагы кызматташтыктын келечеги тууралуу сөз болду. Учурда “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу боюнча кызматташтык жүрүп жатат. Мындан тышкары, Андижан-Ош-Кашкар траспорт жолунун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча долбоорлор пландаштырылган. О.э. форумдун алкагында гидроэнергетика тармагындагы кызматташтыкка көңүл бурулду. Кабарда келишинче, учурда “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушу долбоор баскычында болуп, финансылык мүмкүнчүлүктөр талкууланууда. Мындан тышкары, гидроэнергетика тармагындагы башка долбоорлордун келечеги да каралууда.
Албетте, эки боордош калктын ортосунда кызматташтык өнүгүп, түрдүү долбоорлордо өнөктөш болгону жакшы. А бирок, бул нерсе башка ири мамлекеттердин таасиринен сыртта болушу керек. Антпесе, бул кызматташтык убактылуу болуп, жетекчи мамлекеттердин кызыкчылыгына карай өзгөрүп турат. Кыргызстан менен Өзбекстан темир жол тармагында кызматташууга умтулуп жатканы менен, бул долбоордун негизги инвестору Кытай болуп, темир жол бул эки өлкөдөн да көбүрөөк Кытайдын кызыкчылыктарына кызмат кылат. О.э. Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстан “Камбар-Ата-1” ГЭСин биргеликте курууга келишип алышты. А бирок, алар ишин баштабай жатып Россия да бул долбоорго катышуу каалоосун билдирди. Эгер Россия ГЭСтин курулушуна кошула турган болсо – көбүрөөк ыктымал менен Россия бул долбоор ансыз ишке ашырылына жол бербейт – ГЭСтин көзөмөлү Россиянын колуна өтүп кетет. Натыйжада, темир жол да, ГЭС да мамлекет менен жана элдин кызыкчылыгына кызмат кылбастан, ири мамлекеттердин басым өткөрүү куралына айланып калат.
Абдурахман Адилов
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…
Басма сөз баянаты Таң караңгылыкты жарып Суданда Англия-Америка колонизаторлук күрөшү болуп жатканын ачыктады Британия тарабынан…