Роя гезити

Ал-Ваъй тобу студенттер менен Катардагы чемпионатты талкуулоодо

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Ал-Ваъй тобу студенттер менен Катардагы чемпионатты талкуулоодо

Ал-Ваъй тобу Бир Зид университетинде жана Халилдеги Политехника университетинде студенттерге «Уммат футбол боюнча Дүйнө кубогу менен жеңишке жетеби?!» деп аталган баракча таратты. Бул иш-чара 2022-жылдагы футбол боюнча Дүйнөлүк чемпионатка байланыштуу уюштурулду.

Ал-Ваъй тобу баракчада ушул суроону ортого салды: «Массалык маалымат каражаттары бул окуяны кудум Ислам Умматы жеңишке жетишкендей көрсөтүп жатат. Акыйкатта болсо, Ислам Умматы үрөй учурган экономикалык, саясий, гуманитардык кризисти башынан өткөрүп жаткан болсо, жерлери басып алынып, кыргын кылынып, качкын болуп, Акса мечити тебеленип жаткан болсо, Уммат Дүйнө кубогу менен нусратка жетиши мүмкүнбү?!».

О.э. Ал-Ваъй тобу футбол бүгүнкү күндө физикалык спорт болуп гана калбастан, адамдарды эң чоң маселени унуттурууда күчтүү куралга айланганын баса белгиледи. О.э. саясат менен алектенүү, маъруфка буйруу жана мункардан кайтаруу о.э. өкүмдар жана режимдерди тергеп-тескөө вазыйпасынан мусулмандарды алыстатуу көздөлгөнүн баса белгиледи.

Ал-Ваъй тобу чемпионат каражатты, убакытты жана мээнетти текке кетирип, жаштарды маанисиз, олуттуу эмес нерселер менен алек кылып, алардын исламий өздүгүн бузуудан жана жок кылуудан, ушул аркылуу абалды өзгөртүү аракетинен чалгытуудан башка нерсе эместигин баян кылды.

Баракча «Жетишет! Оо, Уммат жаштары, тандагыла, кайсыл өздүктү каалайсыңар, кайсыл жеңишке умтуласыңар?!» деген суроо менен бүткөн. Ушуну өзгөчө баса белгилөө зарыл, студенттер баракчадагы пикирлерди жакшы кабыл алышты.

 

Роя гезити, №419, 2022-жыл, 30-ноябрь.

turkistonkg

Recent Posts

Кыргызстанда бай-кедей ажырымы үч жылда эки эсе өстү

Кыргызстанда бай-кедей ажырымы үч жылда эки эсе өстү Кыргызстанда үч жыл мурун калктын эң бай…

1 day ago

Газа жалгыз калдыбы?!

Басма сөз баянаты Газа жалгыз калдыбы?! Кыргын, ойрондулук жана курчоо Газада кадыресе көрүнүшкө айланып калды.…

2 days ago

Шам тогутунун камактарында ачыкталган үрөй учурган көрүнүштөр Уммат перзенттеринин жүрөгүндө өкүмдарларды жок кыла турган жалынды алоолонтушу керек

Басма сөз баянаты Шам тогутунун камактарында ачыкталган үрөй учурган көрүнүштөр Уммат перзенттеринин жүрөгүндө өкүмдарларды жок…

2 days ago

Электрондук соода

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Суроо-жооп Электрондук соода Ассаламу алайкум уа рахматуллоохи уа баркатуху. Аллахым өмүрүңүзгө береке…

2 days ago

Бардык мусулмандарга, өзгөчө Шам калкына кайрылуу!!!

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Бардык мусулмандарга, өзгөчө Шам калкына кайрылуу!!!  Аллахка мактоолор, Расулуллахка жана Ал…

2 days ago

Жаңы жылды майрамдоо – харам

Жаңы жылды майрамдоо – харам! Мусулмандардын коргоочусу, шариятты колдонуучу Ислам мамлекети жок болгон бүгүнкү учурда Ислам…

3 days ago