Жаңылыктар

Эй Бурхан, шайтандын шакирттери менен келишим түзүлүшү керекпи же Рахмандын Халифалыгы мененби?!

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Эй Бурхан, шайтандын шакирттери менен келишим түзүлүшү керекпи же Рахмандын Халифалыгы мененби?!

 

Устаз Абдулхалик Абдун Али

Хизб-ут-Тахрирдин Судан

вилаятындагы маалымат бөлүмүнүн мүчөсү

Судан Суверендүү кеңешинин жетекчиси генерал-лейтенант Абдулфаттах Бурхан «Азаттык жана Өзгөрүү» күчтөрү менен келиш түзүшү үчүн Америка тарабынан катуу жана кооптуу басымдарга учурап жатканын ашкере кылды. Муну Хартумдагы жергиликтүү жана саясий секторлор менен жолугушканда айтты. Ал келишимдин линиясы боюнча жүрүүдөн башка ыктыяры жок экендигин баса белгиледи.

Бурхандын «Азаттык жана Өзгөрүү» күчтөрү менен келишимдин линиясы бойлоп жүрүүгө жана ага ыраазы болууга мажбур болуп жаткандыгы илманий түзүмдү ыйыкташтыруудан башка нерсе эмес. Бул келишим сунушталган конституцияга негизделип, колонизатор кафир Батыштын планына кызмат кылат, өлкө калкынын жакшы жашоо талаптарына таптакыр кызмат кылбайт. Мындан да жаманы – Суданды бөлүнүп ыдыроо коркунучуна дуушар кылып, колонизатор өлкө байлыктарын талап-тоношуна жол ачып, Умматтын ойгонушун алдын алуу оңой болушу үчүн өлкөнү дагы да алсыратат. О.э. бул келишим хавакирлик башкарууну о.э. Судандын уруучулук, текчилдик жана регионализм негизинде бөлүнүшүн, эркиндиктер идеясын мыйзамдаштырат. Акыйкатта болсо, Батыштын өзүн да ойрон кылган жана айбандыктан да төмөн даражага түшүргөн нерсе мына ушул эркиндиктер. Бул келишим Өткөөл өкмөт колонизатор Батыштын элчилеринен жана өлкө ичиндеги анын малайларынан кабыл алган шайтаний идея.

Эркиндиктер идеясы акыл жагынан да, шарият жагынан да батыл болгонунан тышкары, капиталисттик коомдордун өзүнө да бузукулук, ойрондулук жана кырсыктарды алып келди. Судан конституциясына саясий тартипке салуу үчүн документ катары киргизилген ушул эркиндиктер Батышты жеке эркиндиктерден келип чыккан моралдык кыйроо менен ойрон кылды жана СПИД сыяктуу кыйратуучу ооруларды келтирип чыгарды. Мүлк эркиндигине келсек, анын алып келген нерсеси капиталисттик ири компаниялар, банктар, арийне, капиталисттер байлыктарыбыз үстүнөн өкүмдар кылышы болду. Капиталисттик Батыш пикирлеринин бузгунчулугуна мисал – биз күбө болуп жаткан ушул абал. Бул илдет пикирлер Батыш мамлекеттерине, өзгөчө АКШга тынымсыз экономикалык кризистерди алып келди.

Батыш тынымсыз ырдап жаткан демократияга назар салсак, демократия Батыш мамлекеттериндеги ири капиталисттер башкарууну өз көзөмөлүнө алууларына кызмат кылып жатканын, калкты болсо бийлик жана байлыктардан бүтүндөй куру калтырып жатканына күбө болуп жатабыз. Буга далил – демократиялык экендигин айткан ар кандай мамлекетте, айрыкча, Америкада капиталисттик партиялар бийликке добуштарды сатып алуу жолу менен келишет, Ак үйгө жана мамлекеттин башка маанилүү борборлоруна ушул партиялар гана чыгат. Бул болсо, бардык калкы мусулман болгон коомдо мыйзам чыгаруу укугун адамга берген бузгунчулукка кошумча дагы бир бузгунчулук!

Эй Бурхан! Алда качан Аллах жана Расулу ыраазы болгон позицияны кармануунун убагы келди. Демек, Аллахтын душмандарына ийилбе жана батылда аларга жардамчы болбо. Антпесе, ушундай ыплас саткындык фитнаны аткаруу менен адамдарды кыйроого алып барасың. Алардын буйруктарын кабыл алба. Антпесе, колонизатор Батыштын пландарын аткаруу менен өзүңө да, бүткүл Умматка да зулум кыласың. Себеби, бул пландар Аллахтын, Расулунун жана бардык адамдардын наалатынан башка нерсе алып келбейт. Аиша розияллаху анха риваят кылат. Расулуллах ﷺ айтты:

«مَنْ الْتَمَسَ رِضَا اللَّهِ بِسَخَطِ النَّاسِ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُ وَأَرْضَى عَنْهُ النَّاسَ، وَمَنِ الْتَمَسَ رِضَا النَّاسِ بِسَخَطِ اللَّهِ سَخِطَ اللَّهُ عَلَيْهِ وَأَسْخَطَ عَلَيْهِ النَّاسَ»

«Ким адамдардын ачуусун келтирүү менен Аллахтын ыраазылыгын издесе, Аллах ага ыраазы болот, адамдарды да андан ыраазы кылат. Кимде-ким Аллахтын ачуусун келтирүү менен адамдардын ыраазылыгын издесе, Аллах ага ачууланат жана адамдарды да ага ачуусун келтирет».

Аллахтын мээримдүүлүгүнүн дагы бири: Ал бизге кафирдин психологиясын ачык көрсөтүп берди:

﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا لَا تَتَّخِذُوا بِطَانَةً مِنْ دُونِكُمْ لَا يَأْلُونَكُمْ خَبَالاً وَدُّوا مَا عَنِتُّمْ قَدْ بَدَتِ الْبَغْضَاءُ مِنْ أَفْوَاهِهِمْ وَمَا تُخْفِي صُدُورُهُمْ أَكْبَرُ قَدْ بَيَّنَّا لَكُمُ الْآيَاتِ إِنْ كُنْتُمْ تَعْقِلُونَ * هَا أَنْتُمْ أُولَاءِ تُحِبُّونَهُمْ وَلَا يُحِبُّونَكُمْ وَتُؤْمِنُونَ بِالْكِتَابِ كُلِّهِ وَإِذَا لَقُوكُمْ قَالُوا آمَنَّا وَإِذَا خَلَوْا عَضُّوا عَلَيْكُمُ الْأَنَامِلَ مِنَ الْغَيْظِ قُلْ مُوتُوا بِغَيْظِكُمْ إِنَّ اللَّهَ عَلِيمٌ بِذَاتِ الصُّدُورِ * إِنْ تَمْسَسْكُمْ حَسَنَةٌ تَسُؤْهُمْ وَإِنْ تُصِبْكُمْ سَيِّئَةٌ يَفْرَحُوا بِهَا وَإِنْ تَصْبِرُوا وَتَتَّقُوا لَا يَضُرُّكُمْ كَيْدُهُمْ شَيْئاً إِنَّ اللَّهَ بِمَا يَعْمَلُونَ مُحِيطٌ

«Эй момундар, өзүңөрдү коюп, (мунафыктарды) сырдаш-дос тутпагыла! Алар силерге зыян жеткирүүдө күчтөрүн аябайт жана жаман абалга түшүүңөрдү арзуу кылышат. Алардын силерди жаман көрүүсү ооздорунан ашкере болду. Жүрөктөрүндөгү душмандыктары болсо андан да чоңураак. Эгер, акыл жүргүзсөңөр силер үчүн аят-аламаттарды ачык-айкын кылып бердик. Эй (момундар) силер аларды жакшы көрөсүңөр, алар силерди жактырышпайт. Силер бардык китептерге ыйман келтиресиңер го (алар силердин Китебиңерге ыйман келтиришпейт). Силерге жолуккандарында: «Ыйман келтирдик», – дешет. Өздөрүнчө калышканда болсо силерди катуу жаман көргөндүктөрү себептүү бармактарын тиштешет. (Эй Мухаммад аларга): «Ушул душмандыгыңар менен өлүп кеткиле!» – деп айткын! Албетте, Аллах дилдерди ээлеген сырларды билүүчү! Эгер, силерге кандайдыр бир жакшылык жетсе, бул нерсе аларды капа кылат. Эгер, сабыр кылсаңар жана Аллахтан корксоңор алардын айла-амалдары силерге эч кандай зыян жеткире албайт, албетте, Аллах алардын кылып жаткан амалдарын камтуучу»                                                                                                              [3:118-120]

﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا إِن تُطِيعُوا الَّذِينَ كَفَرُوا يَرُدُّوكُمْ عَلَى أَعْقَابِكُمْ فَتَنقَلِبُوا خَاسِرِينَ * بَلِ اللَّهُ مَوْلَاكُمْ وَهُوَ خَيْرُ النَّاصِرِينَ

«Эй момундар, эгер кафирлерге итаат кылсаңар силерди артыңарга (куфрга) кайтарышат, анан, зыян көрүүчүлөргө айланып каласыңар. Жок, (алар силердин досуңар эмес, балким) Аллах кожоңор. Жана Ал эң жакшы нусрат-жардам берүүчү»                                        [3:149-150]

Кафирлерге, өзгөчө куфр жана тогуттун башы Америкага моюн сунуунун акыбети анык зыян. Мында пайда да, киреше да жок, тескерисинче, куфр баткагына бүтүндөй батуу болот. Мусулман адам куфр жана кафирлерге каршы жихад кылуу жолунан жүрүп, батыл жана анын калкына каршы күрөшөт жана артына карап кетпейт. Анткени, куфр, карамүртөздүк, адашуу, батыл жана тогутка каршы күрөшпөгөн адам албетте кордукка учурайт. Кимдин акыйдасы жана ыйманы кафирлерге моюн сунуудан сактабаса жана кафирлерге кулак салып, ишенип жаткан болсо, ал өтө чоң зыян көрүшү анык.

Эй Бурхан! Американы дос туткан, аны менен достошуп, мамиле кылган жана ага ачык малайлык кылган Кабулдун кулаганынан үлгү албадыңбы?! Американын достук жана шериктештик деген сөздөрдүн мааниси жок. Себеби, ал прагматикалык жана илманий ой жүгүрткөн мамлекет. Американын инструменталисттик идеологиясы жогорку идеалдарга негизделбеген. Демек, Америкага моюн сунуп, буйруктарын кулак салып аткаруунун акыбети эмне болгонун, кандай бүткөнүн сенден мурунку өкүмдарлардан сура! Вакиълик эң күчтүү далил. Акыры, Америка алардан каалаганын кылып пайдаланып алган соң, кыйроо жарына таштады го?!… Кээ бирөөлөрү өкүнүчтөн өлдү, кээ бирөөлөрү камакта бушаймандык бармагын тиштеп өлүмдү күтүп жатышат. Демек, алар чактырган жайдан сен да чактырба. Мурунку президент Умар Башир да, андан мурун Хусни Мубарак да «Ким Американы кийим кылып алган болсо, жылаңач калат» деген сөздөрдү айтышты.

Эй Бурхан! Америка ыплас иштерин жана пландарын сенин колуң менен ишке ашырып, жүзүңдү кара кылды, эми аны актоонун убагы келбедиби?! Бийликти өз ээсине т.а. Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкты тикелөөгө аракет кылып жаткандарга тапшырбайсыңбы?! Улуу Ислам негизине курулган дастур мына ошолордун колунда, бул дүйнө жана Ахырет бакыты ушул Халифалыкта, мурунку даражабызга ушул Халифалык менен көтөрүлөбүз! Негизи, мунун ишке ашышы Аллахка жеңил.

 

Роя гезити, №417, 2022-жыл, 16-ноябрь.

turkistonkg

Recent Posts

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…

16 hours ago

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

2 days ago

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…

2 days ago

Амирлик (экинчи бөлүк)

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…

3 days ago

Асыл хадис менен

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…

3 days ago

Таң караңгылыкты жарып Суданда Англия-Америка колонизаторлук күрөшү болуп жатканын ачыктады

Басма сөз баянаты Таң караңгылыкты жарып Суданда Англия-Америка колонизаторлук күрөшү болуп жатканын ачыктады Британия тарабынан…

3 days ago