Бишкектеги имараттар Россиянын чек ара кызматына 49 жылга ижарага берилет
Кабар: Жогроку Кеңештин бюджет, экономика жана фискалдык саясат боюнча комитети Бишкектеги эки имаратты эки тараптуу келишимдин негизинде Россиянын чек ара ызматына 49 жылга ижарага берүүнү жактырды. Бул тууралуу мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун башчысы Мирлан Бакиров билдирди.
“Кыргызстан менен Россиянын ортосунда 2000-жылда түзүлгөн келишимге ылайык, кыргыз тарап чек ара кызматкерлерин жашоочу жана кызмат өтөөчү имарат менен камсыз кылуу милдетин алган. Ал үчүн Новопокровкадан имараттар сунушталган, бирок орус тарап Бишкек шаарындагы имаратты жеке тараптардан ижарага алып келген. Орус тарап ал имараттарды сатып алуу сунушу менен чыкты. Имаратты, кыймылсыз мүлктү сатып алуу боюнча мыйзамдык тоскоолдуктар жок. Имаратка чектеш жайгашкан жер тилкесин Кыргызстан 49 жылга ижарага берет”, – деди Бакиров.
Россияга бериле турган имараттын жалпы аянты 2 миң чарчы метрден ашуун. Ал Бишкектин Жибек Жолу жана Күрөңкеев көчөлөрүндө жайгашкан. Россия бул имаратты сатып алса, ал бул өлкөнүн менчигине өтөт. Кыргызстанда Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын ыкчам чек ара тобунун өкүлчүлүгү иштейт.
Комментарий: Быйыл 26-июлга караган түнү Ош шаарында РФ коопсуздук кызматынын үч кызматкери жол кырсыгынан каза болгон. Россиянын Оштогу консулдугу “MediaHub” журналисттик иликтөө борборуна каза болгон үч киши Россиянын жараны экендигин жана Федералдык коопсуздук кызматынын алдындагы чек ара кызматынын кызматкерлери экендигин тастыктаган. Кабарда айтылышынча, Hyundai SantaFe унаасын башкарып бара жаткан Россиянын жараны саатына 150 км ылдамдыкта бара жатып, унааны башкара албай калган жана реклама баннеринин түркүгүнө барып урунган. Натыйжада айдоочу жана эки жүргүнчү ошол жерде каза болгон. Ош шаарында РФ коопсуздук кызматынын оперативдик тобу кызмат кылат. Кызык жери, Россия менен эч кандай чек арасы болбогон Кыргызстандын эки ири шаарында Россиянын чек арачылары, аныгыраагы, ФСБ кызмат кылышы о.э. анын кызматкерлери дипломатиялык кол тийбестик макамына ээ экендиги “эгемендүү” мамлекет башчыларын ойлондурбайт. Мындан тышкары, Кыргызстанда Россиянын төрт аскерий объекти – Кант авиабазасы, Ысык-Көлдөгү сыноо базасы, сейсмостанция жана РФ аскер деңиз флотунун байланыш тармагы да бар. Кыргыз өкмөтү алардын ишмердүүлүгүнө кирише албайт.
Бүгүнкү күндө элчикана, консулдук, аскерий аза жана илимий лабораториялар тыңчылар уясына айланып бүткөн. Дипломатиялык кол тийбестик аларга өлкөдө ээн-эркин аракеттенүүнү, мамлекеттин мыйзамдарын тебелөөнү, кылган кылмыштары үчүн жоопкерчиликтен кутулууну кепилдейт. Ошол себептен да алар оюна келген ишти кылышы, мамлекеттеги карапайым жарандар батына албаган иштерди кылышы мүмкүн. Эгер ушул элчикана, консулдук же аскерий база кызматкерлери бирер колонизатор мамлекетке тийиштүү болсо, мамлекетте аларды тыйып коё турган бирер адам же чиновник табылбайт.
2017-жылдын февралында россиялык дипломат катышкан жол кырсыгында кыргызстандык Евгений Лексин каза болгон. Россиянын диполматиялык номериндеги “Тойота Ленд Крузер” светофордун кызыл чырагынан өтүп кетип, Лексин башкарып бара жаткан машинаны барып сүзгөн. Кырсыкка себепкер болгон унааны Россия элчиканасынын кызматкери Виктор Пухов башкарып бара жаткан. Расмий маалыматтарда анын Россия элчиканасында биринчи катчы экендиги көрсөтүлгөнү менен, негизи Пухов Россия Федералдык коопсуздук кызматынын полковниги болгон. Пухов жол кырсыгынан бир нече күндөн Кыргызстандан эч кандай тоскоолдуксуз ээн-эркин чыгып кеткен.
2018-жылы 27-августка караган түнү россиялык аскер кызматкери өзүнүн “Хундай Туксон” унаасында Чүй облусунун Лебединовка айылында жөө жүргүнчүлөр өтө турган жерден өтүп бара жаткан 43 жаштагы аял менен үч жаштагы баласын сүзүп кеткен. Ал бала оор абалда ооруканага жаткырылып, энеси болсо ооруканага жетпей каза болгон. Аскер кызматкери дипломатиялык кол тийбестик себептүү камакка алынбады жана жоопкерчиликтен кутулуп кетти.
2021-жылы сентябрь айында Россиянын Канттагы базасынын аскер кызматкери Кыргызстандын жаранын машинасында сүзүп кетти. Бул иш менен Россиянын аскердик прокуратурасы алектенери кабарланды, а бирок ага карата кандай жаза колдонулганы белгисиз бойдон калды.
2006-жылы декабрь айында Американын аскер кызматкери “Манас” аэропортундагы АКШнын авиабазасында күйүүчү май ташыган кыргызстандык айдоочуну атып өлтүрдү. Ал иш боюнча сот Америкада болуп өтүп, анын айыбына далилдер жоктугу себептүү акталып кетти.
2007-жылы Бишкек-Манас унаа жолунда “Ганси” авиабазасындагы америкалык аскер жөө адамды сүзүп кетип, ал жаран окуя болгон жерде каза болду.
2019-жылдын июнь айында АКШнын Кыргызстандагы элчиканасынын кызматкери Марш Кристин Энн айым “Lexus RX350” унаасында Кыргызстандын жаранын сүзүп алып, окуя болгон жерден качып кеткен. Ал да дипломатиялык кол тийбестик шылтоосу менен жоопкерчиликке тартылбады.
2019-жылдын август айында болсо АКШ элчиканасынын коопсуздугун камсыздашы керек болгон деңиз пехотасынын аскерлери барда жергиликтүү жаштар менен мушташып кетишти. Табигый түрдө, алар да жоопкерчиликтен кутулуп кетишти.
Шаръий жактан, исламий өлкөлөрдө чет элдик атайын кызматтардын тыңчылык жана террочулук кылышына, кол тийбестикти бузуп, саткынчарды сатып алуу менен алектене турган “ийин”дерди курушуна жол берилбеши керек. Колонизатор мамлекеттер басып, эээлеп алган жерлерин эч качан өз ыктыяры менен таштап чыгып кетишпейт. О.э. кыргыз бийлиги имаратка чектеш жерди 49 жылга ижарага берип жатабыз деп айтканы менен, орус баскынчылары бул жерди белгиленген убакта өз ыктыяры менен таштап чыгып кетишпейт. Аларды өзүнөн кубаттуу болгон башка бир күч гана мажбурлап чыгара алат. Аллахтын изни менен жакынкы күндөрдө кайрадан тикелене турган Ислам мамлекети иш жүзүндө согуш абалында болгон колонизатор мамлекеттердин элчиканаларды ачышына о.э. өлкөдө бирер мамлекеттин аскерий базасы болушуна, колонизатор мамлекеттин аскерлери мамлекетте ээн-эркин сайрандап жүрүшүнө эч качан жол бербейт.
Абдурахман Адилов