Жаңылыктар

Бальфур декларациясын тарыхий жаңылыштык деп эсептеген Штайе бул декларациянын аткарылышын талап кылуу менен карама-каршы билдирүү берүүдө!

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Бальфур декларациясын тарыхий жаңылыштык деп эсептеген Штайе бул декларациянын аткарылышын талап кылуу менен карама-каршы билдирүү берүүдө!

https://www.arab48.com/ веб-сайты хижрий 1444-жылы 6-робиуссаний, миладий 2022-жылы 13-октябрь күнү жарыялаган кабарда мындай делет: «Фалестин министрлер кеңешинин төрагасы Мухаммад Штайе: «Талабым – эл аралык коомчулук баскынчылык астында кыйналып жаткан элибиз алдындагы өзүнүн саясий, укуктук жана ахлакый жоопкерчилигин аткарсын», – деди.

Ал дүйшөмбү күнү Рамаллахта өткөн өкмөт жыйынынын башында мындай деди: «Элибиз (израилдин) Наблуста, Куддуста, Халилде, Жанин жана Газада өлтүрүү, камоо сыяктуу аёосуз чабуулдарына туш болууда. Район жана айылдарда зайтун терип жаткан кишилерге чабуулдар жасалып, жарандарга коркутуулар болуп жатат, кээ бир айылдарда терилген түшүмдөр тартып алынууда… Эл аралык коомчулук (израилдин) бул кылмыштарын өз көздөрү менен көрүп турат, бирок унчукпай жатат. Шаршемби күнү Бальфур декларациясынын 105 жылдыгы белгиленет. Белгилүү болгондой, Британия ошол каргаша декларация аркылуу өзү ээлик кылбаган нерсени акылуу болгон адамдарга мүлк кылып берген. Бул каргаша декларациянын саясий, материалдык, инсаний, географиялык жана башка акыбеттеринин акыбетин дагы эле биз тартып жатабыз. Мындан улам, Британия мындай тарыхий жаңылыштыгын оңдоосун о.э. борбору Куддус болгон суверендүү Фалестин мамлекетин таанышын, качкындардын кайтуу укугун моюнга алышын талап кылабыз».

Роя:

Хизб-ут-Тахрир–мубарек Фалестиндеги маалымат бөлүмүнүн мүчөсү доктор Мусъаб Абу Аркуб бул кабарга түшүндүрмө берип, Хизб-ут-Тахрир Борбордук маалымат бөлүмүнүн радиосу үчүн мындай деди: «Бир тараптан, Фалестин министрлер кеңешинин төрагасы Британиядан «тарыхий жаңылыштыгын» оңдоону талап кылып жаткан болсо, башка тараптан, Фалестинде «эки мамлекет» чечимин ишке ашырууну талап кылуу менен жогорудагы талабына бүтүндөй тескери билдирүү берип жатат. Акыйкатта болсо, «эки мамлекет» чечими мубарек жердин чоң бөлүгүн яхудий вужудуна берүүнү назарга алат. Бул кичине Фалестин мамлекетчесинин милдети – яхудийлердин коопсуздугун коргоо, Фалестин калкын сакафий-маданий жактан «тарбиялап», эл аралык келишимдер аркылуу аларды Исламдан бөлүү о.э. оор салыктар менен алдан тайдырып, ушул аркылуу аларды көчүрүү жана санын азайтуу».

Доктор Абу Аркуб ушуларды кошумчалады: «Иш-чараларда жана эскерүүлөрдө тез-тез айтылып жаткан мындай карама-каршы билдирүүлөр алдында министрлер кеңешинин төрагасы Штайе Фалестин калкынын жана ушул маселенин ээси болгон Ислам Умматынын пикирлерин урматташы керек. Ал мубарек жердеги мурабиттер жана улуу Ислам Умматы артында турат, бул Уммат кече Хиттин жана Айн Жалутта Фалестинди азат кылган, бул нерсе аны кайра дагы Фалестинди азат кылууга үндөп жатканын билип койсун. Штайе улуу Умматтын тагдырий маселеси жөнүндө сүйлөп жатканда ойлонуп сүйлөсүн. Ал мындай бири-бирине тескери билдирүүлөр берүүдөн мурун алгач ушул суроолорго жооп берсин, негизи, алардын жообун Уммат өтө жакшы билет: Штайе кантип Британиядан «тарыхий жаңылыштыгын» оңдоону күтүп жатат?! Акыры, мусулман Умматка каршы согуштарда яхудий «мамлекетин» алдыңкы линияга койгон ушул Британия болсо, кантип ал Фалестинди азат кылышы жана калкына кайтарып бериши мүмкүн?!

Британия Бальфур декларациясы аркылуу Фалестинди яхудийлерге бергендиктен «тарыхий жаңылыштыгын» оңдошу үчүн андан Фалестинди азат кылуу талап кылынабы?! Же Фалестин режими Осло келишимине ылайык, анын бир бөлүгү менен чектелеби же Британия өз катасын оңдошуна кажет жокпу?!

Куддустун бардык бөлүгү, батышы-чыгышы, Яффа, Хайфа, Талли-Роби, Аскалан, Беър-Сабъ, Накаб, Өлүк деңиз ушул Британиянын «тарыхий жаңылыштыгына» киреби?! Же Фалестин режими 1967-жылдагы аймактардагы мамлекетчени талап кылып, яхудий вужудун тааныгандан кийин бул жаңылыштык эсептелбей калганбы?!

Фалестинди душмандан «каталарын» оңдоону талап кылуу аркылуу азат кылуу мүмкүнбү?! Бул мубарек жер Хиттин жана Айн Жалутта азат кылынгандай, Умматтын армиялары жана тирүү күчтөрү жардамында азат кылынбайбы?! Деги, бул Фалестин администрациясы жана Штайе сыяктуулар Фалестиндин азат кылынышын каалашабы?!

 

Роя гезити, №416, 2022-жыл, 9-ноябр.

turkistonkg

Recent Posts

Кыргызстанда бай-кедей ажырымы үч жылда эки эсе өстү

Кыргызстанда бай-кедей ажырымы үч жылда эки эсе өстү Кыргызстанда үч жыл мурун калктын эң бай…

1 day ago

Газа жалгыз калдыбы?!

Басма сөз баянаты Газа жалгыз калдыбы?! Кыргын, ойрондулук жана курчоо Газада кадыресе көрүнүшкө айланып калды.…

1 day ago

Шам тогутунун камактарында ачыкталган үрөй учурган көрүнүштөр Уммат перзенттеринин жүрөгүндө өкүмдарларды жок кыла турган жалынды алоолонтушу керек

Басма сөз баянаты Шам тогутунун камактарында ачыкталган үрөй учурган көрүнүштөр Уммат перзенттеринин жүрөгүндө өкүмдарларды жок…

1 day ago

Электрондук соода

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Суроо-жооп Электрондук соода Ассаламу алайкум уа рахматуллоохи уа баркатуху. Аллахым өмүрүңүзгө береке…

1 day ago

Бардык мусулмандарга, өзгөчө Шам калкына кайрылуу!!!

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Бардык мусулмандарга, өзгөчө Шам калкына кайрылуу!!!  Аллахка мактоолор, Расулуллахка жана Ал…

1 day ago

Жаңы жылды майрамдоо – харам

Жаңы жылды майрамдоо – харам! Мусулмандардын коргоочусу, шариятты колдонуучу Ислам мамлекети жок болгон бүгүнкү учурда Ислам…

3 days ago